Акылбек Жапаров: Карызды төлөй албасак айрым обьектилерди башкаруу бөлөк бирөөлөрдүн колуна өтүп кетет

29
0

Акылбек Жапаров: Карызды төлөй албасак айрым обьектилерди башкаруу бөлөк бирөөлөрдүн колуна өтүп кетет

 Кабар: Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат беришти.

 Жыйында тышкы карызды төлөө маселеси бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү өзгөчө орунда турганын айткан Акылбек  Жапаров эгер Кыргызстан карызын убагында бере албаса, бир нече объектилерди башкаруу башка бирөөлөрдүн колуна өтөрүн эскертти.

 “2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыдагы беш жыл катары менен биз 35 миллиарддан 50 миллиард сомго чейин каражат жумшап турушубуз керек. Тышкы карыздын 50% ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албай калсак Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт”, – деди Акылбек Жапаров.

 2022-жылдын 28-февралына карата, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 182 миллион долларга жеткен. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга барабар болгон. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзүп калган.

 Комментарий: Кыргызстандын учурдагы  жана мурдагы жетекчилери 30 жылдын ичинде алган тышкы карыздар карапайым калкка бирер пайда алып келбеди. Канчалык өлчөмдө карыз алынбасын, алынган карыздардын бардыгын ошол кездеги өкмөт жана чиновниктер талап-тоноп, өздөштүрүп алышты. Жөнөкөй эле бир мисал, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо үчүн Кытайдан алынган 386 миллион доллар бааларды ашыра көрсөтүү менен (бир даана кычкач 600 доллар) таланып-тонолду. Мамлекетке алынып келген жабдыктардын баасы – бажы кызматынын маалыматына ылайык – документтегиден 800 миң долларга аз көрсөтүлгөнү аныкталган. Кытай компаниясы ачык-айкын болбогон админстративдик жана “консультациялык чыгымдарга”  дэээрлик 20 млн доллар акча жумшаган. Алынган 386 миллион доллар болсо пайызы менен 500 миллион доллар кылып кайтарылышы керек. Курулушу башталганда жалпы баасы 850 миллион долларга бааланган түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун баасы да акыры келип 937 миллион 500 миң долларга чейин көтөрүлдү.

 Адаттагыдай эле, жаңы келген бийлик мамлекеттик карыздын көбөйүп кетишине мурункуларды айыптап, алардын катасы себептүү мамлекет карызга батып калганын айтып келет.

Былтыр февраль айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат агенттиктеринин бирине берген интервьюсунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик карыздар боюнча келишимдерге кол койгонун, ошол келишимдер себептүү Кыргызстан кптөгөн объектилерин алдырып коюшу мүмкүндүгүн айткан. Жапаров айыптууларды камакка алып, “кустургандан”кийин бошотуп жиберди.

Садыр Жапаров президенттик шайлоонун алдында “Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп жатабыз. Кутулуунун жолун табабыз”, – деген эле. А бирок бүгүнкү күнгө келип, карыздардан кандай кутулмакчы болгону ачыкка чыгып калды. Өкмөт бошоп калган бюджетти толтуруу жана карыздардан кутулуу үчүн элдин мойнундагы салыктардын түрүн жана көлөмүн көбөйтмөкчү болууда. Ошондуктан да өкмөт бардык ишкерлерди ККМ пайдаланууга мажбурлап жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште “Жол фонду” аркылуу ар бир унаадан салык алуу маселеси каралып жатканын билдирди. Ансыз деле автоунаанын ээси унаасына куйган ар бир литр бензин үчүн акциз салыгы жана кошумча нарк салыгы (НДС) көрүнүшүндө салыктарды төлөп келген. Анын айтымында, жаңы салык жолдорду оңдоп-түзөөгө жана тышкы карыздарды төлөөгө жумшалат. Демек, ошол кездеги чиновниктер жеп кеткен карыздар элдин моюнунда кала берет. Эл болсо өкмөт салып жаткан орунсуз жана шариятка тескери салыктарды төлөй берет. Мындан тышкары, бул чогултулган салыктар максаттуу жумшалышына, коррупциялык жолдор менен таланып-тонолуп кетпешине эч кандай кепилдик жок.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here