بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Азхар динди мамлекеттен бөлүү менен адамдарды алдоо ортосунда
Устаз Саид Фазл
Хизб ут-Тахрирдин Мисир
вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
Азхар шейхи терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатында пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн Британия коргоо министрлигинин атташеси генерал-майор Стивен Дикин жетектеген Британия коргоо изилдөөлөр королдук коллежинин делегациясы менен он бир мамлекеттин өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда Азхар шейхи: «Мен терроризм диний эмес, саясий абал экенине ишенемин. Терроризмди айрым Батыш саясий режимдери пайда кылышып, бүткүл дүйнөгө экспорт кылышкан жана кыйын ийгиликтерге жетүү максатында ал яхудий, христиан жана Ислам диндерине жабыштырылган», – деди. Ал дагы ушуларды баса белгиледи: «Азхар замандын кырдаалына алдыңкы идеялар менен жооп берип, окуу сабактарына экстремизмге жана такфирге каршы күрөшүү темаларын киргизди, дарул Ислам жана дарул харб түшүнүктөрүн, мусулмандардын башкалар менен болгон мамилелерин айкындаштырды, фанатизм жана айырмалоо сыяктуу экстремисттик жамааттар кыянаттык менен пайдаланып, туура эмес талдап жаткан тема жана маселелерди ачыктап берди. Азхар окуучуларын илимий усул менен жаш кезинде иммунизация кылды. Бул болсо аларды адашкан жамааттардын идеяларынан коргоо жана бул идеяларды четке кагуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетти… Азхар экстремисттик идеяга каршы күрөшүү үчүн диний лидерлер ортосунда тилектештик зарыл экенин аңдап жетти. Айрыкча, Авлиялар чиркөөсүнө жасалган чабуулдан соң, «Мисир Үй-бүлөлүк үйүн» түздү. Мусулмандар жана христиандар ортосундагы мамилелерге таасир кылган социалдык проблемаларды чечүү үчүн идеялогиялык методологияны иштеп чыкты. Бул долбоордон кийин Батыш жана Чыгышта «Жакынкы Чыгыш Чиркөөлөрү кеңеши», «Англия Кентербер собору», «Швейцария дүйнөлүк чиркөөлөр кеңеши» сыяктуу диний институттарды ачуу үчүн глобалдуу кадамдар ташталды. Ушул иш-аракеттер Ватикан папасы Франциск менен эл аралык инсаний боордоштук документине кол коюу менен аяктады. Бул документ тынчтык жана боордоштук маданиятын үгүттөөгө жана түрдүү дин өкүлдөрү ортосунда ар кандай келишпестикке жана жек көрүүгө каршы күрөшүүгө багытталган».
Делегациянын мүчөлөрү Азхар шейхи менен жолугушканына, ошондой эле шейхтин тынчтык, боордоштук жана ынтымакта жашоо маданиятын дүйнөлүк деңгээлде жаюу жолундагы иш-аракеттерине ыраазы экендиктерин билдиришди. (Youm7, 2022-жыл, 25-май).
Азхар шейхи мындай билдирүүнү биринчи жолу берип жаткан жок. Бул чындык менен жалган аралашкан билдирүү. Чындыгы – терроризмди Батыш жаратып, өстүрүп, өлкөлөрүбүзгө өз кызыкчылыгы үчүн жолдогондугу. Бул жөнүндө шейх чын сүйлөөгө мажбур. Анткени, терроризмди Батыш жаратып, негизинен терроризмден Батыш пайдаланып жатканы жана аны башыбызга орнотуп койгон малай режимдерин кармап турган негизге айлантканы ар кандай катардагы инсанга да маалым болуп калган. Жалганы – шейх «терроризм диний эмес, саясий абал» деп динди мамлекеттен жана саясаттан бөлгөн капиталисттик акыйдага толук ылайыкташууда. Түпкүлүгүндө, терроризм кызыкчылык негизине курулган капиталисттик акыйдага байланат… Кан төгүү, намыс жана сый-урматтын тебелениши бул акыйданы таптакыр тынчсызданпайт. Анткени, капиталисттерде эң биринчи орунда кызыкчылык турат, кийин акыйда жана мыйзамдар… Батыш, бирер нерсе анын кызыкчылыгына туура келбесе, ага кафир болот жана кызыкчылыгына туура келген, киреше алып келген ар нерсеге ыйман келтирет, аны колдойт, инсандардын байлыктарын талап-тонойт. Андыктан, Батыш жараткан жана колдогон нерсе жөнүндөгү көз карашыбыз анын көз карашына кантип туура келсин?!
