Өзүмдү (Израилде) тургандай сездим

177
0

Өзүмдү (Израилде) тургандай сездим

Түркияда жашаган фалестиндик бир жаш кыздын күйүтү жүрөктөрдү эзди. Түркияда качкындарга карата күндөн күнгө күчөп бара жаткан улутчулдук бул кыздын зар-муңуна себеп болду.

Фалестиндик кыздын мектеп директорунун орун басарына айтып бергенине караганда, анын атасы базарда керектүү нерселерди сатып алып жатып, араб тилинде сүйлөгөнү үчүн сатуучу “Мени сөктүңбү” деп кыздын көз алдында атасын таяктаган. Кыз атасы сөкпөгөндүгүн канчалык түшүндүрүүгө аракет кылбасын, текчил зомбулугун токтоткон эмес. Алар полицияга коңгуроо кылышканда, полиция келип, ал да сатуучунун тарабын алган. Кыз көз жаш алып болгон окуяны директордун орун басарына айткан, анын “Өзүмдү (Израилде) тургандай сездим, устаз” деген акыркы сөздөрү кайгылуу жүрөктөрдү эзди.

Ислам тарыхында – Расулуллах A доорунда болсун, Андан кийинки халифалар доорунда болсун – “качкын” сөзү мусулмандар үчүн таптакыр жат сөз болгон. Ал доорлордо качкындар башка диндегилерден болуп, алар өз мамлекетинин же баскынчы мамлекеттердин зулумунан качып, Ислам мамлекетине баанек сурап кайрылышчу. Өз кезегинде Ислам мамлекети аларды коргоого алып, аларга амандык бергени жана адамгерчилик көрсөтүп, укуктарын коргогону тарыхтан белгилүү. Бирок, Халифалык мамлекети англистер тарабынан кулатылып, элүүдөн ашуун мамлекетчелерге бөлүнүп салынган соң, Исламий өлкөлөр бытырандылык, адилетсиздик, жакырчылык, ачкалык, ички башаламандык жана кыргындар иримине кабылды. Натыйжада, тарыхында таптакыр болбогон “качкындык” сыпаты Ислам Умматына да жабышты.

Эң өкүнүчтүүсү, баскынчылыктан, зулумдардан, кысымдардан, ички жаңжалдар жана согуштардан тажаган Ислам Умматы өз жерин таштап, куфр өлкөсүндө сарсан болуп жүрүшкөнү жетишпегендей, Батыш тарабынан тартылган жасалма чегаралар себептүү ал тургай өз өлкөсүндө да бегенеге айланды. Капитализм түзүмү себептүү жүзөгө келген экономикалык кризистер, жумушсуздук жана башка проблемаларга ошол жасалма чегаранын артынан баанек издеп келген мусулмандар себепчи кылып көрсөтүлүүдө. Муну менен Ислам өлкөлөрүнүн башчылары башкарууда же экономикада жол берген каталарын актоо үчүн айыпты качкындарга жүктөмөкчү болуп жаткан болсо, оппозиция өкүлдөрү да бийликти айыптоодо качкындарды бутага алууда. Бул болсо, улутчул топтор арасында качкындарга карата душмандыкты жаратышы табигый.

Түпкүлүгүндө, Сайс-Пико келишими түзүлгөнгө чейин Исламий өлкөлөр ортосунда мындай чегаралар болгон эмес. Негизи, Ислам өлкөлөрүнүн ортосунда чегаралар болушу шаръий түрдө харам болуп эсептелет. Ошондуктан, бүгүнкү күндө фалестиндик ата кызынын көз алдында сабалып жаткан, сириялык үй-бүлөлөр коркунуч астында калган, уйгур мусулмандар мушрик Кытай бийлигине тапшырылып жаткан жерлерде фалестиндиктин да, сириялыктын да, башка мусулмандардын да бирдей акы-укугу бар деп айтууга болот. Кудум эле, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт, Катар жана башка Исламий өлкөлөрдөн чыккан байлыктарга бардык мусулмандардын акысы болгондой. Мусулмандардын бул жана башка акы-укуктары Халифалык мамлекетинин тикелениши менен жакынкы күндөрдө кайра тикеленет, иншаАллах!

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here