Куръанды тепкилеген – эркиндикте, Мустафа Кемелдин сүрөтүн алып салган – камакта

37
0

Куръанды тепкилеген эркиндикте, Мустафа Кемелдин сүрөтүн алып салган – камакта

 Түркиянын Элазиг вилаятында Мустафа Кемелдин портрeтин алып салып, ордуна Куръани Каримди койгон 16 жаштагы лицейдин окуучусу камакка алынды. Бул тууралуу окуучунун ата-энеси маалымдайт.

Учурда Элазиг F1 камагында кармалып турган окуучу бул кылган иши үчүн, тагырак айтканда Мустафа Кемелдин портрeтин алып салып, ордуна Куръани Каримди койгону үчүн беш жылга эркинен ажыратылышы айтылууда.

Комментарий: Бир нерче күн мурун Түркиянын Анталия вилаятында Аллахтын каламы болгон Куръани Каримди лицейдин окуучусу тепкилеп, акараттаган. Бирок, ага олуттуу айып коюлбады, болгону бейбаштыкта гана айыпталды. Бүгүн болсо, дагы бир лицейдин окуучусу Мустафа Кемелдин портрeтин алып, ордуна Куръанды койгону үчүн эле узак мөөнөткө эркинен ажыратылышы айтылууда.

 

Түркияда удаалаш жүз берген бул эки окуяга карата Түркия бийлигинин мамилесинен көрүнүп тургандай, “баскычмабаскыч, аста-секин Исламды жашоого кайтарууидеясы мусулмандарды чалытуудан башка нерсе эмес. Себеби «мээлүүн Ислам» катары көрүнгөн жана мусулмандардын диний туйгуларынан пайдаланып, “баскычмабаскычжана “аста-секин” пикири менен бийлик башына келген президент Ражаб Таййиб Эрдоган жетектеген «Адилет жана өнүгүү» партиясы 20 жыл ичинде Ислам өкүмдөрүнүн бирин да кайра тикелей албады. Тескерисинче, Исламды дагы да жашоодон четтетүүгө себепчи болушту.

 Ошондуктан, мусулман бир адамдын же Исламий аталган бир партиянын бийликке келиши Исламдын жашоого кайтышын түшүндүрбөйт деп айтууга болот. Ислам өкүмдөрүнүн жашоого кайтаруунун бирден-бир жолу Исламий идеологияны бийликке алып келүү. Андан башкача болушу мүмкүн эмес.

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here