Соңку окуялар Умматтын кайра козголуу жөндөмүн көрсөттүбү?!

139
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Соңку окуялар Умматтын кайра козголуу жөндөмүн көрсөттүбү?!

 Мухандис Мухсинмухаммад Жаъдабий – Яман

Ислам Умматы өз тарыхында көптөгөн кризистерди башынан өткөрдү… Монголдор баскынчылыгы анын бир нече өлкөлөрүн жана Аббасий Халифалыктын борборун ойрон кылды. Бир нече жолу Куддуска кресттүүлөр жүрүшү болду. Бул чабуулдар Умматка оор болгон болсо да, бирок алардан кутулуп, кайра өз улуулугун жана дүйнөгө өкүмдарлыгын колго алды. Уммат мурун саясий жана аскерий алсыздык доорун өткөргөн болсо, бирок соңку эки кылымда ушундай бир пикирий кризисти башынан өткөрдү, бул анын мамлекетин жоготту, ыдыратты… кайра тикеленишине тоскоолдук кылды. Ошондуктан, Батыштын Ислам мамлекетин жок кылуудагы негизги кадамдарын ачыктоого аракет кылабыз, кийин ушул пикирий кризиске чекит коюу, арийне, мусулмандардын мамлекетин жана күч-кубатын кайра тикелөө үчүн кандай чечим бар экенин баян кылабыз.

Биринчи: миладий 1648-жылы Вестфалия келишими түзүлдү. Европалык ойчулдар, саясатчылар жана папалар катышкан бул конференцияда кантип Исламдын Европа кеңейишин токтотуу жана мамлекетин кулатуу талкууланды. Талкуулардан кийин катышуучулар проблема мусулмандардын биримдигинде жана мамлекеттинде, анткени бул эки нерсе Ислам акыйдасы үстүнө курулган деген жыйынтыкка келишти. Кийин конференцияда маанилүү токтомдор кабыл алынды. Алардын негизгилери:

  • Исламга жана анын мамлекетине каршы күрөшүү үчүн саптарды бириктирип, өз ара келишпестиктерди жоюу.
  • Чыгыштаануучуларды Ислам мамлекетинин жарандыгына өтүүгө жана мамлекеттин жетекчилиги, ойчулдары жана уламалары арасына кирип, Ислам жана тарыхын үйрөнүүгө сапарбар кылуу… Кийин мамлекетти ичинен ыдыратуу. Бул тарыхта кафир Батыштын мусулмандарга жана мусулмандардын мамлекетине каршы эң кооптуу кадамы болуп эсептелет. Т.а. бул нерсе мусулмандардын мамлекетин кулатуу, кийин биримдигин жана күч-кубатын жок кылууда негизги курал болуп кызмат кылган.

Экинчи: Вестфалия конференциясынын токтомдору ишке ашырылышы алдында 1907-жылы Кэмпбелл конференциясы өттү, анда ушул нерселер кабыл алынып, аткарууга сунушталды:

  • Ислам мамлекетин жок кылуу.
  • Мусулмандарды мамлекеттер деп аталган майда кантон мамлекеттерге бөлүү.
  • Керек болгондо проблема жана жаңжалдарды чыгаруу үчүн ушул кантон мамлекеттердин арасына карама-каршылык борборлорун орнотуу.
  • Мусулмандардын илим жана өнөр жайда өнүгүүсүнө жол бербөө. Чектелген абалда гана мүмкүн.
  • Мусулмандар өкүмдарларынын дайындалышын көзөмөлдөө жана алардын арасында туруктуу түрдө финансылык, административдик коррупцияны жаюу. Чынында эле, бул токтомдор ишке ашырылды жана анын далили ушулар:

Биринчи: Англия премьер-министринин сөзү. Ал ошол кездеги парламенттин төмөнкү палатасында: «Мусулмандар бүгүндөн тарта таптакыр бутка тура алышпайт, анткени биз алардын эки таянычын: Ислам жана Халифалыкты жок кылдык», – деген.

Экинчи: Сайкс-Пико келишими. Биринчи дүйнөлүк согушта жеңип чыккан Британия менен Франция мусулмандардын мамлекетин кулатып, бөлүп алышкан соң, өз ара Сайкс-Пико келишимин түзүштү. Келишимге ылайык, исламий өлкөлөрдү чегаралар менен бөлүп, өзүнчө байрактарды беришти. Ушул аркылуу мусулман өлкөлөрүн жасалма чегаралар жана курулай кызыкчылыктар үстүндө бир-бири менен күрөшкө тыгышты жана муну мусулман перзенттеринен турган өз адамдарынын колу менен ишке ашырышты.

