Кыргызстандагы жумушсуздук жана жумушсуздуктун Исламдагы чечими

45
0

Кыргызстандагы жумушсуздук жана жумушсуздуктун Исламдагы чечими

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда экономикалык активдүү калктын саны 2 миллион 595 миң киши. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы кварталында Кыргызстанда жумушсуздардын саны экономикалык активдүү калктын 3%ын түзгөн. Калкты жумуш менен камсыз кылуу кызматтарындагы 1 бош орунга 28 адам талапкер болгон.

Бирок, жумушсуздук боюнча статистикалар чыныгы абалды көрсөтпөйт. Анткени, алар акыркы үч ай ичинде жумуш издеген адамдарды гана бул катмарга кошушат. Ал эми, үйүндө отургандар, мезгилдүү иштегендер жана акыркы үч ай ичинде жумуш издебегендер бул статистиканын сыртында калып кетет. Мындан тышкары, жумушсуздук айынан Кыргызстандын 1 миллиондон ашык жараны чет жерде миграцияда. Алардын баары жумуш менен камсыз болгон деп айтуу мүмкүнбү?!

Мамлекеттик статистика улам сооротуучу сандар менен калкты алдап жатканы менен, бирок турмуш чындыгы күн санап жумушсуздук өсүп баратканын жана эл анын залалын тартып жатканын көрсөтүүдө. Негизинен, мына ушул жумушсуздук айынан – БУУ маалыматына ылайык – азыр Кыргыстан калкынын 25%ы жакыр жашаса, жыл акырына чейин бул көрсөткүч 37%га чейин көтөрүлүш коркунучу жаралууда. Мунун каршысында, бийлик – жакырчылык жана жумушсуздук көйгөйлөрүнүн чечими катары – көптөгөн чет өлкөлөргө көптөгөн жарандарыбызды эмгек мигранты кылып чыгарып жиберүүнү айтып олтурат.

Жумушсуздуктун бирден-бир себеби – бул бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Кыргызстанда, капиталисттик система өкүм жүргүзүп жатканында. Капитализмдеги экономикалык системага ылайык, пайдалуу казылмалар, жерлер, жайыттар “менчиктештирүү” аркылуу чиновник-капиталисттер колуна өтүп кеткен. Тышкы соода жана ички кызмат көрсөтүүнү да алар монополия кылып алышкан. Ошондуктан, автоматтык түрдө алар жумуш берүүчүлөр болуп калышкан. Капиталисттик «пайда» көз карашынан келип чыгып, бул жумуш берүүчүлөр – өздөрү үлкөн пайдаларга жетишүүлөрү үчүн – өз өндүрүштөрүнө мүмкүн болушунча аз жана арзан жумушчу күчүн жалдап алышат. Мунун натыйжасында жумушсуздар армиясы жаралууда.

Капитализмдин «ата-энеси» болгон Батыш мамлекеттери – капитализмди жаюунун тарыйкаты болгон империализм аркылуу – үчүнчү дүйнө өлкөлөрүн колониялар кылып алышкан. Инвестор маскасы артында кирип келген алардын компаниялары иш орундарын түзүү жана мамлекетке пайда келтирүү тууралуу айтышса да, бирок, алардын максаты башка. Алар элибизди арзан жумушчу күчү катары эзип иштетип, байлыктарыбызды ит бекер ташып кетүү үчүн келишет.

Ошондуктан, дүйнөгө капиталисттик империализм өкүм жүргүзүп турганда, эч качан биздин өлкөлөр жумушсуздук жана жакырчылык баткактарынан чыга албайт.

Капитализмде адамдар жумушсуздуктан абдан коркушат. Анткени, жумушсуздук айынан жеке адамдар ач-жылаңач калышса, калктар ачарчылыкка учурашат.

Эми мунун каршысында, назарыңыздарды Исламдагы экономикалык түзүмдүн айрым өкүмдөрүнө бурабыз жана сиздер алар аркылуу жакырчылык менен жумушсуздук көйгөйлөрү түп-тамырынан чечилип кетишин көрөсүздөр.

