Хизб-ут-Тахрирдин биринчи чабалекейлеринен болгон улуу устаз Ахмад Мухаммад факир Ажарманын (Абу Асим) дүйнөдөн кайтаны жөнүндөгү кабар

245
0

Хизб-ут-Тахрирдин биринчи чабалекейлеринен болгон улуу устаз Ахмад Мухаммад факир Ажарманын (Абу Асим) дүйнөдөн кайтаны жөнүндөгү кабар

Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаяты өлкө калкына, Ислам Умматына жана бүткүл исламий даъватты көтөрүп чыккан боордошторго улуу устаз Ахмад Мухаммад факир Ажарманын (Абу Асим) дүйнөдөн өткөнүн терең кайгыруу менен кабарлайт. Хизб-ут-Тахрирдин биринчи муунунан жана таква мүчөлөрүнүн бири болгон (анткени, Аллахтан башка эч кимди күнөөдөн таза деп эсептебейбиз) фазилеттүү устаз Абу Асим хижрий 1443-жылы 21-зулкаъда, миладий 2022-жылы 20-июнь күнү токсон үч жашында каза болду. Улуу устаз жашынын улуулугуна, кыйынчылыктарга жана залимдердин камактарында азап тартышына карабастан, өмүрүн Халифалыкты тикелөө үчүн олуттуу аракет кылуу жана убада-шертке сабыр кылып, даъватты көтөрүп чыгуу менен өткөрдү. Аллах рахмат кылсын, устаз Абу Асим кичи пейил, ак көңүл болуп, даъват жана даъватчыларды жакшы көрдү, акыйкатка амал кылып, бекем туруп, Аллах Субханаху ва Тааланын убадасына бекем ишенимде болду.

Аллах Азза ва Жалладан устаздын күнөөлөрүн кечирип, Өзүнүн кең рахматына алышын, анбиялар, сыддыктар, шейиттер жана салихтер менен бирге кылышын сурайбыз, алар менен бирге болуу кандай гана чоң бакыт. Аллах Тааладан үй-бүлөсүнө сабыр жана чырайлуу таъзия тилейбиз.

Я Робби, устаз Абу Асимди рахматына алгының, жаткан жайын жайлуу, барар жайын кең кыл жана үйүнөн да жакшы үйдү, үй-бүлөсүнөн да жакшы үй-бүлө менен сыйла, бизди да биргеликте Кыяматта Пайгамбарың ﷺдын байрагы астында кылгын.

 Хизб-ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here