Ислам долбоору – Шам козголоңунун бекем коргону

28
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ислам долбоору Шам козголоңунун бекем коргону

 Устаз Ахмад Муаз

Түркия президенти Эрдаган май айынын башында анын өлкөсү бир миллиондон ашуун качкынды Сириянын түндүгүндөгү «коопсуз» аймактарга «ыктыярдуу» түрдө кайтарууга даярдык көрүп жатканын билдирди. Ал баса белгилегендей, эл аралык уюмдардын жардамында Анкара сириялык качкындар үчүн «ыктыярдуу кайтуу» долбооруна даярданууда. Бул билдирүү Түркиянын коопсуз аймак түзүү үчүн Сириянын түндүгүндө аскерий операция өткөрмөкчү экендиги туурасында айтылып жаткан сөздөр менен бир убакта айтылды. Белгилүү болгондой, Түркия 30-35 километр узундуктагы коопсуз зона түзүүнү көздөп жатат. Маалымат каражаттары Идлибде аскерий операциялар алып барылышы туурасында жар сала башташты. Мурек жана анын тышында да аскерий операциялар болушу айтылууда. Эрдаган түштүктөгү чегара бойлоп 30 км. коопсуз зона орнотуу боюнча баштаган иштердин калган бөлүгү да тез арада улантыларын, айрыкча, Түркияга чабуул кылуу үчүн башталгыч чекит эсептелген аймактарда жана мурун курулушу пландалган коопсуз аймактарда кайра иш башталарын билдирди.

Түркиянын сириялык качкындарды өз өлкөсүнө «ыктыярдуу» кайтаруу туурасындагы билдирүүсү менен бир убакта Сириянын түндүгүндө да коопсуз аймак түзмөкчү экендиги туурасында эски сөздөр пайда болду. Бул нерсе ушул каалоону ишке ашыруу үчүн ылайык деп эсептелген убакта болууда. Негизи, Түркия өкмөтү коопсуз аймакты түзүү анын улуттук коопсуздугуна байланыштуу десе да, бирок, бул – эгер ишке ашса – Сирияда Америка үчүн көрсөткөн чоң кызматтарынын акысына берилген болот. Айрыкча, учурда Россия-Украина согушу болуп, Швеция менен Финляндия НАТОго кошулууну билдирип жатат о.э. бул эки мамлекет Түркия террорчу партия деп эсептеген Күрдстан Жумушчулар Партиясын колдогону үчүн алардын НАТОго кошулушуна карата Түркиянын позициясын жумшартуу зарыл болуп турат.

Бирок, Америка Түркиянын аскерий операция өткөрүшүнө жана учурдагы абалды өзгөртүшүнө уруксат бербеди, муну менен кул кожоюндун буйругуна эч качан каршы чыкпашы дагы бир ирет далилденди.

Туура, Эрдагандын шайлоодо жеңип чыгышы Америка үчүн керек жана Эрдаган өз эли алдында аброюн тикелеп алуусу үчүн бирер иш кылышына уруксат берет. Бирок, Америка анын ылайыктуу сааты келе элек деп жаткан көрүнөт. Ушул себептен улам, Түркия тышкы иштер министри «аскерий операцияны коркунуч күчөгөндө гана баштоого мажбур болобуз» деп билдирүү берүү менен чегингенин көрдүк. Анын «коркунуч күчөгөндө» деген сөзү аскерий операция кечиктирилгенин же Эрдаган тарткан бардык кызыл сызыктардан баш тартылгандай, андан да баш тартылганын түшүндүрөт.

Бул аскерий операция жөнүндөгү кеп-сөздөр көбөйө электе Идлиб регионун көзөмөлүндө кармап турган Хаят Тахрир Шам мубарек Шам козголоңуна каршы кезектеги кылмышка барды. Т.а. БУУнун гуманитардык жардамдарын фронт аркылуу Тарнаба өтмөгүнөн канкор режим менен биргеликте киргизди. Чынчыл козголоңчуларга белгилүү болгондой, Хаят Тахрир Шамдын козголоңчуларга жана аларды өз кучагына алган элге каршы мындай кадамы канкор режим менен мамилелерди нормалдаштырууга, ушул аркылуу Америка каалаган саясий чечимге адамдарды ыраазы кылууга мажбурлоого багытталган.

