«Эки жамандыктын жеңилирээги» коидасы (2)

28
0

Бисмиллахир рохманир рохиим

Хижрий 1426-жыл, Рамазан айы, миладий 2005-жылдын октябрь айында «ал-Ваъй» журналында «Эки жамандыктын жеңилирээги коидасы» жөнүндө макала жарык көргөн. Төмөндө ошол макаланын этибарга ылайыктуу бир бөлүмүн сунуштайбыз. 

«Эки жамандыктын жеңилирээги» коидасы (2)

Имам Газзали «ал-Мустасфа» эмгегинде айтат:

«Белгилүү болгондой, шарият жузъдун үстүндө куллду ыктыяр кылат. Ислам калкын кафирлердин баскынчылыгынан сактап калуу шарият назарында бир мусулмандын канын сактап калуудан абзел. Эгер, “аскерлерди сактоо үчүн байларга салык салуу жаизби, же жокпу” деп суралса, мунун жообу, эгер аскерлердин колунда жетиштүү өлчөмдө мал-дүйнө болсо, буга зарылдык жок. Ал эми алардын колу жука болсо, алардын айлык маянасы өз убагында жеткирип берилбесе, натыйжада аскерлер акча табуу үчүн тарап кетишсе, албетте мындай абалда кафирлердин мусулмандар үстүнө кирүү коркунучу пайда болот же бузуку адамдардын мусулман өлкөлөрдө фитна таратуу коркунучу пайда болот. Ошондуктан, имам-мамлекет башчы байларга аскерлерге жетиштүү боло турган өлчөмдү милдет кылып жүктөшү мүмкүн. Эгер ал салыктарды бөлүштүрүү жолунда айрым жерлерди хостоону раъй кылса, мунун да тыюу салына турган зыян жери жок. Себеби билишибизче, эгер эки жамандык же эки зыян бир келип калса, шарият алардын жаманыраагын жана зыяны чоңураагын жоюуну максат кылат. Малдарынан салык фарз кылынган байлар бере турган өлчөм – эгер иштер түзүмүн коргой турган жана жамандык булагын түп-тамыры менен курутуп жибере турган Ислам салтанаты сынса – ошол байлардын өздөрүнө да, малдарына да жете турган балээге салыштырмалуу өтө аз болуп калат.

Төмөндө имам Газзали жана имам Иззуддин ибн Абдус Салам айткан башка мисалдарга токтолуп өтөбүз.  Бул мисалдарда ушул эки имамдын назарында «Эки жамандыктын жеңилирээги» коидасы кандай иштегенине күбө болобуз. О.э. бул мисалдарда өкүмдөр ортосундагы тең салмактуулук да өз көрүнүшүн табат. Имам Иззуддин «Коваидул ахкам фий масолихил анам» эмгегинде айтат:

«Эгер ачык фасаддар (бузукулуктар), анык жамандыктар топтолуп калса, аларды жоюунун мүмкүнчүлүгү болсо, жоёбуз. Эгер бардыгын жоюу мүмкүнчүлүгү болбосо, эң фасаддын, эң жийиркеничтүүсүн, эң жаманын жоёбуз. Эгер алар фасаддыкта, жамандыкта бирдей болсо, кээде ыктыяр берилет. Кээде болсо, алардын кайсы бири фасадыраак экендигинде ихтилаф болот (демек, жеңилирээгин таржих кылуу мүмкүнчүлүгү бар). Бул жаатта фасаддыктар менен макрухтар ортосунда айырма жок».

Андан соң буга мисалдарды келтирип:

«Бир мусулман башка бир мусулманды өлтүрүүгө мажбурланат. Эгер баш тартса, өзү өлтүрүлөт. Мындай абалда ал адам өлтүрүү деген фасадды өзүнүн өлүмүнө сабыр кылуу менен жоёт. Себеби, анын өз өлүмүнө сабыр кылышы башка мусулманды өлтүрүүгө барышынан жеңилирээк. Эгер кандайдыр жол менен бул макрухту токтотууга жол таба алса, фасадды токтотууга кудуреттүү болгону үчүн ушул жол менен аны токтотушу керек болот. Адам өлтүрүүнү өзү өлүшүнө сабыр килиш менен жоюунун абзелдигини себеби мындай, уламалар адам өлтүрүүнүн арамдыгына ижмаъ кылышкан жана өзү өлтүрүлүшүнө макул болуу жаатында болсо, ихтилаф кылышкан», – деген.

Бул нерсе эки жамандыктын же эки арамдын жеңилирээгин ыктыяр кылууга ачык-айкын мисал болот. Себеби бул жамандыктардын бирин аткаруудан башка айла жок. Эгер мүмкүнчүлүгү болгондо, албетте алардын экөөсүн тең токтотушу важиб болмок.

