Америка мурун да улутчул эле, азыр дагы! Халифалык мындан кандай пайдаланат?

256
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америка мурун да улутчул эле, азыр дагы!

Халифалык мындан кандай пайдаланат?

 Устаз Асъад Мансур

2022жылы 15майда бир куралдуу адам АКШнын Нью-Йорк штатынын Буффало шаарындагы соода дүкөндөрдүн биринде ок атып, кара түстүү кишилердин 10 чактысын өлтүрдү. Ал өзүн фашист жана антисемит улутчул деп таанытып, «улуу алмаштыруу» назариясын карманган адам экенин, бул назария мигранттарды жок кылып, алардын ордуна ак түстүүлөрдү коюу назариясы экенин ачык айтты. Чабуул артынан АКШ президенти Байден: «Американын жүрөгүндө так болуп турган улутчулдукка каршы күрөшүү үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылуубуз зарыл», деди.

Байдендин бул сөзү эч нерсени өзгөрпөйт. Анткени, Америка өзү улутчулдук үстүнө курулган. Ошондуктан, ал: «Мен баёо эмесмин, кырсык дагы кайталанышын билемин… Бирок, биз кыла алчу нерселер бар. Т.а. көчөлөрүбүздө куралдарга тыюу салуубуз мүмкүн», деди.

АКШ президенти чече албай жаткан бул мусийбаттар дагы кайталанып, 2022жылы 24майда башка бир улутчул Техас штатында башталгыч мектепке чабуул кылып, теги латын америкалык болгон 19 баланы атып өлтүрдү.

«Gun Violence Archive» уюмунун отчётуна ылайык, бул жылы 200дөн ашуун массалык ок атышуулардын натыйжасында аптасына 10 киши өлтүрүлгөн же кеминде 4 киши жараланган.

Байден бул проблеманы куралдарга тыюу салуу менен чечмекчи. Анын мындан башка чечими жок! Бул – дүйнөнүн биринчи мамлекетинин президентине карата абдан үстүртөн көз караш… Акыры, ок атуучу куралдарга, жада калса коргонуучу куралдарга тыюу салуу эч качан бул сыяктуу окуялардын кайталанышына тоскоолдук кыла албайт. Анткени, Америка улуттук дискриминация негизине курулган.

Америкага Европадан келген баскынчылар өлкөнүн түпкү элин жок кылууга киришип, алардын он миллиондогонун ырайымсыз кыргын кылышкан. Кара түстүү адамдарды Африкадан алып келип, 1607жылда аларды кул кылуу башталган. Алар товар катары сатылган жана эч кандай укуктары болбогон. Европадан келген ошол баскынчылар «Ак түстүү кара түстүүдөн жогору жана үстөм» деген назарияга таянышкан. 1863жылы президент Линкольн доорунда кулчулукту бекер кылуу жана кара түстүүлөрдү эркиндикке чыгарууну өз ичине камтыган мыйзамдар кабыл алынганына карабастан, ак түстүүнүн үстөмдүгү назариясы сакталып калган. 1868жылы аларга толук жарандык берилип, 1879жылы добуш берүү укугу берилген болсо да, бирок жогорку сот 1896жылы «бөлүнгөн, бирок тең» идеясына ылайык тектик бөлүүгө мыйзамдуу уруксат берүүгө токтом кылды! Ошентип, дискриминация, улуту жана динине карап мамиле кылуу токтогон жок. Аларга каршы зомбулук бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Мыйзамдар муну жокко чыгара албады. Анткени, бул проблема мыйзамдарды чыгаруу гана эмес, инсандын башка инсанга карата көз карашын оңдоо, түшүнүктөрдү, өлчөөлөрдү жана ишенимдерди өзгөртүү аркылуу чечилет.

Америка бардык түрдөгү дискриминациянын үстүнө курулганАнын мыйзамында «ак тектүү, бай англо-саксондордон турган Европа протестанттары үстөм» экендиги белгиленген, аларга мамлекет, саясат, таалим, экономика сыяктуу жашоонун бардык тармагында өзгөчө укуктар берилген.

Ошондуктан, дискриминация башка топторго – жада калса ак түстүү болсо да, бирок башка агымда болгону үчүн – жетип барды. Мисалы, Британиянын протестант королу Яков VI 1625жылы 30 миң ак түстүү ирландиялык католик туткундарды Америкага кул кылып сатканУушундайча ирландиялыктардын сатылышы уланып, жада калса Ирландия калкы он жылда 1.5 миллиондон 600 миңге азайган. Он тогузунчу кылымдын ортолорунда кулчулуктан азат кылынышкандан кийин да аларга карата чабуулдар уланып, чиркөөлөрү жана үйлөрү өрттөлгөн.

Ооба, ирландиялык, польшалык жана италиялыктардан турган европалык католиктер ал тургай жыйырманчы кылымдын баштарында да дискриминациянын бардык түрүн баштарынан өткөрүшкөн. О.э. яхудийлер жана мусулмандар да, Түштүк, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендер да, Борбордук жана Түштүк Америкадан келгендер да, баары ар түрдүү дискриминацияны башынан өткөрүшкөн. Бул абал жыйырманчы кылымдын ортолорунда мыйзамдуу түрдө тыюу салынганга чейин уланды… (БУУ отчёттору).

