Байлар менен кедейлердин арасындагы ажырым өсүп жатат

191
0

Байлар менен кедейлердин арасындагы ажырым өсүп жатат

Кыргызстанда калктын эң бай жана эң жакыр катмардын ортосундагы айырма өсүп жатат. Калктын баардык кирешелеринин жарымы 20 пайызды түзгөн байлардын колуна топтолгон. Байлардын кирешеси 2020-жылы жалпы кирешенин 41,6 пайызын түзгөн эле. Бул тууралуу Улуттук статком билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы калктын акчалай кирешеси жалпысынан 542 млрд. сомду түзгөн. Айына бөлгөндө – киши башына 6 267 сом туура келет. Акчалай киреше дегенде айлык акыны эле эмес, бардык тургундардын алган жалпы кирешесин айтабыз. Ал эми, Кыргызстанда жакырчылык 2020-жылы 20,1 пайыздан 25,3% өскөн. 2022-жылдын аягына чейин инфляциянын айынан мындай адамдардын катышы 35 же 38%га жетиши ыктымал.

Буга чейин БУУнун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын докладчысы Оливье Де Шуттер Кыргызстандагы калктын 70%ы жакыр экенин билдирген.

Мындай көрсөткүч Кыргызстанды жакырчылык деңгээли боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы сапка чыгарды. Салыштырып карасак, кошуна Казакстанда расмий маалыматтарга ылайык, калктын 5,3% гана кедей болуп саналат.

Жакырлар менен капиталисттердин арасындагы ажырым дүйнөлүк деңгээлде өсүп жатат. Ишкер Данияр Аманалиевдин айтымында, адамдардын 10 %ы дүйнө калкынын кирешесинин 52 пайызына ээлик кылат. Эгер байлык, мүлк, активдер эсептелсе, дүйнөдөгү 10%ды түзгөн эң бай адамдар болгон байлыктын 76 пайызын кармап турат. А жалпы калктын 50%ы дүйнөдөгү байлыктын 2 пайызын гана ээлейт.

Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы Айыл-чарба жана соода уюмунун вице-президенти Маурицио Мартиндин айтымында, Украина кризиси күнүмдүк ачка отургандандардын санын 18 миллионго көбөйттү. Тагыраагы, 218 миллионго жетти. Буудайдын баасынын бир пайыз кымбаттоосу дагы 10 млн адамды бул катмарга кошот. Учурда Украина экспорттой албай жаткан дандын көлөмү 20 миллион тоннадан ашат. Ал эми, буудай экспорту боюнча алдыңкы үч өлкө Орусия, Кытай, Индия өлкөлөрү дан азыктарын экспорттоого чектөө киргизүүдө. Кытай менен АКШ азык-түлүк запасын топтоо боюнча болуп көрбөгөндөй атаандашууда.

Жогорудан белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө жакырчылык көйгөйү каражаттын же азык-түлүктүн жетишсиздигине байланыштуу эмес. Тескерисинче, дүйнө капиталы бир ууч адамдын колунда топтолуп калган. Бул көрүнүш ар бир өлкөнүн өзүндө да көрүнөт. Ал эми, азык-түлүк керектөөдөн эки эсе көп өндүрүлүп келет. Анын тең жарымынан ашыгы таштандыга кетүүдө. Капиталисттер пандемия, согуш шылтоолору шылтоосу менен өз байлыгын арттыруу аркылуу жакырлардын катмарын калыңдатууда. Демек, пайдага негизделген капитализмдеги негизги көйгөй туура бөлүштүрүүгө байланыштуу. Байлыкты туура бөлүштүрүү болсо адам акылынан чыккан түзүмдө болушу мүмкүн эмес. Тескерисинче, байлыктын бир ууч адамдын колунда топтолуусуна тыюу салган Ислам түзүмүндө гана ишке ашат! Бул түзүм азык-түлүк сыяктуу негизги муктаждык менен камсыздоону да мамлекетке милдет кылат жана анын туура бөлүштүрүлүүсүн көзөмөлдөйт. Монополисттердин айла-амалдарына катуу тыюу салат.

Демек, жакырчылыктан жана бүгүнкү зулматтан кутулуунун жападан жалгыз жолу Исламды жашоого алып келүүдө. Мындай түзүмгө мусулмандар эле эмес, адамзат муктаж болууда!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here