Садыр Жапаров: Казинодон түшкөн акчага элибиздин жашоо шартын жакшылап алалы

149
0

Садыр Жапаров: Казинодон түшкөн акчага элибиздин жашоо шартын жакшылап алалы

Кабар: Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда казинолордон түшкөн акчага калктын жашоо шартын жакшылап, мамлекеттик кызматкерлердин маяналарын жогору “деңгээлге чыгарышыбыз керек” деп билдирди.

 Жапаров казиного чет элдик миллионерлер жана миллиардерлер киришин баса белгилеп, казына миллиарддаган салык түшөт деп эсептейт.

 “Ошол каражаттар менен айылдарыбыздын жолдоруна чейин оңдойлу, тышкы карызыбыздан кутулалы… Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акыларын бир айдан экинчи айга үй-бүлөлөрүн бакканга кенен жеткидей деңгээлге чыгарышыбыз керек. Ошондо гана коррупция токтойт”, – деди Жапаров.

 Жапаров Кыргызстан жарандары үчүн казиного кирүү тыюу салынарын баса белгилеп, ага мамлекет кепилдик берет деп ишендирди.

 “Эгер кыргыз жаранын козиного киргизген болсо, анда ал казино ээси лицензиясынан ажырайт. Ошондуктан казино ээси кыргыздын 5-10 миң доллар акчасына кызыгып, өзүнүн миллиондогон долларга сатып алган лицензиясынан ажырап калгысы келбейт. Анан дагы казиного карапайым адамдар кирбейт. Аларга кызыгы да жок”, – деди Жапаров.

 Комментарий: Кыргызстан калкынын көпчүлүгү мусулмандык ишенимге таянып өлкөдө кумарканалардын ачылышына каршы чыкканына карабастан, Жапаров жетектеген  кыргыз өкмөтү кудум элге өчөшкөндөй кумарканаларды ачуу маселесинде бекем турууда. Парламентте өкмөт тарабынан сунушталган кумарканалар жөнүндөгү мыйзам депутаттар арасында талаш-тартышууларга себеп болуп, айрым депутаттар мыйзам долбооруна каршы добуш берип, айрым саясатчылар да кумарканалардын ачылышына каршы позицияны кармангандан кийин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев каршы добуш берген депутат жана саясатчыларга алардын ар бир ишинен кабардар экендигин айтып коркутууга чейин барды. Президент болсо “кумаркана арак соодасынан адалыраак” деп Ислам жана мусулмандардын баалуулуктарын тебеледи.

 Жапаров жана Ташииев тандеми кежирленип кумарканалардын ачылышын колдоп жатышы жана коркутууга чейин барганы курмаканаларды ачуу аларды бийликке алып келген күчтөр менен мурунтан келишилген деп божомол кылууга негиз жаратат. Кумарканаларга Кыргызстан жарандары киргизилбейт деген пункту аткаруу мүмкүн эместиги ачык-айкын. Себеби, Россия жана башка мамлекеттин жарандыгын алган теги кыргызстандыктардын саны он миңге, а түгүл жүз миңге жетет. Казинолор аркылуу аткаминерлер жана “каралар” өздөрүнүн арам акчаларын адалдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

  Кумарканалар туристтерди тартуу же бюджетти толтуруу, элдин жыргалчылыгын камсыздоо, иш акыны жогорулатуу үчүн керек  деген сөздөр адамдарды чалгытуу үчүн ойлоп табылган курулай сөздөр гана. Андан тышкары, арам нерседе эч качан береке болбойт. Бул расмий бийлик өз элинин алкымын булгоодон башка нерсе эмес.

 Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

“Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар?! Чындыгында, шайтан аракта, кумарда ортолоруңарга душмандык жана кек салып, Аллахты эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт.  Ошондой болсо да тыйылбайсыңар?!” (Маида сүрөсү, 90-91-аяттар)

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here