Америкадагы адам укуктарын коргогон уюмдун маалыматына ылайык: «Кошмо Штаттардагы тектик дискриминация ак түстүү болбогон улуттардын жашоосунун бардык тарабына кирген».

2017жылы улутчул Трамптын бийликке келиши менен улутчулдук абдан күчөдү. Трамп оңчул кыймыл менен бирге улутчул агымга жетекчилик кылды. Бул оңчул кыймыл башка улуттарды Америкадан чыгарууну көздөгөн ак түстүү улутчулдардын коалициясы болуп эсептелет. Бул абал башка улуттарды жашаган штаттары менен бөлүнүп чыгууга умтулууга жана бүткүл Американын бөлүнүшүнө алып келет.

Бул проблема шексиз динди жашоодон бөлүүгө негизделген капитализм системасынын натыйжасы. Бул система адамдар арасындагы дискриминация проблемасын чечпеди. Тескерисинче, аны макулдап, «чындык күчтүү тарапта», «эң күчтүү калат», «ак түстүү үстөм», «түндүк өнүккөн, түштүк артта калган», «байлар акылдуу» деген түрдүү назарияларды дискриминация үстүнө курду. Негизи, мамлекетте өкүмдарлык кылып жаткандар да, байлыктын чоң бөлүгүнө ээлик кылып жаткандар да мына ушул байлар болот.

Капиталисттик система улутчулдук жана мекенчилдикти моюнга алды. Ошондуктан, ар бир капиталисттик мамлекет улутчулдук же мекенчилдик идеясына таянып эгемен болду. Ошондуктан, түрдүү улуттар баш көтөрүшүп, Европаны бир канча мамлекеттерге бөлүп салышты. Бул болсо, аларды ойрон кылган жана перзенттерин кыргын кылган ири согуштарга себеп болду. Мындан улам, Германиядагы нацизм немис улутунун үстөмдүгүнө негизделип, Италиядагы фашизм менен бирге улут үстөмдүгү үчүн согуштарды алып барышты. Француздар өздөрүн ойчул, философ жана окумуштууларды жетиштип чыгаран эң жогору калк деп билишет. Англистер да өздөрүн өз суверендиги боюнча таптакыр жан бербеген улуу империяга ээ байыркы элбиз деп эсептешет. Жалпысынан алганда, Европа элдери европалык башка калктан өзүн айырмалайт, өзүн үстөм коюп, башка калктын суверенитетин кабыл албайт жана европалык башка мамлекеттин өкүмдар болушун каалабайт. Ошондуктан, алар Европа Союзун бир бүтүн кылып кура алышпады. Андан тышкары, христиандык агымдар ортосунда миллиондогон инсандардын өмүрүн алган дискриминация Түндүк Ирландияда алигече бар.

Эгер, президент Байден жана башкалар терең жана жаркын пикирлешкенде, проблема алардын капиталисттик системасында экенине, бул система дискриминацияны моюнга алып, бул түзүмдү карманган калктарды да бириктире албаганына, туура чечим Ислам системасында экенине күбө болушмак. Бирок, алар Исламга каршы душмандык ойготушту, өз денесинде улам чоңоюп бара жаткан ракты ок атуучу куралдарга тыюу салуу т.а. ооруну убактылуу басаңдаткан дарылар менен дабалашмакчы! Алар жада калса муну да ишке ашыра алышпайт. Негизи, алар Америка башка ак түстүү капиталисттик мамлекеттерден улуу жана үстөм экенине, өзгөчөлөнүп турушуна ишенишет. Алар Украина согушун ошон үчүн чыгарышкан, бул согуш Европага каршы багытталган. Алар глобалдуу даражадагу улутчулдар.

Улутчулдук Американы курт жыгачты кемиргендей кемирүүдө. Алар кулап, талкаланган чейин муну сезишпейт. Анткени, бул өлкөдө улутчулдук кеңири жайылган, эртеңки күндө талкалануу себептеринин бири болот.

Аллахтын уруксаты менен, жакында тикеленчү Халифалык мамлекети бул абалдан даанышмандык менен пайдаланып, ушул калктарга хидаят байрагын көтөрүп барат. Биринчи кезекте Американын ахвалын ачыктап, бүткүл дүйнөгө жана анын элине бул мамлекет канчалык улутчул экенин, ушул мабда-түзүмү себептүү колонизатор мамлекетке айланганын жана өз элин да бириктире албаган мамлекет экенин, бүткүл дүйнөнү бактылуу кылууга жараксыздыгын ачыктайт. Халифалык бүткүл дүйнөдөгү коомдук пикирди ушуга каратат, ушул аркылуу Американы эл аралык масштабда кулатууга аракет кылат. Кийин адамдар козголоң кылганга чейин, Американын ичиндеги коомдук пикирди Америка кабыл алган мабда-системага, анын түзүмүнүн жана жетекчилеринин улутчулдугуна карататАлар менен түрдүү каражаттар аркылуу байланышып, Ислам диярына хижрат кылышы же өз ыктыяры менен Исламды кабыл алышы үчүн туура чечимди тартуулайт.

 Роя гезити, №393, 2022жыл, 1июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here