Исламдагы экономикалык саясат: бардык жарандардын негизги мухтаждыктарын кандыруу жана жогорку керектөөлөрүнө шарт жаратып берүүдөн турат. Негизги мухтаждыктары кандырылган жарандар жакыр болбойт жана алар жумушсуз калуудан коркпойт. Бирок, жарандар өздөрүнө жүктөлгөн нафакаларды өтөш үчүн иштешим важиб деп, Аллахтан корккон абалда иштөөлөрү керек, эгер антпесе, мамлекет аларды иштөөгө мажбурлайт.

Эң оболу, Ислам иштөө важиб болгон бардык жарандарын жумуш менен камсыздоону мамлекет мойнуна жүктөйт. Капитализмдеги өкмөттөр мындай жоопкерчиликти алышпайт. Мамлекет жарандары жеке компаниялар иш берсе жумуштуу болот, алар айдап салса жумушсуз калат. Ал эми Исламда адамдар жумушсуз калса, аларга жумушчу ордун түзүп берүүгө мамлекет милдеттүү болот.

Исламда жалпы элдик (умумий) мүлк деген мүлктүн түрү бар. Пайдалуу казылмалар ушул түргө кирет. Капитализмдегидей болуп ага жеке адамдар же мамлекет ээлик кылбайт. Анын пайдалары өзүнө ылайык жолдор менен мамлекеттин ар бир жаранына жетип барышы керек. Андан адамдар пайдалануусу үчүн, аны иштетүүгө мамлекет милдетүү. Демек, кендердин пайдасы жетип баруу менен адамдар жакырланбай жашайт, мамлекет кендердин өндүрүшү үчүн завод-фабрикалар куруп иштетүү менен жарандарга үлкөн жумушчу орундарын түзүп берет.

Мамлекет адамдарды жерди иштетүүгө шыктандырат жана дыйкандарга каржы жана техникалык кайтарымсыз бекер жардамдарды берет. Ага кудуретсиз болуп турса, пайызсыз карыздарды берет. Жердин ижарага берилишине тыюу салат. Үч жыл катарынан иштетилбеген жерди алып, иштетүүчүлөргө берет. Булардын баары өз кезегинде кошумча жумушчу орундарын жаратат. Жайлоо жана жайыттар да жалпы элдик мүлккө киргендиктен, аларды бир ууч адамдар энчисине басып жата албайт.

Капиталисттик коомдо көпчүлүк адамдарды пайдадан куру калтырып, бир ууч адамдар байлыкты топтоп ала турган дагы бир нече түрткүлөр бар. Мисалы, сүткордук, монополия, байлыкты казына (канз) кылып басып жатуу ж.б. Ислам булардын бардыгын харам кылат.

О.э. жогоруда айтып өткөнүбүздөй, мамлекет алгач ишке жарамдуу жарандарын иш орундары менен камсыздайт. Кимдир бирөө ошондон кийин да нафакасын таба албаса, анын нафакасы ага мураскор болгон бай туугандарына жүктөлөт. Эгер мындай да болбосо, ага байтулмалдын зекет бөлүмүнөн берилет. Зекеттен жетпесе, мамлекет өз мойнуна алат. Мындай камкордук адамдарды жакырчылыктан коргойт.

Мындан сырткары, азыр капитализмде мамлекет элден жыйылган салык эсебинен жашайт, салыктын түрлөрү көп жана алардын оор жүгү элдин желкесине жүктөлгөн. Исламда зарыл учурларда бай эсептелген жарандардан гана салык алынат. Кембагалдар, ал тургай ыхтыярдуу түрдө берсе да кабыл алынбайт.

Мына ушул өкүмдөрдүн колдонулушу табийгый түрдө жакырчылыкты жойот, жакырчылыктан коопсуз болгон адамдар жумушсуздуктан да коркпойт. Ошондуктан, жеке ишкерлер – капиталисттер сыяктуу – адамдарды жумушсуздук менен коркута алышпайт.

Бул өкүмдөрдүн бардыгы Исламдын экономикалык түзүмүн колдонуу менен ишке ашат. Бирок, бул экономикалык түзүм Исламдын башка түзүмдөрүнөн айры, башка куфр системаларынын колтугунда ишке ашуусу мүмкүн эмес. Демек, бул экономика Исламды толугу менен колдонгон Ислам мамлекетинин саясында гана ишке ашат.

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан

  1. 06. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here