«Сирия жана региондун келечегин колдоо» деген ураан астында донор мамлекеттердин Брюссель конференциясы болуп өттү жана анда ири көлөмдө акча чогулду. Бул конференция кошуна мамлекеттердеги сириялык качкындар жана Сириянын түндүгүндөгү көчүрүлгөндөр үчүн БУУнун жардам көрсөтүү программасын колдоого багышталганы билдирилди. Конференцияда ири көлөмдө акча чогулганынан көрүнүп тургандай, Америка Шам козголоңунун бүткөнүн жарыяламакчы. Америка Сириядагы кризисти кылмышкер режимден зулумдарды көрүп, ага каршы козголгон элдик козголоң эмес, мамлекеттердин финансылык колдоосун талап кылган гуманитардык кризис деп көрсөтүү менен муну ишке ашырууда.

Бул тил бириктирүүчү донор мамлекеттерге малайлык кылуу, алар менен алака кылып, жардам сурап кайрылуу ушундай бир илдет болуп, эң күчтүү армияларга ээ мамлекеттердин кол-бутун кишендеп, бир да кадамын кожоюнунун макулдугусуз таштабаган мамлекеттерге айлантат. Мына, Түркия режимин алып карагыла, ал Америкага дүйнөдө көптөгөн маселелерде чоң кызматтарды көрсөткөнүнө карабастан, анын улуттук коопсуздугуна бир аз жардам бере турган коопсуз аймакты түзүүнү көптөн бери ишке ашыра албай, кол-буту байланып келүүдө!

Ко-ош, өз эркин өз колу менен донор мамлекеттерге тапшырган жана аң-сезими жок согушкер жамааттардан козголоңго жана Умматка бирер жакшылык күтүү мүмкүнбү?! Алар мына ушундай пикирлөөдө уланта беришсе о.э. козголоңдун тагдыры козголоңчулардын курмандары жана адамдардын наны менен соодалашып жаткан адамдардын колунда кала берсе, алардан эч качан жакшылык болбойт.

Бул согушкер жамааттарда саясий аң-сезимдин жоктугу, эрк жана чечимин душманга тапшырып коюшканы аларды адаштырып, ыңгайлуу мүмкүнчүлүк жана шартты колдоп чыгара турган кылды. Алар тил бириктирүүчүлөргө алданып, ички чыр-чатак жана жалган убадалар тузагына оңой эле түшүп жатышат. Азыркы ыңгайлуу мүмкүнчүлүк жана шарт аларга өз жолун түздөп алууга, козголоңдун чечимин кайтарып алуу үчүн олуттуу аракет кылууга мүмкүнчүлүк берет… О.э. козголоңдун максатын, негизинен, канкор режимди кулатуу жана Ислам башкаруусун тикелөө үчүн калыстык менен аракет кылууга кудуреттүү кылат.

Россия Украинада согуш баткагына малынууда, Сириядагы аракетин олуттуу түрдө жоготууда жана ал жерден кээ бир күчтөрүн чыгарып кеткени туурасында кабарлар бар… Бул жакта болсо Башар режими да эң алсыз күндөрүн өткөрүп жатат… Бирок, бул согушкер жамааттар унчукпай жатышат. Унчукпай гана калбастан, ал тургай, адамдарга зомбулук кылуу жана жасалма өкмөттөрдү коргоо менен да алектенип жатышат… Бул өкмөттөрдүн милдети – зулум жана зомбулукту мыйзамдаштыруу жана эл аралык коомчулукка жарандык башкаруу деген нерсени сунуштоо!

Козголоңго каршы күрөштү мамлекеттер, уюмдар жана согушкер жамааттардын колу менен башкарып жаткан Америка Сириядагы саясий жана аскерий боштуктун толбой калышын кооптуу деп эсептеп жатат. Себеби, бул боштукту чет мамлекеттер менен алака кылбаган калыс козголоңчу күчтөр толтурушу мүмкүн. Мисалы, мурунку АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон: «биз Сирияда саясий боштук болушуна эч качан жол бербейбиз», – деген. Ушул себептен улам, Америка ошол убакта улуттук кеңеш түзүү үстүндө иштеди, анын ийгиликке алып барбашы артынан улуттук коалиция түздү. Ошондуктан, Россиянын аракети алсыраган жана мындай чоң боштукту Иран да толтура албай турган бүгүнкү назик баскычта Америка даяр турууга аракет кылып жатат.

