Рамзан Кадыров Токаевди сындады

179
0

Рамзан Кадыров Токаевди сындады

Кабар: «Бул уюмдун (ЖККУ) Россияга эч кандай пайдасы жок, бирок Россия баарына жардам берүүдө… Казакстанды ким куткарып калды? Россия. Беларусту ким куткарып калды? Россия», – бул тууралуу Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Казакстан президенти Президенти Касым-Жомарт Токаевдин ДЭР жана ЛЭРди тааныбоо жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактагы баракчасында баса белгиледи.

“Бардык Европа жетекчилери Путинге келет, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү алып барат, Украинанын кызыкчылыгын коргошот. Биздин ЖККУнун мүчөлөрү, эмне унчукпай турасыңар, эмнеге кошунаңар жөнүндө сүйлөбөйсүңөр, эмне үчүн согушту токтотууга аракет кылбайсыңар? Эмнеге силерде ата-бабаларыбызды өлтүргөн бандераларга, нацисттерге жана фашисттерге каршы позицияңар жок. Кудум, эч нерсе болбогондой, Америка же Европанын санкцияларынан коркуп, баарыңар унчукпай турасыңар”, – деп ЖККУнун мүчөлөрүн сынга алды Кадыров.

Кадыровдун сөздөрүнө ылайык, Россия Казакстан жана Беларусту куткарып калган, ошондой эле Армения менен Азербайжан ортосундагы согушту жөнгө салууда маанилүү роль ойногон.

“Казакстан суверенитетин жогото баштаганда, ким жардам берди? Россия. Эч кимден, санкциялардан коркподу. Жана эгер мамлекеттерди таануу керек болсо, силер биздин союздук мамлекеттерди тааныйсыңарбы, тааныбайсыңарбы, бизге мааниси жок”, – деди Кадыров.

Ал Россия жакында Украинанын чыгышындагы Донбасс регионунда жакшы натыйжаларды көрсөтөрүн кошумчалады.

Комментарий: Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургда өткөн Эл аралык экономикалык форумда Россиянын негизги үгүтчүлөрүнүн бири Маргарита Симоняндын суроосуна жооп катары анын мамлекети өзүн эгемен деп жарыялаган Донецк жана Луганск элдик республикаларын тааныбастыгын айткан.

“… биз Тайванды, Косовону, Түштүк Осетияны, Абхазияны тааныбайбыз. Луганск менен Донецкидеги, биздин көз карашыбыздан алганда “квазимамлекеттерге” да ушундай эле принцип менен карайбыз”, – деди Токаев.

Казакстан президенти Путиндин жанында олтуруп бул сыяктуу олуттуу билдирүү бериши Путиндин кыжырына тийгени анык. Путин Токаевдин жообуна канааттанбагандыгы Путиндин “эркеси” Рамзан Кадыровдун оозунан айтылды.

Ушул жылдын башында Казакстанда болуп өткөн массалык нааразылыктар башталганда ЖККУ күчтөрү өлкөгө киргизилип Токаевдин бийлигин сактап калууга жардам берген. Токаевдин бат чечим кабыл алышы жана ЖККУ күчтөрүн өлкөгө киргизиши дагы көпкө чейин Токаевге сабак болот. Эми казак президенти жана расмийлери бирер туура эмес аракет жасары менен орус бийлиги жана орус үгүтчүлөрү “Россия силерди сактап калган” деп жемелөөнү токтотушпайт. Жириновскийдин өлүмүнөн кийин Путиндин “оозуна” айланып калган Лукашенко болсо коңшу республикалар “Казакстан кырсыктарынан сабак алышы” керектигин эскертип, алардын Россия-Белорусь союзуна мүчө болуудан башка жолдору жок экенин божомол кылган. 

“Жакындагы окуялар казактарга сабак болду, алар да кошулат, 15 жыл ичинде Украинанын да кошулбоого аргасы калбайт. Армения да эч кимге керек эместигин түшүндү, бизге анык кошулат, Азербайжан бир аз суроо астында, анткени аны Түркия колдоодо. Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын да кошулуудан башка аргасы калбайт”, – деген Лукашенко. 

Эгер, Россия Украинада бирер натыйжага жетишип, эч болбогондо Луганск жана Донецк аймактарын басып алса Россиянын кийинки саясаты жалаң гана аскердик күчкө негизделет. Путиндин империалисттик умтулуусу күчөп, постсоветтик республикаларды күч менен болсо да өзүнүн колу астында бириктирүүгө олуттуу аракет баштайт. Бул аракетте биринчи бута Казакстан болушу мүмкүн.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here