Давос дүйнөлүк экономикалык форуму жана келечек жөнүндөгү эскертүүлөр!

139
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Давос дүйнөлүк экономикалык форуму жана келечек жөнүндөгү эскертүүлөр!

 Устаз Хамд Табиб – Байтул Макдис

Бир нече күн мурун Давосто дүйнөлүк экономикалык форум өз ишин бүтүрдү. 2022-жылы 22-26-май күндөрү болуп өткөн бул форум мурункуларынан Украинадагы согуш жана согуш себептүү келип чыккан эл аралык кабатырлануулар жөнүндөгү токтомдор менен өзгөчөлөнүп турду. Себеби, улам күчөп бара жаткан бул эл аралык кабатырлануулар экономиканын жамандашуусу, бир нече тармактарда реалдуу кризистердин пайда болушу, айрыкча, баалардын көтөрүлүшү, азык-түлүк кризиси, экономикалык дефляция жана инфляция, глобалдуу энергия кризиси, жогорудагы согуш таасир кылган жана ага байланыштуу бир катар тармактардагы рецессия сыяктуу проблемаларга байланыштуу болду. Эксперттер жана айрым расмийлер тарабынан кабыл алынган токтомдор, айрым учурда келечектен эскертүү даражасына жетти жана эң жаманы алдыда деген мазмундагы сөздөр да айтылды! Форум ушул узун атылышта өттү: «Тарых бурулуш чекитине келди… Россиянын Украинага каршы согушу менен бирге, мамлекетердин саясаты жана бизнес стратегиялар глобалдуу экономикага таасир кылды».

Форумга 50гө жакын мамлекеттин президенттери, 2500дөн ашуун саясий жана экономикалык ишмерлер катышты. Форумдун негиздөөчүсү Клаус Шваб 2022-жылы 23-майда Британияда чыккан «Financial Times» гезитине: «Бул 2022-жылкы форумубуз форум түзүлгөндөн бери өткөн конференциялар ичинде эң маанилүүсү болуп эсептелет», – деди. Биз бул конференциянын максат жана идеяларын, андан эмнелер көздөлгөнүн билүү үчүн киришүү катары эксперттер жана айрым саясатчылардын эскертүүлөрүн жана сунуштарын көрсөтүп өтөбүз. Чынында эле алар ушул жыйын аркылуу дүйнөнү өздөрү айткан коркунучтардан куткарып калышмакчыбы же максат дүйнөнү экономикалык жактан ойрон кылуудагы Батыш саясатына кызмат кылуубу? Негизи, Батыш негизинен америкалык жана европалык капиталисттердин ач көздүгүнө кызмат кылуу үчүн дүйнөлүк экономиканы ойрон кылуу саясатын алып барууда?!

Давос дүйнөлүк экономикалык форумунда айтылган эскертүү жана сунуштар:

  • Россия менен Кытайды Батыштын коопсуздугуна зыян жеткирүүнүн негизги себепчилери катары айыптоо. Бул жердеги биринчи себеп алар менен байланыштуу соода. Айрыкча нефть продукциялары жана энергетика. Ошондуктан, НАТО башкы катчысы Йенс Столтенберг: «Россия жана Кытай сыяктуу авторитардык режимдер менен болгон соода Батыштын коопсуздугуна зыян жеткирүүдө», – деди. Ал бул жыйында сүйлөгөн сөзүндө: «Украинадагы согуш авторитардык режимдер менен алып барылып жаткан экономикалык мамилелер күчсүздүктү жүзөгө келтириши мүмкүндүгүн көрсөттү», – деп кошумчалады. Бул сөздөрү менен ал Европа Союзу нефтини Россиядан, «G5» байланыш тармактарын Кытайдан импорт кылып алышына ишара кылды.
  • Эл аралык экономикалык жана саясий ыдыроодон эскертүү. Бул жөнүндө Эл аралык Валюта Фондунун директору Кристалина Георгиева «Украинадагы согуш жана Кытайдагы күчөп бара жаткан солгундоо глобалдуу рецессияга себеп болушу мүмкүндүгү жөнүндөгү кабатырлануулардан глобалдуу экономикалык жана саясий ыдыроо тенденциясынын күчтүүлүгү жөнүндөгү кабатырлануулар күчтүү экенин» маалым кылды.
  • Инфляция, керектөө товарлары жана өнөр жай продукцияларынын бааларынын болуп көрбөгөндөй жогорулашын, сүткорлук тынымсыз өсүп бара жатканын эскертүү. Бул жөнүндө Ак үйдөгү экономикалык кеңештин мурунку жетекчиси Жейсон Фурман: «АКШ Федералдык запас түзүмүнүн (Борбордук банк) камсыздоосу өлгөнүн», – билдирип: «Базарда эмнелер болуп жатканына алар көңүл бурушпайт», – деди. Ошондой эле, ал «Пайыздык ставкалардын запастан же базардагы божомолдордон да ашып кетишинен» эскертти жана «запас адамдарды буга даярдоо үчүн эч нерсе кылбаганын» баса белгиледи. Экономика боюнча Нобель сыйлыгынын ээси Жозеф Стиглиц: «Пайыздык ставкалардын жогорулугу инфляцияга байланыштуу кырдаалды начарлатышы мүмкүн. Анткени, бул нерсе глобалдуу камсыздоого жана өндүрүш кубатына т.а. экономиканын сунуш тарабынан жеткирилген зыян үчүн зарыл болгон инвестицияларды чектейт», – деди. Голландия Борбордук банкынын директору жана Дүйнөлүк Финансылык Туруктуулук кеңешинин (FSB) төрагасы Класс Кнот евро аймагында инфляциянын сезилерлик даражада жогорулаганын айтты. Анын сөздөрүнө ылайык, Европадагы кырдаал Украинадагы согуш, азык-түлүк жана энергиянын жогору баалары натыйжасында башка экономикалык региондорго караганда өзгөчө абалда турат.
  • Азык-түлүк таңкыстыгы жана жогору баалар акыбетинде айрым мамлекеттерде социалдык башаламандыктар жана козголоңдордон эскертүү. Эл аралык Валюта Фонду азык-түлүк баасынын дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлүшү акыбетинде Сахара чөлүнүн түштүгүндөгү Африка мамлекеттеринде социалдык башаламандыктар жана жаңжалдар жүз беришинен эскертти. БУУнун өнүгүү программасынын башкаруучусу Ахим Штайнер форумдун алкагында Франс-Пресс агенттигине берген интервьюсунда мындай деди: «Дүйнөдө 200 миллиондан ашуун адам – Украина согушуна байланыштуу азык-түлүк баалары жогорулагандыктан – кескин ачарчылыкка туш болууда… Жүз миллиондогон инсан тирүү калуу үчүн азык-түлүк продукцияларын сатып ала албай калды».

