Согушкер жамааттардын ички согуштары «Фурат чеби» дарбазасынан дагы майданга кайтты

229
0

Согушкер жамааттардын ички согуштары «Фурат чеби» дарбазасынан дагы майданга кайтты

Биринчи курман жана чоң зыян көргөндөр жамааттардын мүчөлөрү болду

2022-жылы 18-июнь күнү эрте менен Халабдын чыгышындагы Баб шаарында бир нече аймактарда «Жабха Шамия» жамааты менен «Ахрар Шам – чыгыш сектор» жамаатынын ортосунда катуу кагылышуулар башталды. Автоматтар менен атышуулар, трассаларды тосуу, оор куралдар менен куралданган аскерийлер көзөмөлдөгөн блок постторду орнотуу, күчтүү массалык сапарбарлык байкалган бул согуштардын акыбетинде бир нече киши курман болду жана жараланды…

Эй мубарек Шам жериндеги мусулмандар!

Мусулман канынын ыйыктыгы Исламда катуу харам кылынганы белгилүү, бул эч кимге сыр эмес. Бул согушкер жамааттардын жетекчилери үчүн мусулмандардын каны эч нерсеге арзыбастыгы акыйкатка айланды. Биз ушуга күбө болуп жатабыз, бул жетекчилер өз аскерлерин кан төгүүнү токтотуунун ордуна, жамааттар ортосундагы ички согуштарга татышууда… Негизи, козголоңдун душмандарынан башкаларга кызмат кылбаган мындай кыргын согушта бирден-бир зыян көрүүчүлөр – бул мусулман аскерлер. Бир канча километр жерге ээлик кылуу үстүндөгү таасир жана өкүмдарлык талашуу согушунда анын наристелери жетимге айланууда. Бул болсо, жамааттардын жетекчилери жоопкерчиликти сезбей жатышканына далалат кылат. Алар Шам калкынын курмандыктары жана перзенттеринин кандары акысына өз кызыкчылыктарын жетүүнү каалашууда. Таш ыргытса жеткидей алыстыкта Шам тогуту өз сарайында тынч-аман турган учурда, алар куралдарын Шам калкынын перзенттеринин жүрөгүнө каратышууда.

Эй Ислам борбору болгон Шамдагы мусулмандар!

Силер бул согушкер жамааттардын жетекчилеринин козголоңду ыдыратуучу өз ара согуштарына унчукпай коюу жана козголоңуңар үстүнөн акча табуусуна жана перзенттериңердин канын төгүүсүнө таштап коюу менен кыйроо жарына келип калдыңар. Тартып алынган бийлигиңерди кайтарууга аракет кылбоо менен силер өзүңөрдү ушул саткын жетекчилерге кирешелүү товар кылып берип жатасыңар. Бул жетекчилер өз чечимдерин «донор» деп аталып жаткан мамлекеттерге туткун кылып, курал-жарактарын перзенттериңерди өлтүрүү үчүн сакташууда. Шамдагы ыйык козголоңдун бул абалга түшүшү майданга ээ болуп, адамдардын желкесине минип алган ушул кимселердин аң-сезимсиздиги себеп болду. О.э. максатты белгилеп, туура жолду сызып берген ачык саясий долбоорду кабыл алууну жана козголоң кемесин мындай кыргын толкундарда башкара ала турган калыс аң-сезимдүү саясий жетекчиликке ээрчүүнү каалабаганы да себеп болду. Демек, силер ишиңерди оңдогула, козголоңуңарды аң-сезимдүү түрдө уланткыла жана Роббиңердин арканын бекем кармагыла.

﴿وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَلَا تَنَازَعُوا فَتَفْشَلُوا وَتَذْهَبَ رِيحُكُمْ وَاصْبِرُوا إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ

«Дагы Аллахка жана Анын Пайгамбарына итаат кылгыла жана (өз ара) талашып-тартышпагыла, антпесе араңар суздашып, күч-кубатыңар кетет. Сабыр кылгыла! Албетте, Аллах сабыр кылуучулар менен бирге»                                                                               [8:46]

 

Хизб-ут-Тахрирдин

Сириядагы маалымат бөлүмүнүн

төрагасы Ахмад Абдулваххаб

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here