Имран Хан нааразылык демонстрациялар аркылуу эмнени каалат жатат?!

169
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Имран Хан нааразылык демонстрациялар аркылуу эмнени каалат жатат?!

 Устаз Билал Мухажир

Пакистандын мурунку премьер-министри Имран Хан анын тарапкерлери парламенттин имараты алдында полиция менен кагылышкандан кийин нааразылык демонстрацияларды токтотту. Бирок, эгер бийлик алты күн ичинде кайра шайлоо өткөрбөсө, дагы демонстрацияга чыгууну менен эскертти. Имран Хан Пакистан бийлиги Исламабадда жыйын өткөрүүгө тыюу салып, Имран Хандын тарапкерлерин өлкө бойлоп бастырып, жүздөгөнүн камакка алгандан кийин демонстрацияларды токтотууну чечти. Исламабадда жыйын өткөрүүгө тыюу салуу токтому шейшемби күнү Имран Хандын тарапкерлеринин биринин үйүнө полиция бастырып киргенде ал полиция офицерине ок атып өлтүргөндөн кийин чыгарылды. Ички иштер министри Санауллах Хан «Имран Хандын Исламабаддагы тынчтыкты бузушуна жол бербестигин» баса белгилеп, кйра демонстрация баштай турган болсо, керек болсо камакка алуу менен эскертти. Мурун да Санауллах Имран Хандын ички согушка окшогон чөйрөнү пайда кылууга урунуп жатканын эскерткен. Белгилүү болгондой, өткөн аптада Имран Хан өз тарапкерлерин Шахбаз Шариф өкмөтүнө басым кылуу үчүн Исламабадда көп сандагы нааразылык жүрүшкө чакырган. Учурда Имран Хан мөөнөтүнөн мурун шайлоо жарыя кылынмайынча демонстрацияларды улантарын баса белгилеп жатат.

Армиянын Имран Ханды кызматтан бошотушуна армия мекемесинде болгон чыр-чатактын да табигый таасири болгон. Айрыкча, армиянын башкы командачысы генерал Бажва менен мурунку аскерий разведка командачысы генерал Файз Хамид ортосунда жаңжал жүзөгө келген. Бажва Файзды кызматтан бошотуп, аны чечим кабыл алуу борборунан алыска жөнөткөн т.а. Пешавардагы корпус командачысы кылып дайындаган. Файз Хамиддин ордуна генерал Надим Анжум разведка командачысы катары дайындалышы керек эле, бирок, Файз менен Бажва ортосундагы келишпестиктин күчөшү себептүү белгилүү бир мөөнөт дайындалбай калып кетти. Себеби, Имран Хан Анжумдун Файз ордуна дайындалышы туурасындагы токтомго кол койбогон. Мунун себеби, Имран Хандын 2018-жылдагы шайлоодо ийгиликке жетишишине Файз Хамиддин кызматы чоң болгон. Ошондо Файз шайлоону жасалмалаштырып, Наваз Шарифтин партиясындагы оппозиция Имран Хан менен атаандашышына тоскоолдук кылган. Ошондуктан, Имран Ханды генерал Файз Хамид жетектеген армиянын генерал Бажвага каршы канаты колдоп-кубаттаган болушу да ыктымалдан алыс эмес. Генерал Файз Хамид Бажвадан кийин армия командачылыгына отуруудан үмүт кылып келе жаткан. Ушул себептен улам, бул нааразылык демонстрациялары армия командачысы Бажвага басым өткөрүп, аны менен генерал Файз Хамиддин ортосунда келишимди пайда кылуу үчүн кылынган болушу да мүмкүн.

Бирок, Имран Хан кызматтан бошотулуп, режимге башка бир фронт дайындалышы артынан анын бул иш-аракеттери мууздалган койдун аракетине окшоп жатат. Бирок, бул сыртынан эле ушундай көрүнүп жатат. Себеби, Имран Хан ал тургай армия командачысы Бажвага каршы канат тарабынан колдоп-кубатталып жаткан болсо да, бирок, ал жетекчилер өлкөдөгү чыныгы саясат ээлери тарабынан тандап алынышы, кийин бул чечим Ак үйдөгү кожоюндар тарабынан макулданышын жакшы билет. О.э. ал Пакистандагы демократиялык түзүм дүйнөдөгү башка демократиялык түзүмдөрдөн айырмаланбашын, жетекчи жана конституция эркин шайлоолор аркылуу келе тургандай көрүнүшүн, түпкүлүгүндө болсо, мамлекеттин артындагы мамлекет тарабынан белгиленишин да жакшы билет. Саясатчыларды ойнотуп жаткан да, ар бир тамгасына чейин аткарылышы шарт болгон саясаттарды аларга белгилеп берген да, качан ушул буйруктардан чыкса же башкаларга берилип кетишсе, ошол мамлекет артындагы мамлекет аларды кызматтан аларын, же сүргүн кыларын, же болбосо керек болсо өлтүрүп жиберишин да билет! Буга бир эле Пакистандын тарыхында да мисалдар көп. Беназир Бхуттонун жок кылынышы да муну ачык-айкын тастыктап турат. Бирок, премьер-министр жана министрлерден турган рувайбизалардын камакка алынышы же сүргүн кылынышы жалгыз тандоо эмес, эң жумшак тандоо. Себеби, бул рувайбиза өкүмдарлар мамлекеттин артындагы мамлекетте жана америкалык кожоюндарынын назарында кээ бирөөлөр ойлогонго караганда көбүрөөк төмөн бааланышат. Бирок, алар мындан сабак алышпай жатышат. Эгер, сабак-үлгү алышканда, өзүнүн тарыхында колонизатор кафирге малайлык кылып келген бузгунчу режимде кор болуп иштөөгө ыраазы болушпайт эле. Имран Хандын премьер-министрликтен бошотулушуна анын армиянын саясатын аткарууда баш ийбегени, ага буюрулган милдеттерди толук аткарбаганы жана өлкөдөгү аткаруучу кожоюн болгон армия мекемесине моюн сунуудан ачык эле баш тартканы себеп болду. Ушундай болсо да, Имран Хандын иши аны Беназир Бхутто сыяктуу өлтүрүп жиберүүнү же Наваз Шариф сыяктуу сүргүн кылууну талап кылбады. Армия аны кызматтан алуу менен чектелди жана ордуна мурда коррупцияга тиешелүү иштер менен соттолгон коррупционер Шахбаз Шарифти дайындады.