Бирок, Ислам Умматы башына түшкөн ушунча мусибаттардан күчсүздөнгөнүнө карабастан, дале тирүүлүгүн жана оңдолууга аракет кылып жатканын көрүп, Батыш абдырап калды, баарынын үмүтү жокко чыкты. Анткени, мусулман өлкөлөрүнүн бири мусибатка учураса жана кафирлер алардын бирине чабуул кылса, мусулмандар аны коргоого аттанып жатышканына күбө болушту… Маселен, Афганистан, Ирак, Сирия, Чеченстан, Босния жана Герцеговина жана башка өлкөлөрдө болгондой.

2000-жылдан кийин Батыш изилдөө борборлору араб режимдери арасында чоң кулоолор болорун божомол кыла баштады. 2007-жылы АКШ жарыялаган отчётто он жыл ичинде Ямандагы кырдаал туруксуздашы жана экономикасы ойрон болуп, Яман режиминин кулашы жөнүндө айтылды. Ошондой эле, «Жаңы Жакынкы Чыгыш долбоору» пайда болду жана бөлүнгөн исламий өлкөлөрдү андан ары бөлүүгө жана ыдыратууга аракеттер башталды. Батыш айрым исламий өлкөлөрдө мусулмандар өкүмдарларды жек көрүп калышканын, айрыкча, Тунистеги козголоңдон кийин элдик кыймылдар көзгө көрүнүп жатканын аңдап жетти. Ошондо мусулман өлкөлөрүндө таасирге ээ Батыш мамлекеттери оюн карталарын эки тараптан тартиптештире башташты:

Биринчи: жасалма козголоң кылган же чыныгы козголоңду ооздуктаган аракеттер аркылуу өз таасирлерин сактап калуу. Мындан максат өзгөрүү жасоону каалаган калктардын мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу болсо, дагы бир максат, ири мамлекеттин козголоң болуп жаткан өлкөдөгү өз адамдарына каршы башка бир ири мамлекет тарабынан элдик козголоңго жетекчилик кылынышына жол бербөө болду.

Экинчи: ири мамлекеттердин бири башка бир ири мамлекеттин таасири астындагы исламий өлкөдө мурунтан болгон аракеттерди колдоп-кубаттайт же пайда кылат. Ушул аркылуу ал жерде өзүнүн адамдарынын жардамында өз таасирин орнотууга урунат же өз таасири астындагы башка мамлекеттердеги адамдарына карата басымдарды жеңилдетүү үчүн сүйлөшүү алып барат. Маселен, Абдуроббих Мансур Хадий: «Алар Дамасктын ордуна эми Санъаны каалашууда», – деп бир нече жолу билдирүү берди. Ошондой эле, Сирияда Британия Американын малайларына сокку берүү үчүн козголоңду ооздуктоого урунду, кийин Башардын кетишине келишишти. Бирок, козголоңду ооздуктай алышпай, Сирия калкы өз долбоорун жакшы аңдагандан кийин бардык ири мамлекеттер козголоңго сокку берүүгө, жада калса шаарларды адамдары менен ойрон кылууга келишип алышты. Ошол кезде бул жөнүндө Башар Асад: «Проблема террористтерде эмес, миллиондогон адамдардын козголоңду колдоп жатканында, ошондуктан, бул колдоого сокку берүү керек», – деп билдирүү берди. Чынында эле ошондой болду. Ал тургай, Башар менен эл аралык коалиция түзүлдү жана Иран, Россия, Түркия мамлекеттери ортосунда союз түзүлгөндүгү – негизи алардын артында ондогон мамлекеттер жана согушкерлер бар эле – даана көрүнүп турду.

Ливия да жаркын мисал болот. Америка Ливияда өз өкүмдарлыгын орнотууга урунду жана бул үчүн Хафтарды т.а. Америкада ондогон жыл жашаган өзүнүн адамын даярдап, Британиянын малайы болгон Сарраж режимине каршы өз кызыкчылыгы үчүн иштетти.

Уммат көпчүлүк өлкөлөрдө мына ушундай адашууларга учурап, козголоң ооздукталса да, адамдардын ахвалы жамандашса да, эч бирине карабастан, Аллахтын уруксаты менен жакшылыкка карай бара жатат. Аны ушул жышаандардан көрүү мүмкүн:

Өкүмдарлар жана «уламалардын» маскасы түштү, дагы эле айрым адамдар аларга алданып, ишенип жатышкан болсо да.

