Эрдаган жетектеген Түркия режими – Умматтын душманы, Уммат душмандарына болсо кызматкер

22
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган жетектеген Түркия режими Умматтын душманы, Уммат душмандарына болсо кызматкер

 

Устаз Халид Саид

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

«Жалгандын өмүрү кыска» деген макал Эрдаганга окшогондорго туура келет. Себеби, бул адам ар дайыма өзүн Фатихтердин тукуму жана Усманийлердин небереси кылып көрсөтүү, аны султан жана амирул муъминин деп аташы үчүн исламий кийимди кийип алып, адамдарды алдап келүүдө. Ал ушул аркылуу адамдардын исламий сезимдери менен ойношуп жатат. Бирок, анын бүгүнкү күндөгү иш-аракеттери кийим алган исламий кийимин жыртып, айыбын ачты… Эмне кылса да кыянаты ачыкка чыгып, айрылган жерин жамоого колу келбей калды. Себеби, жыртык чоңоюп кетти. Акыйкат айдан ачык, аны жашырып болбойт делгендей, түрк режиминин саткындыгы да акыйкат, аны эч нерсе менен жаап жашыра албай жатат. Бул маселеде наадандык себептүү көзү сокур о.э. режимдин ыпластыгын жашырып, кара барагын агартып бериши үчүн режим тарабынан берилген ыплас саясий акчалардын акысына Уммат маселелерин жана динин сатуу менен күн көрүп жаткан адамдар гана талашат.

«Адилет жана Өнүгүү» партиясы 2003-жылы Эрдаган жетекчилигинде өз аракетин баштаганда эле бул акыйкат ар кандай көзү бар кишиге көрүнгөн. Себеби, Америка Иракка согуш ачкан ошол жылы Эрдаган Инжирлик жана башкалар базалар сыяктуу АКШга аскерий базаларын ачып берди. Америка самолёттору ушул базалардан учуп, Ирактагы элибизге бомбаларды жаадырды о.э. кыргын, ойрондулук, качкынга айлантуу сыяктуу кылмыштарды жасады. О.э. бул адам Афганистандагы Америка согушун да Түркиянын НАТОго мүчөлүгү менен колдоп-кубаттады.

Эрдаган жетектеген Түркия режиминин Россия менен кызматташуудагы ролу да өтө активдүү болду. Буга Сирияны тирүүлөй көмүү, козголоңчуларды тизгиндөө, жетекчилерин ыплас акчалар жана жалган убадалар менен сатып алуу, азат кылынган региондорду канкор режимге тапшыруу аркылуу – козголоң башталганда эле кулатылышына аз калган – режимди сактап калуу сыяктуу иштерде кызматташканын мисал кылса болот.

Эрдагандын яхудий вужуду менен мамилесине келсек, ал ар дайым өзүнүн тазалыгын айтып, калыстык «кийимин» кийип келди о.э. айыпты яхудий вужуд менен алакаларды нормалдаштыргандарга жүктөп, реалдуулукта негизи жок курулай ураандар менен адамдардын башын айландырды…

Бул сыяктуу окуялар көбөйүп, акыры бул кимсенин кыянаты ачыктала баштады… Бул кыянаттардын жакындагысы – ал яхудийлердин ыраазылыгын алуу үчүн Герцогду тосуп алышы болду. Айрым кабарлар аркылуу ушул нерсе ачылып калды: түрк режими кээ бир Фалестин каршылык кыймылдарынын иш-аракетине чекит коюуга урунду о.э. кээ бир адамдарга Түркиядан чыгып кетүүнү буюрган болсо, кээ бирөөлөрүнө – Түркиянын ушул кыймылдардын очогуна айланбашы үчүн – яхудий вужудуна зыян алып алып келүүчү бирер аракет менен Түркия ичинде же сыртында алектенбөөнү буюрду. Бул окуялардан Эрдагандын Фалестин маселесин колдоо жөнүндөгү сөздөрү жана позициясы жалган экени ачылып калды.

Өткөн аптада Түркия тышкы иштер министри Мевлут Чавушоглу яхудийлер менен нормалдашуу «жарышына» Түркиянын да катышуусун тастыктоо үчүн сапар уюштурду. «Чавушоглу (израилдик) кесиптеши Яир Лапид менен жолугушкандан кийин Куддуста Анкара менен Тель-Авив ортосундагы дипломатиялык мамилелердин жакшырып жатканы фалестиндиктердин пайзасына кызмат кыларын баса белгиледи». (France 24). Чавушоглу Фалестин администрациясынын тышкы иштер министри Рияз Маликий менен бирге берген маалымат конференциясында: «Биздин Фалестин маселесин колдоп-кубатташыбыз Тель-Авив менен мамилелерибизден башкача», – деди. Түрк режими өзүнүн кылмыш жана мункар иштерин жашырууга пайдасыз урунуп, адамдарды сатып алуу жана үндөрдү басуу адатына ылайык, ыплас саясий акчаларды ишке салды. Мисалы, жакында Фалестин администрациясы менен көптөгөн экономикалык долбоорлорду жана соода-сатык келишимдерин түзгөнү айтылды.

