Алжир демонстрациялары жана демократиялык өтүү куру кыялы!

26
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Алжир демонстрациялары жана демократиялык өтүү куру кыялы!

 Устаз Салих Абдуррахим

Алжирде 2019-жылы 22-февралда башталган элдик демонстрациялардын артынан өкүмдар системанын көз караштары негизинде «Жаңы Алжирди» тикелөө деген негизде 2020-жылы 1-ноябрда элдик референдум аркылуу мамлекеттин жаңы конституция долбоорун тезинен иштеп чыгуу зарылдыгы жүзөгө келди. Конституциянын негизги беренелеринин бири «элдик кыймылды тартипке салуу» деген нерсе болду. Бул болсо, элдик кыймылдарды тизгиндөөнү түшүндүрөт! Мамлекеттик мекемелер түзүлгөн соң, учурда адамдарды «т.а. Алжир акыйкатка айланды, өлкөбүз жаңы экономикалык өнүгүү алдында» деген жалганга ишендирүү жараяны болуп жатат… бул таң калычтуу да, күлкүлүү дагы. Себеби, түпкүлүгүндө, коррупциячыл жана ырайымсыз бийлик системасында эч кандай өзгөрүү болбоду. Анткени, Теббун өлкөгө президент болушунан мурдагы батышчыл паракор топ учурда өкүм жүргүзүп жаткандардын дал өзү. Болгону кээ бирөөлөрү иштен куулуп, кээ бирөөлөрү камакка ташталгандан кийин калгандарынын көрүнүшү гана өзгөргөн.

Мына, 2022-жылы 3-май күнү президент Теббун «биригүү демилгесин» жарыя кылып, анын диалогдогу партия жана адамдар сыяктуу катышуучуларын жеке өзү тандады. Мындан көрүнүп тургандай, таасир үчүн күрөшүп жаткан топ ортосундагы бул кезектеги жарашуу «ички фронтторду күчөтүү» зарылдыгына чакырып жаткан токтом ээсинин райы боюнча ишке ашууда… О.э. баарына инвестиция, долбоорлор жана келишимдер деген маска астында, ал эми, өтө усталык менен, жашыруун түрдө өлкө байлыктарын жана ресурстарын бөлүп алууларына мүмкүнчүлүк берет. Учурда Алжирдеги бул европачыл режимдин тынчын бузуп жаткан нерсе ички абал эмес. Балким, региондогу эл аралык күрөш жана чыгыш-батыштагы кошуна өлкөлөрдүн саясий абалы о.э. Алжирдин регион айланасында болуп жаткан окуяларга карата АКШ позициясы көбүрөөк маанилүү болуп турат. Же туурараагы, Американын Ливиядагы, Африка Жээги жана континенттин чыгыш регионундагы адамдары аркылуу жүргүзүп жаткан аскерий аракеттери о.э. түштүк региондогу өзгөрүүлөргө карата Алжир армиясынан кылынып жаткан талаптар баарынан маанилүү. Бирок, Алжир акыркы убакыттарда мурда күзөтүлбөгөн даражада үлкөн экономикалык ойрондулук жана инфляцияны башынан өткөрүүдө.

Ошондуктан, ушул убакытка чейин малайлар Алжирдеги нааразылык демонстрацияларын о.э. бүткүл исламий өлкөлөрдөгү акыркы элдик кыймылдарды тизгиндеп, отун өчүрүп алышкан соң, бүгүн араб козголоңдорунун акыркы натыйжалары жөнүндө сүйлөсөк, алардан алынган маанилүү сабактарды калыс текшерип чыксак туура болот. Айрыкча, Ислам четтетилип, эркиндик жана демократия талаптары, аскерий башкарууга чекит коюу пикири кескин алга сүрүлгөн о.э. жарандык мамлекет ураандары көтөрүлүп чыккан элдик кыймылдар жөнүндө сөз кылышыбыз керек. Мисалы, 2019-жылы февралдагы Алжир аракети, Судандагы акыркы убактарда жүз берген ыңкылап о.э. көпчүлүк адамдар жетекчи жана ийгиликтүү тажрыйба деп айткан Тунис ыңкылабы сыяктуу:

1 – Мусулман өлкөлөрүндөгү демократиялык өзгөрүү бул куру кыял. Мунун себеби жөнөкөй. Т.а. демократия ушул мамлекеттердеги жана башка өлкөлөрдөгү калктардын шахсия-касиеттерине тескери келет. Мындан тышкары, демократия ушундай бир жалган алдоо болуп, ушул өлкөлөрдүн калкы өз шахсияларынан баш тартышса гана – негизи андан эч качан баш тартышпайт – ыплас жемишин берет!

2 – Улуттук мамлекеттин коргоосу астындагы бул демократия уу болуп, анын артында Батыш цивилизациясына азгырылган эки түрдүү илманий элита турат. Бири Умматты жек көрүүчүлөр болсо, экинчиси козголоңдордогу түпкү-бекем максаттарды саткан «сакалдуулар». Алар ал тургай – он жыл, же жыйырма жылдан кийин, же болбосо бул мазлум калктын өмүрүнүн үчтөн бири өткөндөн кийин – бүгүн маарага жетип келишкенде оюндун башкаруучулары колонизатор Батыштын малайлары экени жана бул малайлар аларга айла-амал кылып, ынсап кылышпаганы ачык көрүнүп калганда да улуттук мамлекеттин коргоосу астында дагы урунуп көрүүгө аракет кыла беришет.