Давос дүйнөлүк экономикалык форумунда климаттын өзгөрүшү сыяктуу айрым эски маселелерге кошумча көтөрүлгөн негизги маселелер мына ушулар болду. Түпкүлүгүндө, мындай токтомдорду жана аларга кайрылуу услубун күзөткөн киши ушуларды көрөт:

1 – Саясий маселелер Украинадагы согушка жана Кытайга каршы күрөшкө байланыштуу болуп, чечимдер Россияга киргизилип жаткан санкцияларды күчөтүү алкагында айтылды жана дээрлик бул саясий моделден чыкпады, бир канча экономисттер же мамлекет өкүлдөрү гана бул алкактан чыгышты. Мындан даана көрүнүп тургандай, бул форум экономикадан көрө көбүрөөк саясий конференция болуп, Батыштын, айрыкча, Американын саясатына кызмат кылды. Америка саясаты болсо, Россияга жана анын Кытай менен болгон мамилесин бузууга, ушул маселе боюнча эл аралык консенсуска келүүгө, ушул багытка мамлекеттер аралык пикирди багыттап, каражат чогултууга каратылган саясат.

2 – Бул форум – дүйнөдө улам өсүп бара жаткан жакырчылык маселеси болсун, климаттын өзгөрүшү маселеси болсун – маанилүү экономикалык маселелердин бирин да чечпеди. Жыйынга катышкандардын баары Россияны экономикалык курчоого алууга көңүл бурушту, мындан келип чыга турган акыбеттерге таптакыр маани беришпеди.

3 – Бул капиталисттик мамлекеттер дүйнөдө от артынан от жагышып, дале мунун натыйжаларын ойлошпой жатат. Бул форум Байдендин «QUAD» союзуна мүчө мамлекеттерге сапар кылып, аларды Кытайга экономикалык жана саясий жактан катуу басым кылууга тукуруп жаткан учурда өттү. Бул болсо, айтылган экономикалык проблемаларды чечүү тиякта турсун, ого бетер күчөшүнө себеп болууда.

4 – Бардык айыпты согушка, арийне Россияга шылтоо – атайын саясат. Бул саясат чечим берүүгө, дүйнөнү куткарууга да багытталбаган, тескерисинче, Америка жана Европа мамлекеттеринин саясатына кызмат кылуу көздөлгөн. Негизи, экономикалык проблемалар бүгүн же согуш башталганда жаралган жок, мурун эле бар болчу… Алар 2008-жылдагы экономикалык кризис себептүү, кийин коронавирус акыбетинде дагы да күчөдү, кийин Украина согушу ого бетер курчутту.

Биз жыйынтык катары, маанилүү маселеге токтолмокчубуз: бул карамүртөздүктөрдөн дүйнөнү ким куткарат?! Инсаниятты куткаруу бүгүнкү мамлекеттер аралык системанын колунан келеби?! Системанын бул ач көз, жеп тойгус мамлекеттери адамдарды ачарчылык жана жакырчылыктан куткара алабы?!

Шек-күмөнсүз, бул мамлекеттер аралык системанын башында турган мамлекеттер, алар кабыл алган принциптер, ушул принциптерден келип чыккан же аларга байланыштуу эл аралык уюмдар кризистерди, жакырчылыкты, климаттын өзгөрүшүн келтирип чыгарды, глобалдуу кандуу күрөштөргө, Украина согушуна себепчи болду.

Бул карамүртөздүктөрдөн кутулуу үчүн оболу капиталисттик түзүмдөн баш тартып, роббаний түзүмгө өтүү керек. Анткени, роббаний түзүм гана инсанга инсандыгын жана улуулугун камсыздайт, адамдарды дүйнө матасы үчүн бир-бири согушуучу эмес, бир-бирин жакшы көрүүчү, өз ара шериктеш, өзү жакшы көргөн нерсесин башкага ыраа көргөн инсаниятка айлантат…

﴿فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلا يَضِلُّ وَلا يَشْقَى﴾

«Ким Менин хидаятымды ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт»          [20:123]

 

Роя гезити, №394, 2022жыл, 8июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here