Азхар шейхи диний лидерлер ортосунда тилектештик зарыл деген сөздү айтып, бирок диний тилектештик абалды ачыктабаганынан жана «диний» деп өзгөчө ишара кылганынан динди саясаттан бөлүүгө ыраазы болуп жатканы көрүнүп турат. Кудум Расулуллах ﷺ жетекчи болбогондой, кудум Ислам бизге исламий шарият деп аталган өкүм жана мыйзамдарды белгилеп бербегендей, акыры, аларды Азхар атайын үйрөтүп окутат го! Ал эми, шейхтин Авлиялар чиркөөсүнө жасалган чабуул жөнүндөгү сөзүнө келсек, аны ишке ашырган да, козуткан да Хусни Мубарак режими жана анын ички иштер министри экенин Мисирдеги баары билет. Белгилүү болгондой, бул кимселер Батыштын өлкөбүздөгү өкүлдөрү болуп, Мисир кылымдар бою бул сыяктуу окуяга күбө болбогон, булар Ислам башкаруусу жоголуп, капитализм башкаруусу келгенден кийин гана болуп жатат. Андыктан, түпкү проблема – өлкөбүздө Ислам башкаруусу жок кылынып, капитализм башкаруусу орнотулганында. Бул жердеги күрөш байлык жана мусулман өлкөлөрүнө өкүмдарлык кылуу үчүн болууда. Ал эми, терроризм бир каражат гана… Батыштын түпкү максаты – Исламды чөгөлөтүү, колго үйрөтүү жана саясий акыйдасынан ажыратуу… Себеби, саясий акыйда мындай өкүмдарлыкты четке кагат, көз карандылыкка ыраазы болбойт, байлыктарды зөөкүрлөргө талап-тонотуудан коргойт. Ошондуктан, Батыш өзүнүн жамандык уламаларынан турган куралдарын Ислам түшүнүктөрүн өзгөртүүгө сапарбар кылууда… Акыбетте, Ислам түшүнүктөрү Батыш түшүнүктөрүнө ылайык келиши, Батыштын өлкөлөрүбүздө турушу жана калышы ыйыкташтырылышы, биздин наныбыз жана суубуз акысына маяна алып жаткан кошуундарыбыз Батышка бизди моюн сундуруп бериши керек. Максат ушул!
Батыш жана анын жардамчылары терроризмге каршы күрөшүүнү тынымсыз айтып келишет. Сарай уламалары да кээде «терроризмдин Исламга тиешеси жок» десе, кээде терроризмди Исламды саясий акыйда катары жеткирүүгө жана жашоодо колдонууга аракет кылып жаткандарга жабыштырууда жана аларды мунасасыздык жана жек көрүү пикирлерин жаюуда деп айыптоодо. Муну менен майдандан тышкарыда туруп күрөш алып барууда. Маселен, муфтий өз билдирүүсүндө: «Алар кан төгүү менен ибадат кылышат, эл аралык майданды Исламды жаманатты кылуу үчүн бошотуп бербөө керек, анткени бул нерсе дин жана мекен үчүн катачылык болот», – деген. Билбедик, муфтий кайсы дин жана кайсы мекен жөнүндө айтып жатат, түпкүлүгүндө, ал өзү Исламды жаманатты кылууда жана адамдарды Исламдын амалий саясий акыйдасынан адаштырууда Батыштын колундагы куурчак жана шарияттын тексттерин өз ордунан башка тарапка бурмалап жаткан да мына ушул муфтий болот. Негизи, Аллах Азза ва Жалланын хитабында мекен же муфтий менен Азхар шейхи ар дайым улуулап, бизди амал кылууга чакырып келе жаткан Сайкс-Пико чегаралары назарга алынбаган. Тескерисинче, Куръаний хитаб бүгүнкү күндө биз ыйык билип, ал үчүн бири-бирибиз менен согушуп жаткан колонизаторлук байрактарынын эч бирин эсепке албастан, эч бир чегара жана жарандыкты этибарга албастан, теги жана түсүнө карабастан, бир Умматка каратылган.
