Халифалыкты тикелөө тарыйкатын акыл эмес, шарият белгилеген

216
1

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Халифалыкты тикелөө тарыйкатын акыл эмес, шарият белгилеген

Халифалыкты тикелөөнүн шаръий тарыйкатын Хизб-ут-Тахрир белгилебеген, аны шарият гана белгилеген. Бул тарыйкатты Исламга даъват башталган күндөн тартып мамлекет тикеленгенге чейинки Расулуллах ﷺдын сийраты баян кылууда. Расулуллах ﷺ мамлекет тикелөөдөн мурун ошол убактагы аймактардын абалына ылайык мамлекеттин курамдык бөлүгүн түзгөн күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылды. Ошондуктан, Расулуллах ﷺ күчтүү урууларга кайрылып, аларды Исламга даъват кылды жана нусрат талап кылды. Мисалы, Сакиф уруусу, Амир урпагы, Шайбан урпагы жана Мадинадагы ансарлардан талап кылды. Кичине урууларды Исламга гана даъват кылды. Расулуллах ﷺ жолдо учураган кыйынчылыктарга карабастан бул ишти улантты. Усул эрежелерине ылайык, кыйын иштин кайталанышы анын шаръиий түрдө фарз экенине далалат кылат. Ошентип, Расулуллах ﷺ күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылууну улантты жана бир уруу анын бутун канга бөлөдү, дагы бир уруу тоскоолдук кылды, дагы башкасы ага шарттарды койду. Ошого карабастан, Расулуллах ﷺ ага келген вахийде бекем турду… Бул тарыйкаттан башка тарыйкатка өтпөдү, мисалы, сахабаларды Мекке калкына каршы согушууга же айрым уруу арасында мамлекет тикелөө үчүн аларга каршы согушууга буйруу сыяктуу тарыйкатты колдонбоду, негизи, сахабалар Аллахтан башка эч кимден коркпогон эр жүрөк адамдар эле. Расулуллах ﷺ күч-кубат ээлеринен нусрат суроону таптакыр токтотподу, акыры, Аллах Субханаху ансарларды чыгарды. Мусъаб розияллаху анху Расулуллах ﷺ тарабынан Мадинаи Мунавварада мойнуна жүктөлгөн вазыйпаны ийгиликтүү аткарды, кийин сахабалар ага экинчи Акаба байъатын беришти. Аллах Субханаху Мусъаб розияллаху анхуга нусрат-жардам берген күч-кубат ээлери менен сыйлаганына кошумча, Мадинаи Мунавварада Расулуллах ﷺ жүктөгөн вазыйпаны ийгиликтүү аткаргандан кийин Аллахтын уруксаты менен Мадина үйлөрүнө Исламды алып кирип, Ислам туурасында коомдук пикирди пайда кылды. Натыйжада ансарлардын байъаты менен коомдук пикир шайкеш болду. Кийин Расулуллах ﷺ таза байъат о.э. Мадинаи Мунаввара калкы тарабынан жылуу күтүп алынышы менен ал жерде мамлекет тикеледи.

Мамлекет тикелөөнүн шаръий тарыйкаты мына ушул. Аслга ээрчүү шарт, демек, пенделердин амалындагы аслдык – бул шаръий өкүмгө чектелүү. Мисалы, мусулман кандай намаз окууну үйрөнмөкчү болсо, ал намаздын далилдерин үйрөнөт, жихад кылмакчы болсо, жихаддын далилдеринен сабак алат, демек, мамлекет тикелемекчи болсо да Расулуллах ﷺдын мамлекет тикелөөдөгү далилдерди үйрөнүшү керек. Андан мамлекетти тикелөө жөнүндө тарыйкат келген, бул анын сийраттында ачык баян кылынып келген. Бул тарыйкатка ылайык, ал ошол убактагы аймактардын абалына ылайык мамлекеттин курамдык бөлүгүн түзгөн күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылды. Алгач аларды мусулман болууга даъват кылды, кийин аларда жана алардын аймагында ваъйи аммадан келип чыккан раъйи амманы т.а. коомдук пикирди жүзөгө келтиргенден кийин, алардан нусрат берүүнү, ыраазылык жана ыктыярлуу байъат берүүнү талап кылды.

Ушуга ылайык, Ислам Умматы жана анын армиялары, ар бир күч-кубат ээси Хизб-ут-Тахрир менен биргеликте Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн бул тарыйкатка ылайык аракет кылышы керек. Муну менен умматтар арасындагы өз деңгээлибизди кайра тикелеп, адамдар арасында адилеттик орнотолу, окуяларды жаратып, адамдардын жашоосунда активдүү жана таасирдүү бололу… Эң маанилүүсү Аллах Субханаху ва Тааланы ыраазы кылалы.

 

Роя гезити, №394, 2022-жыл, 8-июнь.

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here