Африкадагы коркунучтуу ачарчылыктан о.э. аялдар жана балдардын азабын саясатташтыруудан эскертүү

25
0

Басма сөз баянаты

Африкадагы коркунучтуу ачарчылыктан о.э. аялдар жана балдардын азабын саясатташтыруудан эскертүү

Африка Союзунун жетекчиси Сенегал президенти Маки Салл «Radio France International» менен өткөргөн маегинде эгер Украинадан Африкага буудай экспорту кайра жолго коюлбаса, Африка олуттуу ачарчылыкка дуушар болушун айтты. Салл баса белгилегендей, ачарчылык «континеттеги туруктуулукту бузушу мүмкүн». Ал өткөн аптада Москвада Россия президенти Путин менен жолугушканын, Путинден дан жана жер-жемирткич маселесинде Африкага жардам беришин сураганын баса белгиледи. Анын бул билдирүүсүнөн мурун бир нече Батыштын саясатчылары да билдирүү берип, континеттеги азык-түлүк кризисин Украинадагы согушка байланыштырышкан. Мисалы, Эл аралык Валюта Фондунун директору: «Европадагы согуш Африкада ачарчылыкка себеп болот», – деп билдирүү берди. Ал эми, Франция президенти: «Россиянын Украинага согушу себептүү Африкада ачарчылыкты күтүп жатабыз», – деп баса белгиледи. Жалпысын алганда, бул билдирүүлөр Россия менен Батыш ортосундагы пропаганда согушунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Россия да Батыштын мындай билдирүүлөрү алдында Батышты айыптап, азык-түлүк кризисинин күчөп кетишине, порттордун дан жана жер-семирткич үчүн жабылышына дал ушул Батыш санкциялары себеп болгонун баса белгиледи.

Саясатчылар бири-бирин адамдардын азап-кыйынчылыктарынан согуш куралы катары пайдаланып жатышкандыкта айыпташып, кабарлардын башында өтө азып кеткен кара түстүү жүздөр жана аза күткөн сымал энелер, Африка Жээги жана Чыгыш Африкада аз тамактанган балдар кайра-кайра көрсөтүлүүдө… Кудум бул көрүнүштөр ошол өзгөрбөгөн, заман да он жылдан бери ушул кайгылуу сахнада токтоп калгандай… Бүткүл дүйнө ошол бири-бирине окшогон жүздөр алдында ачарчылыкты күтүп, кол куушуруп олтурат. Жардам лагерлерине болсо, ушул жолдорду басып өтүп, жолдо боордошторун жана улууларды жерге берип, кээ бирлери жетип келүүдө. Булардын баары массалык маалымат каражаттары тарабынан адамзатка эч кандай алакасы болбогон, форма жана мазмун жагынан саясатташтырылган абалда көрсөтүлүүдө. Абалдын кооптуу экенине жана көптөгөн билдирүүлөр берилип жатканына карабастан, БУУнун жапа чеккен мамлекеттер үчүн өзгөчө абалдар программасын каржылоо токтоду. Анын (Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP), Азык-түлүк жана Айыл чарба уюму (FAO), Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы (OCHA) жана UNICEF сыяктуу) уюмдардын биргелешкен билдирүүлөрүндө «БУУнун Сомали үчүн белгилеген 2022-жылдагы гуманитардык аракеттер планынын он сегиз пайызы гана каржыланганы» айтылды.

«Оксфам» жана Балдарды куткаруу (Save the Children) уюму Чыгыш Африкадагы абалды үрөй учурган деп баалады. О.э. ар бир 48 секундда бир киши ачкалыктан каза болуп жатканын о.э. алдын алуу мүмкүн болгон балээлер менен күрөшүүдө бүткүл дүйнө ийгиликсиздикке учураганын баса белгиледи.

Алдыбызда кайгылуу абал турат. Табигый ресурстарга бай, климаты ар түрдүү, топурагы түшүмдүү болгон кара Африка калкы тирикчилигин өткөрө албай, тагдырий маселелерде арзан соодалашууларга учурашууда. Өздөрү үчүн бүтүндөй алакасы болбогон капиталисттик согуштардын төлөмүн төлөшүүдө.

Африка жана башка жерлердеги азык-түлүк коопсуздугу проблемасы калктардын коопсуздугунан жана тынчтыгынан өзүнчө нерсе эмес о.э. башка мамлекеттердин кээде сындап, кээде соодалаша турган куралы болуп калбашы керек. О.э. проблеманын ажырагыс бөлүгү катары каралган мекемелерге о.э. мамлекеттердин экономикасын ойрон кылган саясаттарды жүргүзүп, аларды башкаларга көз каранды кылган эл аралык уюмдарга да тапшырып койбоо керек. Анткени, эл аралык уюмдардын мындай саясаты адамдарды өндүрүш жана жерлерди тирилтүүгө кызыктыруунун ордуна керектөөгө жана импортко кызыктырат. Айыл чарбада болсо, жакшы үйрөнүлбөгөн, тез киреше алуу жолдоруна багыттап, топуракты бекер жараксыз кылат. Ушул себептен улам, оорунун түбү жогору бааларда да, Россия же Украина согушунда да эмес, ушул саясаттардын өзүндө. Себеби, бул саясаттар жер жана жергиликтүү түшүмдү этибарсыз калтырып, адамдардын бир үзүм нанын деңиз артындагы мамлекеттерге байлады о.э. жергиликтүү айыл-чарбаны этибарсыз калтырып, мамлекетти буудай импортуна көз каранды кылды.

Африка ондогон жылдардан бери пикирлөө, акыл жана саясий эрктен куру калып келүүдө… Жерлерине жырткычтарча чабуул кылынып, калкы ырайымсыз ачка калтырылууда… Африканын бул абалдан жалгыз чыгуу жолу – жерлерин жакырлаштырып, жокчулук, адашуу жана оору келтирип чыгарган Батыш жана анын уюмдарынан кутулууда. Алар түшүмдүү жерлерден пайдаланып, өз түшүмдөрүнө таянышы о.э. мамлекет жана адамдарды жакырлаштырган импорт чечимдеринен баш тартышы керек. Бул болсо, жалаң гана башкаруу проблемасын чечүү жана жер жүзүндө халифа кылуу акыйкатын түшүнүп жетүү менен гана ишке ашат.

﴿أَمَّن يُجِيبُ الْمُضْطَرَّ إِذَا دَعَاهُ وَيَكْشِفُ السُّوءَ وَيَجْعَلُكُمْ خُلَفَاءَ الْأَرْضِ أَإِلَـهٌ مَعَ اللَّهِ قَلِيلاً مَّا تَذَكَّرُونَ

«Же ким начар адам жалбарып-дуа кылган убагында (дубасын) кабыл алып, (анын) мүшкүлүн жеңил кылат жана да силерди жердин халифа-ээлери кыла алат?! (Аллах эмеспи?!) Аллах менен бирге дагы башка кудай барбы?! (Жок, бирок), силер кемден-кем эскертме-үлгү аласыңар!»         [27:62]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жааты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here