Ислам саясий дин болуп, адамдар ортосундагы мамилелерди башкаруу жана тартипке салуу үчүн келген. Анда намазды аткаруу буйругуна итаат кылган менен мас кылуучу ичимдикти жана сүткорлукту харам кылуу туурасындагы буйругуна итаат кылган киши барабар. Андыктан, эй Мисир уламалары, мас кылуучу ичимдик режимдин лицензиясы менен иштелип чыгып, сатылып, сүткорлук мамлекеттин колдоосунда ишке ашырылып жатат, бул тууралуу Роббиңерден коркпойсуңарбы?! Кана Аллахка итаат кылганыңар, эмнеге Аллахтын дини, акыйдасы жана урматы тебеленишин кызганбай жатасыңар?! Уббада ибн Самиттин мындай дегенин билбейсиңерби:
«بَايَعْنَا رَسُولَ اللَّهِ ﷺ عَلَى السَّمْعِ وَالطَّاعَةِ، فِي الْعُسْرِ وَالْيُسْرِ وَالْمَنْشَطِ وَالْمَكْرَهِ، وَعَلَى أَثَرَةٍ عَلَيْنَا، وَعَلَى أَنْ لَا نُنَازِعَ الْأَمْرَ أَهْلَهُ، وَعَلَى أَنْ نَقُولَ بِالْحَقِّ أَيْنَمَا كُنَّا لَا نَخَافُ فِي اللَّهِ لَوْمَةَ لَائِمٍ»
«Биз Расулуллах ﷺга кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, кубанычта да, кайгыда да кулак салып, итаат кылууга жана башкарууну иш ээсинен талашпоого, кайда болбойлу Аллах үчүн жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон акыйкатты айтууга байъат кылдык». Силерчи, эмнеге адамдарды Аллах чектеген нерселерди жана ыйык жерлерди коргоого чакырбай жатасыңар?! Аллах жана Расулуна каршы чыгып жаткандарды, дин жана шарияттын колдонулушуна тоскоолдук кылып жаткандарды көрүп, билип туруп эмнеге аларга акыйкатты айтпай жатасыңар, эмнеге маъруфка буйруп, мункардан кайтарбай жатасыңар, тескерисинче, алар менен достошуп, алардын кылмыштарына жардам берип жатасыңар?! Эсиңерде болсун, бул жөнүндө Кыямат күнү Аллах силерден албетте сурайт, мына ошондо бул жетекчилер да, алар силерге берип жаткан акчалар да, укуктар да, эч бири пайда бербейт, дүйнө маталарынын баары жок болот… Андыктан, жаман нерсени жакшы нерсеге алмаштырбагыла!
Бүгүнкү күндө уламалар чыныгы роббанийлер болушу үчүн талап кылынып жаткан нерсе өздөрү билген акыйкатты ашкере айтуу. Т.а. уламалар армиялардагы калыс аскерийлерди Исламга каршы күрөшүп жаткан, өлкөнү Батыштын ыктыярына берип койгон режимди кулатууга чакырышсын жана калыс инсандардын Исламды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде толук колдонгон мамлекетти тикелешине тоскоолдук кылышпасын, тескерисинче, аларга Аллахты эске салып, мына ушул чыныгы ийгилик экенин, андан башка ийгилик жок экенин, ушул менен гана бүткүл мусулмандарга жана кайрымусулмандарга адилет камсыздалышын эске салышсын.
Аллах Таалага дуа кылып, ушул Халифалык мамлекетин батыраак көрсөтүшүн, бизди анын аскерлерине айлантышын, Мисирди анын борбор шаары, жайылуу чекити кылышын сурайбыз, Аллахумма амин.
Роя гезити, №394, 2022–жыл, 8–июнь.