Америка Шам калкын ачка калтыруу, курчоого алуу, зулум-зомбулук кылуу, террор кылып, камакка алуу аркылуу тынымсыз басым кылып жатканына карабастан, бул элибиздин жүрөгүндөгү козголоңду жок кыла албады. Биз буга көп абалдарда күбө болдук, мисалы, козголоңчулар эл аралык гуманитардык жардамдар фронт аркылуу канкор режим менен биргеликте киргизилишин каралашты… о.э. Халабдын чыгышындагы Баб шаарынын калкы режимдин кыргын жана намыска кол салуу амалияттарын жасаган деп айыпталган кызматкерлери аскерий полиция тарабынан коё берилгенине каршы демонстрация өткөрүштү. «Өткөөл өкмөттүн» коргоо министри билдирүү берип, бул кызматкерлердин коё берилишине жооптуу офицерди кызматтан бошотуудан баш тарткандан кийин бул нааразылык демонстрация дагы да күчөп, Иъзаз жана Ифрин шаарларына чейин кеңейди… О.э. козголоңчулар коррупционерлерди коргоо деген оюнга каршы чыгып, кескин мамиле билдиришти. Бул нерселерден көрүнүп тургандай, Шам калкы алыстагыдан мурун жакындагынын кыянаты жана тил бириктирүүсү сыяктуу көптөгөн фитна-сыноолорду башынан өткөрүшкөнүнө карабастан, козголоң алардын жүрөгүндө терең орношкон.

Шам козголоңу үстүндөгү мындай эл аралык тил бириктирүү ар кандай акыл жүргүзгөн адамга ачык көрүнүп калды… Түркиянын ролу болсо найзанын башы болуп эсептелет.

Шам козголоңу кандай абалга келип калганын түшүнөбүз о.э. башка «араб жазы» козголоңдорун үйрөнүп, алардын акыбети кандай аяктаганын билебиз, бул нерсе Шам калкы алдында үлкөн жоопкерчиликти жүктөйт. Чоң тил бириктирүүлөр жана оор кыйынчылыктар ириминде жашап жаткан козголоңдун кемесин куткарып калуу зарыл. Булардын баары козголоңдун анык жана тунук исламий долбоорго ээ аң-сезимдүү саясий жетекчиликке муктаж экенин дагы бир ирет баса белгилеп жатат. Ушундай жетекчилик гана баарын өз байрагы астында бириктирип, алардын аракетин бир нукка бурат, калималарын жамдайт, жолун ачыктап берет. Муну менен, алар бул хидаят жана аң-сезим жолунда болуп, Аллах Субханахунун убадасын о.э. Расулуллах ﷺдын залим падышалыктын урандылары үстүндө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын тикелениши туурасындагы башаратын жүзөгө чыгаруу зарыл.

Хизб-ут-Тахрир анык-тунук жана толук дастур формасында сунуштап жаткан долбоор мына ушул. Бул долбоорду кабыл алуу менен Шам козголоңун жок кылууга жана курмандыктарын сатууга каратылган бардык тил бириктирүүлөргө каршы туруу керек. Ошондон кийин козголоң бекемделип, Америка Женевада парда артында даярдаган куфр конституциясынын аткарылышына чекит коюлат.

Биз Роббибиздин убадасына, өзгөрүү жасоо Уммат перзенттери менен Шам козголоңчуларынын жүрөгүндө бар экенине о.э. Аллахтын нусраты жакын экенине терең ишенебиз. Шам козголоңунда карамүртөздүктүн өмүрү узун эмес, себеби, бул өлкө Китеп-сүннөттө берекелүү жана ыймандуу деп айтылган. Береке жана ыйман талаштын өмүрүн кыскартып, мунафыктарды жок кылат. Т.а. бүгүн Шам өз денесинен илдет-бузгунчулукту чыгаруу үчүн катуу ооруларды башынан өткөрүүдө о.э. жыргалчылыкка жетүү жана оңдолуу алдында турат. Негизи, анын оңдолушу менен бүткүл Ислам Умматы оңдолот, инша Аллах.

 Роя гезити, №394, 2022-жыл, 8-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here