Өздөрүн исламий деп жаткан айрым жамааттардын жүзү ачылды. Алардын маскасы сыйрылып, ачыкталышына ушулар себеп болду:

а)   Алардын кимиси бийликке келбесин, Исламды колдонбоду жана бийликке жеткендеринин да бул жааттагы позициясы ачылды.

б)   Алардын колунда Умматты өнүктүрүүчү бир да исламий долбоор болбоду.

в)   Батыш менен алака кылып жатканы ачылды.

г)   Уммат ондогон жылдар бою болгондой, илманийлик жана улутчулдук долбоорлорунун ээлери айланасында бирикпей койду.

д)   Жалындуу баяндарды айткандардын долбоору ачыкталып, жалганы ачыкка чыкты.

е)   Ар түрдүү нерселер менен башын айландырган адамдар жана партиялар себептүү Уммат абдырап калды. Бул бир жагынан жакшы, анткени Уммат аларды ээрчип ката кылгандыгы Умматты ойлонууга жана аларды сокурларча ээрчигендигин түшүнүп жетүүгө үндөйт.

ё)   Халифалык, Ислам мамлекети жана шарият менен жашоо сыяктуу сөздөр тез-тез айтылып калды жана бул калктардын этибарын тартууда.

ж)  Кафир жетекчилер, маселен Франция тышкы иштер министри «Биз Халифалыктын тикеленишин токтотуп кала албайбыз, бирок аны кечиктирүүгө аракет кылабыз» деген сыяктуу билдирүүлөр айтылууда.

з)   Козголоңдордон кийин келген өкүмдарларга Уммат ыраазы болбой жатат. Анткени, Уммат аларды эскилердин копиясы же алардан да жаман деп билүүдө.

Ушулардан улам, 2011-жылдагы окуяларда ушуларды тастыкталганына көңүл бурабыз:

1)   Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер өздөрүнүн мыйзамдуулугун жана күч-кубатын элинен албайт. Буга Ирандын жана анын согушкерлеринин Яман, Ирак жана Ливандагы аралашуусу, ошондой эле, Россия, Иран жана башка мамлекеттердин Башарды ачык колдоп-кубаттап аралашуусу далил болот. Алардан тышкары аралашып жатышканын ачык айтпаган мамлекеттер да бар.

2)   Бул режимдер өз мыйзамдуулугун баскынчы кожоюндарынан алат. Буга Мисирде болгон нерсе далил. Хусни Мубарактын бийликтен кеткендиги ага да айтылбастан, коргоо министри аркылуу билдирилди. Ошондой эле, БУУ Башар Асадды тактыдан кетирүүнү талкууга койду, бирок, Сириядагы козголоңду көзөмөлгө алуу мүмкүн эместигин көргөн соң, мындан баш тартты.

3)   Бул режимдер акыйдада да, урфта да Умматтан эмес, арийне, кулатылышы жакын калган күчсүз режимдер.

Жыйынтыктап айтсак, Уммат бул режимдерди кулатууга жана туура шаръий түзүмдү тикелөөгө кудуреттүү экенин көрүп жатабыз, бирок, бул үчүн Уммат бир нече шарттарды кылышы керек:

1 – Уммат кайрадан туура пикирлөө жолуна өтсүн.

2 – Динин кайра карап чыксын, ушул аркылуу соңку эки жүз жыл ичинде Исламга каршы атайын киргизилген улутчулдук, мекенчилдик, социализм жана демократия сыяктуу ыплас идеялардан баш тартсын.

3 – Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга аң-сезимге жана пикирлөөгө ээ болсун, ар кандай жарчыны ээрчип кетпесин.

4 – Репрессия, динди бузуп көрсөтүү жана жардамсыз калтыруу сыяктуу басымдар себептүү үмүтсүздүккө түшпөсүн, унутпасын, ага пайгамбарлардын ролу – башка инсандарга күбө болуу ролу тапшырылган:

﴿لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ﴾

«Силер башка инсандарга күбө болууңар үчүн…»                                                          [2:143]

5 – Өзгөрүү үчүн алып барып жаткан аракети пикирий болсун. Т.а. куфр пикирлерине сокку берүү менен болсун, согуш жана курал-жарак менен болбосун, анткени бул нерсе мусулмандарды өлтүрүүгө гана кызмат кылат.

Сөзүбүздүн акырында ар нерсени билүүчү жана ар ишке кудуреттүү Аллахка дуа кылып сурайбыз, Өзү ыраазы боло турган, Ислам жана мусулмандарды күч-кубатка толтура турган, Исламды бүткүл дүйнөгө рахмат кыла турган мамлекеттин тикеленишин тездетсин, Ал албетте буга кудуреттүү.

 

Роя гезити, №394, 2022жыл, 8июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here