Имам Иззуддин башка мисалда айтат:

«О.э. эгерде жалган күбөлүк бериши же батыл менен өкүм кылышы же айрым арамдарды адал кылып бериши үчүн өлтүрүү менен мажбурланса, мындай адам өлтүрүү менен мажбурланса да же дене мүчөлөрү кесип жиберилиши менен мажбурланса да, жалган күбөлүк бериши да, батыл менен өкүм чыгарышы да жаиз эмес. Себеби, өлүмгө макул болуу – бир бейкүнөө мусулмандын өлүмүнө себепкер болуудан, анын дене мүчөлөрү кесип алынышынан же арамдын адал кылынышынан абзел. Эгер жалган күбөлүк берүү жана батыл менен өкүм чыгаруу малга тиешелүү болсо, жанын сактап калуу үчүн башкасынын малын жеп болсо да, аны сактап калганы сыяктуу жалган күбөлүк берүү менен малга зыян жеткириши мүмкүн.

О.э. ким арак ичүүгө мажбур болсо, чаңкоосун кандырууга арактан башка нерсе табылбаса, ал аракты ичет. Себеби, мындай абалда шарият назарында жанды сактап калуу жогорудагы мухарраматтарга (арам кылынган нерселерге) амал кылуудан абзел турат».

Дагы башка мисалда айтат:

«Эгер башканын малын жешке мажбур болсо, аны жейт. Себеби, башканын малынын арамдыгы жандын (өлүмүнө кайдыгер болуунун) арамдыгынан жеңилирээк. Бирөөнүн малына зыян жеткирүүнүн ордуна жанын жоготуу чоңураак күнөө. Бул эки пайданын ортосун жамдоо жана башка пайданы сарптоо деген коидага кирет».

«Эгер музтар-мажбур киши өлүк адамды тапса, анын этин жеш адамдын ачкалыктан өлүшүндөгү жамандыктан жеңилирээк.»

«Эгер адам жаш балдардын үстүнө куласа, эгер алардын бирин басып алса, ал жаш бала өлөт. Бут койгону жер жоктугунан анын жанындагы баланы басып алса, аны өлтүрөт. Бул маселеде, шаръий өкүм жок деп айтылат. Ал шарияттар келишинен мурунку аслга (т.а. Шореъ тараптан бирер маселеге өкүм келбеген болсо ошол маселеге өкүм жок деген коидага) кайтат. Шарият бул эки жамандык ортосунда тандоо укугун берген эмес. Андай болсо, эгер жаш балдардын айрымдары мусулман, айрымдары кафир болсо, кафир баланы тебелеш керек болобу? Себеби, биз эгер кафир балдар менен тирүү коргон жасалса, аларды өлтүрүш мүмкүн, деп эсептейбиз. Мындай абал мусулман балдары болсо мүмкүн эмес».

Имам Иззуддиндин «Маселе шарият келишинен мурунку аслга кайтат», дегени мындай, балдардын бардыгы назарий жактан бирдей болушат. Эгер бирер окуя жүз берсе, мындагы шарт төмөнкүдөй болот, бул окуядагы манатул хукм алардын умумий балдар дегенден хосураак сыпатына кайтарылат. Бул маселени биринчилерден болуп – Валлоху аълам – эки харамдын имамы ал-Жувайбий өзүнүн «Гиясул умам индит тияс аззулм» китебинде келтирген жана мунун шариятта өкүм жоктугун айткан. Негизи, ал ушул китептин өзүндө ар кандай окуянын өкүмү шариятта бар экендигин баса белгилеген.

Иззуддин Абудусаламдын мисалдарынын дагы бири:

«Эгер деңиз толкуп, оордукту азайтуу үчүн кемедегилердин жарымы деңизге ташталбаса, алардын баары өлүшү анык болуп калса, алардын бирин да деңизге ыргытуу жаиз эмес. Себеби, алардын бардыгы исмат-күнөөдөн тазалыкта бирдей. Күнөөсүз адамды өлтүрүү болсо арам. Эгер кемеде мал-дүйнө же мухтарам (нахак өлтүрүү арам болгон) айбан болсо, алгач мал-дүйнөнү андан кийин айбанды ыргытуу керек болот. Себеби, мал-дүйнө жана мухтарам айбандарды жоготуудагы жамандык адамдардын жанын жоготуудагы жамандыктан жеңилирээк.»

«Эгер адам эки мухтарам айбандын бирине зыян жеткирүүгө өлүм коркунучу менен мажбурланса, алардын арасында ыктыяр кылышы мүмкүн».

«Эки чөйчөктүн биринде арак бар. Эгер адам алардын бирин ичүүгө мажбурланса, алардын ортосунда ыктыяр кылат»

«Эгер ачкалыкта дарулхарб калкынан мусулман эмес эки адамды таап алса, алар бирдей болсо, алардан каалаганын жейт. Эгер алардын ортосунда тафавут болсо, мисалы, алардын бир таптакыр чоочун, экинчиси болсо, атасы, баласы же энеси болсо, чоочунду коюп, өзүнүн жакынын жеши макрух болот. Кудум жихадда өз жакынын өлтүрүү макрух болгону сыяктуу. Эгер ал балагатка жеткен кафир менен бирге бөбөк же мажнунду таап алса, кафирди союп жейт. Сабий жана мажнундан өзүн тыят. Себеби, аларды жеш мусулмандардын үстүндөгү алардын акысын сая кетирүү болот.  О.э.  чыныгы кафир хукмий кафирден төмөнүрөөк турат.»

