Иордания соту Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө адилетсиз өкүмдөрдү чыгаруу менен Аллахтын жолуна тоскоолдук кылууну улантууда

131
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Иордания соту Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө адилетсиз өкүмдөрдү чыгаруу менен Аллахтын жолуна тоскоолдук кылууну улантууда

Шаршемби күнү Иордания коопсуздук соту Хизб-ут-Тахрирдин эки мүчөсүнө адилетсиз өкүм чыгаруу менен Исламды жана Исламга даъват кылуучуларды жек көрүшүн дагы бир ирет далилдеди. Сот 10 күндөн бери камакта кармалып турган доктор Салим Жарадатты бийликке каршы чыгуу айыбы менен 3 жылга эркинен ажыратты. О.э. өткөн жылдын башынан бери камакта кармалып турган Ибрахим Гараблийди да Хизб-ут-Тахрирге мүчө болуу айыбы менен эки жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Иордания режиминин бул өкүмдөрү Америкага тартуу кылып жаткан кезектеги отчёттон о.э. «мамлекеттин коопсуздугун сактоону» шылтоолоп акыйкатты айтып жаткандардын оозун басууга каратылган кезектеги аракетинен башка нерсе эмес! Негизи, бул мамлекет яхудийлердин, англистердин, америкалыктардын жана алардын тыңчыларынын короосуна айланып бүткөн, өлкө байлыктары жана жарандардын мал-мүлктөрү коррупционер жетекчилер тарабынан талап-тонолууда!».

Билдирүүдө дагы мындай караланат: «Иордания режими Исламга жана Исламды колдонууга чакырган даъватты бийликтин коопсуздугуна коркунуч, камоо жана жазалоого ылайык нерсе деп билеби?! Батышка көз каранды, мыйзамдуулукта ага таянган жана жөргөмүш желесинен да күчсүз мындай кор, ийгиликсиз режим кыйрасын! Ал Умматтан да, өлкө калкынан да эч кандай колдоого ээ эместигин, ыпластыгынан жана шерменделигинен баары тажап жатканын түшүнүүдө».

Билдирүүнүн аягында мындай делет: «Биз жемелөөчүнүн жемесинен да, залимдин зулумунан да коркпой акыйкатты бийик айтууну улантууга Аллах Таалага жана Умматка убада-шерт беребиз. Расулуллах ﷺ жана сахабалар кафирлердин куфурунан жана залимдердин зулумунан бүткүл адамзатты куткаруу үчүн даъватты көтөрүп чыгып, аны адамдарга жеткирүү жолунда көптөгөн азап-кыйынчылыктарга учураганы ар дайым эсибизде».

 

Роя гезити, 2022-жыл, 8-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here