Алардын Фалестин маселесин колдоп-кубатташы Тель-Авив менен болгон мамилелерден айырмаланышы туурасындагы сөзүнө Расулуллах ﷺдын:

«إِذَا لَمْ تَسْتَحْيِ فَاصْنَعْ مَا شِئْتَ»

«Уялбасаң, каалаганыңды кыла бер» деген сөзү туура келет. Ар кандай акыл жүргүзгөн адам алардын Умматтын кызыкчылыктарына тескери бул сөзүн туйгулар менен ойношуу жана өз кыянатын жашыруудан башка нерсе эмес деп түшүнөт. Демек, Фалестин маселесинин пайда болушуна себепкер болгон нерсе менен Фалестин маселесин кантип айырмалап алуу мүмкүн?! Фалестин маселеси жана мубарек жер башынан өткөрүп жаткан зулум жана репрессияга ушул баскынчы яхудийлердин турганы себепчи эмеспи?! Эй түрк министри, Фалестин маселесин колдоп-кубаттап жатканың чындык болушу мүмкүнбү, акыры, ошол эле убакта канкор баскынчы менен мамилелерди нормалдаштырып жаткан болсоң?! Душманыбыз бизди өлтүрүп, Акса мечитибизди тебелеп, коркутуп жатканын токтотууга батына албай жаткан болсоңор, бизге жардам беришиңерге, ыйык жайларыбызды азат кылышыңарга кантип ишенебиз?! Силер «эки мамлекет» чечимин аткаруу менен яхудий вужудун о.э. анын өлкөбүздө туруу «укугун» таанып жаткан болсоңор, бизди алардан азат кылышыңарга кандай ишенели, акыры, «эки мамлекет» чечиминде мубарек жерибиздин 80 пайызынан баш тартылган?!

Шексиз, мусулман өлкөлөрүндөгү режимдердин мындай шерменде позициялары аларды яхудийлерге канчалык жакындаштырып жаткан болсо, Умматтан ошончолук алыстатууда, Умматка жана анын азаттыкка умтулууларына бүтүндөй жат экендиктерин тастыктап жатат. Айрыкча, бүгүнкү күндө Уммат баскынчы вужуддун маңызын, алсыздыгын жана андан үстөм келүү өтө жеңил экендигин сезе баштаганда бул режимдер өздөрүнүн ушундай күнөө нормалдашуулары менен чөгүп бара жаткан бул вужудду куткарып жатышат.

Уммат өзүнүн тагдыры кайра биригүүгө, яхудий вужудунун жок болушуна жана азаттыкка байланыштуу экенин болу көрбөгөндөй түшүнүп жеткен бүгүнкү учурда биз бул режимдер, түрк режими Умматтын тагдырын яхудий вужудун коргоого байлап жатканына күбө болуп жатабыз. Алар бул кылмыштары менен өздөрүнүн жок кылынышын яхудий вужудунун жок кылынышына байлап жатышканын жана бул кыянаттары менен өздөрүнө Аллахтын каарын жана анык зыянды тилеп жатышканын түшүнбөй жатышат.

Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдердин нормалдаштыруу аракеттеринен, Умматты жана анын маселесин жардамсыз калтырышканынан о.э. Умматтын душмандарына моюн сунуп, аларды дос тутуп жатышканынан ушул нерсени көрүп турабыз – бул иштердин баары ушул режимдер, алардын катарында, түрк режими бар болгондугу үчүн жүзөгө келүүдө о.э. ушул режимдер бар экенинин табигый натыйжасы. Бирок, ошол эле убакта Түркиядагы мусулмандар жана түрк кошуунунун азиздикти жана улуулукту жакшы көрүшүн о.э. Фалестинди коргоп келген Халифалык мамлекети бар убакта анын көлөкөсүндө Аксаны коргогон коргоочулар сыяктуу Аллахтын жолунда жихад кылып, Акса мечитин азат кылууга, ушул аркылуу Фалестин калкы менен биригүүгө ынтызар экенин түшүнүп турабыз.

Аксадагы намазкөйлөр Чавушоглунун кордук сапарын четке кагарын, Акса мечити нормалдашуучуларды жана жардамсыз калтыруучуларды күтпөшүн, тескерисинче, мужахид жана фатихтерди күтүшүн Чавушоглуга уктуруп коюшту. О.э. алар түрк армиясындагы мужахиддерди Расулуллах ﷺдын Исра жери алдындагы өз милдеттерин аткарууга чакырып жатышканын уктурушту.

Бул чакыруулар түрк армиясына Чавушоглу уккандай өзгөрүүсүз жетип барар бекен?! Түркия массалык маалымат каражаттары муну түрк мусулмандарына жеткирер бекен?!

Эй түрк кошуундары, эй бардык мусулман кошуундары, биз Аллахтын жолундагы жихадга жана яхудий вужудун түп тамыры менен кулатууга чакырып жатабыз, демек, кабыл аласыңарбы?!

 

Роя гезити, №393, 2022-жыл, 1-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here