«Кафирлерден аялдарды, согушка катышпаган карыларды жана жаш бөбөктөрдү өлтүрүү жамандык. Бирок, эгер кафирлер аларды коргон кылып алышса, аларды өлтүрмөйүнчө кафирлерди кайтаруу мүмкүн болбосо, аларды өлтүрүү жаиз болот».

«Күнөөсүз мусулмандарды өлтүрүү жамандык. Бирок, эгер кафирлер аларды тирүү калкан кылып алышса о.э. мусулмандарды басып алуу коркунучу туулса, аларды өлтүрүү жаиздиги жөнүндө ихтилаф бар. Себеби, он мусулманды өлтүрүү бардык мусулмандар өлтүрүлүшүнөн жеңилирээк жамандык болуп эсептелет.»

Имам Газзали мына ушул акыркы мисалды мындай шархтайт:

«Эгер кафирлер бир топ мусулман туткундарды алдына калкан кылып алышса, биз аларга тийбесек, кафирлер бизди талкалап, Дарул ислам үстүнөн жеңишке жетишет. Натыйжада бардык мусулмандарды өлтүрүшөт. Эгер биз калкан кылынгандарды бутага алсак, эч бир күнөөсү жок мусулмандарды өлтүргөн болобуз. Мунун шариятта эч бир актоочусу жок. Эгер аларды өлтүрүүдөн тыйылсак, кафирлердин бардык мусулмандар үстүнөн жеңишке жетүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратып берген болобуз. Ошондо алар мусулмандарды да, алардан кийин туткундарды да өлтүрүшөт. Ошондуктан, жогорудагы мисалды келтирип жаткан киши туткун ар кандай абалда өлгөн болуп эсептелет деп айтышы мүмкүн. Ушундай болгон соң, туткундарды өлтүрүп бардык мусулмандарды сактап калуу шарият максатына ылайык келет. Себеби анык билгенибиздей, шарияттын максаты өлтүрүүнү азайтуу, мүмкүн болушунча анын жолун тосуу. Эгер өлтүрүүнүн жолун тосо албасак да, эч болбосо аны азайтууга кудуреттүү болобуз».

Бул мисалдар айкындаштыргандай, эки арамдын же эки жамандыктын жеңилирээгине амал кылына турган абал – бул эки арамдан же эки жамандыктан четтөөгө же алардын экөөнү тең токтотууга алсыздык кылына турган абал экен. Имамдын мына бул сөзүнө көңүл буруңуз;

«Эгер аларды өлтүрүүдөн тыйылсак, кафирлер бизди талкалап, Дарул ислам үстүнөн жеңишке жетишет жана бардык мусулмандарды өлтүрүшөт. Эгер калкан кылынган туткундарга карата ок чыгарсак, эч бир күнөөсү жок мусулмандарды өлтүргөн болобуз».  «Эгер өлтүрүүнүн жолун тосо албасак да, эч болбосо аны азайтууга кудуреттүү болобуз».

Андан соң Газзали айтат:

«Эгер кафирлер калаа ичинде мусулмандарды коргон кылып алышса, мунун мааниси башка. Себеби мындай жерде калкан кылынган мусулмандарга карата ок чыгарууга болбойт. Себеби, бул орунда калааны фатх кылуунун зарылдыгы жок болот.»

Айрым имамдар тарабынан эки жамандыктын жеңилирээги коидасына амал кылуу жаатында келтирилген ушул мисалдардан бул коиданын мааниси жана аны колдонуу орундары белгилүү болот. Дагы пайдалар жана зыяндар ортосундагы таразанын көрүнүшү да белгилүү болот. Илим, фикх аталышы астында айтылып жаткан сөздөр, көрсөтмөлөр көлөкөсүндө Үммөттүн таш-талканын чыгарып жаткан балээ-апааттардын көлөмү белгилүү болот. Бул душмандарын моюнуна мингизип алып, аларга малайлык кылып жаткан Үммөттүн канчалык деңгээлде төмөндөп кеткенине ишара. Ошондуктан, ушул коиданы иштетүүдө катага жол берүүдөн этият болуш керек. Шаръий өкүмдөрдү башаламан кылып жибере турган нашаръий, ката өлчөөлөрдөн сак болуш керек. Кана эми, тигилер бул коиданы өз ордунда колдонбостук канчалык ката экендигин жана анын Үммөткө болгон коркунучу канчалык улуу экендигин түшүнүп калышса, балким, ошондо кылган иштерине тообо кылышып, дилдерин кирдетип жаткан жаман ойлордон кутулууга киришет беле.

Аллах Субханаху пенделеринин дилдериндеги максаттарды билүүчү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here