3 – Уммат өкүлдөрү арасында Батыштын жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрүнө алдангандар, кала берсе, жалдангандар бар, алар канчалык ийгиликсиздикке учурашпасын, эч качан үмүтсүздүккө түшпөй, миңинчи же эки миңинчи жолкусунда ийгиликке жетишем деп урунушууда!

4 – Уммат шахсиясы маскасын кийүүнүн акыбети жаман, эң кеминде бул дүйнө турмушунда кордук! Себеби, душмандын оюнуна кошулуп, анын оюн эрежеси жана мыйзамы боюнча ойноонун акыбети үмүтсүздүк, жеңилүү жана кордукка алып келет.

Биз бул минбардан туруп баса белгилейбиз, Аллахтын ыраазылыгына о.э. азиздик, улуулук жана нусратка алып баруучу жалгыз альтернатива – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты шаръий талап катары кайра тикелөө. Негизи, жер жүзүнүн бирер регионунда Халифалыкты тикелөө фарздардын фарзы, муну менен бирге, анын тикелениши менен Уммат биригет, душман талкаланат, байлыктар кайтарып алынып, дин бардык диндерден үстөм болот. Демек, Халифалык шарияттын негизги маселеси.

Абал, окуялар агымы жана Алжир сыяктуу өлкөлөрүбүздө Ислам бийлиги жок кылынып, анын ордунда пайда болгон «улуттук мамлекеттин жетишкендиктерине» келсек:

  • Бүгүнкү күндө Уммат башынан өткөрүп жаткан Батыш тарабынан сиңдирилген жат улуттук идея негизинде алсыздык жана бөлүнүүнүн таптакыр узакка созулбай турган табияттан тышкары кокустук абал экендиги эч кимге сыр болбой калды. Бул илдеттер колонизатор кафир Батыш исламий өлкөлөрдүн ар бирине өзүнүн уу маданияты жана көз караштарын жаюуга о.э. түрдүү чыр-чатактарды келтирип чыгарууга батынуу акыбетинде пайда болду. Ошондон кийин бул кафир Батыш өз планын мусулмандарды бириктирип турган мамлекеттерин кулатуу жана аны түрдүү континенттерге жана эч нерсе кыла албай турган алсыз мамлекеттерге бөлүп таштоо аркылуу ишке ашырды… Бул мамлекетчелердин ар биринде адамдарды адаштыруу жана калктарды алдоо менен чет элдикке кызмат кылган кылмышкер сакчылар өкүм жүргүзө турган болду. Баарынын негизги милдети колонизаторлордун каалоосу менен Уммат шахсиясын өчүрүүдөн о.э. мусулман калктардын Ислам көлөкөсүндө азат болушун, өнүгүшүн, кайра биригип кудуретке жетишин алдын алуудан турат.
  • Көрүнүп тургандай, мусулман өлкөлөрүндө өзгөрүү жасоо эң зарыл маселеге айланды, себеби, азыркы бардык улуттук мамлекеттер ойгонуу, өсүү жана өнүгүүнү дээрлик пайда кылбады. Анын үстүнө, бүгүн ар бир континент күбө болуп жатканыбыздай, калктарды баш аламандык жана бактысыздык туңгуюгуна алып келген ушул укуктары аяктап жаткан мамлекетчелер. Буга чейин алар ондогон жылдар адамдардын абалын бардык тармакта бузушту, адашуу жана көз карандылыктын бардык түрүн колдонушту. Эми болсо, жемирилүү жана кыйроого алып баруучу абалды жаратууга катуу аракет кылышууда.
  • Демек, Исламды бийликтен четтеткен бул улутчул алсыз мамлекеттер колонизатор башкаруусунун жаңы көрүнүштөгү улантуучусу экени белгилүү. Ал тургай, ондогон жылдар аралыгында, колонизаторлукка каршы куралдуу козголоңдор жана башка аракеттер доорунда көптөгөн курмандыктар берилген болсо да, булардын баары кээде ал мамлекет, кээде бул мамлекеттин жаңы-жаңы колонизатордук оюну болууда жана анда өтө айлакер жана ыплас ыкма-каражаттар колдонулууда. Ушул аркылуу исламий өлкөлөрдө мусулмандардын өнүгүшүн кечиктирүү, бут-колдорун кишендөө, Батыш цивилизациясын импорт кылып, Уммат шахсиясына бардык даражада сокку берүү иши жүрүп жатат. Жалпысын алганда, булардын баары саясий, экономикалык, маданий жактан жарадар болгон ушул өлкөлөрүбүздө жийиркеничтүү капитализмди өкүмдар кылууга жана ага көз каранды кылууга о.э. Батыштын мусулман өлкөлөрүндөгү гегемондугун узартууга каратылган.
  • Жогорудагылардан белгилүү болгондой, түпкүлүгүндө, улуттук мамлекет колонизатордун колундагы – башка ыкма-каражаттарына кошумча – маанилүү жана активдүү куралы, ушул курал аркылуу Уммат байлыктарын талап-тоноду, калктардын ресурстарын талап-тонойт, алардын козголоңдорун алдын ала тизгиндеп, ийгиликсиз козголоңго айлантат.

Демек, бул акыйкаттардан жана мусибаттардан кийин да улутчулдукка негизделген жарандык мамлекет курууну талап кылышыбыз туура болобу?!

﴿أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللّهِ حُكْماً لِّقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾

«Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыйманы толо болгон коом үчүн Аллахтан да чырайлуу өкүм кылуучу ким бар?!»                                                                                                 [5:50]

 

Роя гезити, №395, 2022-жыл, 15-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here