Имран Хандын аракеттери өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылуудан ары өтпөйт. Ал тургай, бул аракеттер кордолуп кызматтан алынышын актоо үчүн реакция болуп көрүнүп жаткан болсо да, бирок, бул нааразылык демонстрациялар Пакистан калкына зыяндан башка нерсени алып келбейт. Имран Хандын эркин жана тирүү калтырылышы анын өзүнө пайда. Анткени, анын бул аракеттери режимге чыныгы оппоненттерин жок кылууда ыңгайлуу болууда. Алардын 400дөн ашыгын камакка алганы буга мисал болот. Эгер, бул бастыруулар улуу максат жолунга болгондо, биз Имран Хандын аракеттерин каралабаган болот элек. Бирок, вакиълик бүтүндөй мунун тескерисин көрсөтүүдө. Т.а. адамдар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн гана курмандыкка чалынууда. Негизи, Уммат үчүн мунун кымындай пайдасы жок. Ойлоп көрүңүз, режим бул шайлоого ыраазы болду дейли… Ко-ош, шайлоонун натыйжасы кандай болот?! Адамдардын азап-кыйынчылыктарынын себепчиси болгон түзүм жана конституция өзгөрөбү же бийликтеги жүздөр гана өзгөрөбү?! Имран Хандын шайлоодо жеңип чыгышын – ал тургай, бул дээрлик кыйын болсо да – ойлоп көрөлү, ко-ош, бу адамда өлкөнү кризистен куткара турган кандайдыр бир саясий жана экономикалык көз караш барбы?! Мунун жообу албетте «жок» деген жооп болот. Эгер, Имран Ханда биз айткан пикирлер болгондо, бийликте турган убакта аны колдонгон болот эле. Бирок, ал да андан мурунку рувайбизалар жана ушул түзүмдөн туулган келерки рувайбизалар сыяктуу кор адам.

Имран Хандын аракеттери режимдин зыянына эмес, пайдасына кызмат кылууда. Себеби, режим демонстранттарды закымды талап кылууга үндөп, Умматты ушул режимдин кулашы жана урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыктын тикеленишинен турган чыныгы өзгөрүүнү талап кылуудан алыстатууда. Имран Хан инфляция жана жумушсуздук даражасы асманга чыгып кеткен бир убакта, бул демонстрациялары менен адамдарды өлкөдөгү мындай экономикалык жана саясий бузгунчу абал үчүн режимди тергеп-тескөөдөн адаштырып жатат. Ушул себептен бул кимсенин кылып жаткан жана кылмакчы болуп жаткан иштери коррупциячыл режимге кызмат кылуу жана анын өмүрүн узартуу жолундагы саясий аракеттин уландысы болуп, муну менен режимдин айыптарын жаап, проблеманы акыйкатынан башкача кылып көрсөтүүдө. Имран Хандын түпкү талабы жана аракеттери ушулар. Биз Имран Хан бул иштерди билбей аткарып жатат деп айтпайбыз. Себеби, Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка мыйзамдар менен – бир күн болсо да – өкүм жүргүзгөн өкүмдар туурасында эч качан жакшы күмөн кылынбайт.

Ошондуктан, бул демонстрацияларга катышып жаткан жана мамлекетте сүкүт кылып жашап жаткан калыс адамдар чыныгы өзгөрүүнү талап кылышыңар керек. Эч кимге пайда келтирбей турган арзыбас-майда талаптар аркылуу бийликтин же оппозициядагы бирер тараптын кылмыштарынын жоопкерчилигин силердин жоопкерчилигиңерге жүктөп коюуга жол бербегиле. Алардын оту үчүн күйүүчү май болуп калуудан сактангыла. О.э. калыс күч-кубат ээлери да армия командачылыгындагы кызматтар үчүн бири-бири менен күрөшүп жаткан саткындардан өз саптарын тазалашы о.э саясий жана аскерий мекемедеги жетекчилерди кулатып, мамлекеттин артындагы мамлекетти да, Батыштын өлкөбүздөгү таасирин да жок кылуусу, албетте, азиздик жана ийгилик мамлекети болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам колун сунушу керек.

 Роя гезити, №393, 2022-жыл, 1-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here