Пакистан проблемаларынын жалгыз чечими – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө

158
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пакистан проблемаларынын жалгыз чечими – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө

Пакистандагы саясий уюмдардын «өлкө проблемалары үчүн жалгыз чечим тез арада шайлоолорду өткөрүү» деген куру кыялдары алдында, Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушул суроолорду ортого салды: «Бул саясий уюмдар шайлоодон кийин бийликке келип, Эл аралык Валюта Фондунун адамдарды азапка салган «чечимдеринен» башка эмне бере алышат?! 20 миллиард долларга жеткен учурдагы дефицит проблемасын шайлоо кантип чече алат?! Салык түшкөн каражаттардын жарымынан көбүн «жеп» жаткан сүткордук карыздарды да шайлоо кантип төлөй алсын?! Шайлоо өткөрүлсө, өкүмдарлар кресттүүлөрдөн Кашмирдин азаттыгын суранууну токтотуп, Кашмирди Пакистан Куралдуу күчтөрүнүн колу менен жихад кылуу аркылуу азат кылышабы?! Өкүмдарлар Кашмирдеги жана Индиядагы мусулмандарга карата репрессияны токтотуу үчүн индус мамлекети алдында «боорукеңдик» саясатынан баш тартышабы?!».

Билдирүүдө Пакистандагы мусулмандарга кайрылуу жасалган: «Силердин араңардагы аң-сезимдүү кишилер шайлоо өткөрүүдөн азыркы ийгиликсиз ыплас режимди жандантуу о.э. аны өзү ылайык болгон жерге көмүүдөн куткарып калуу максат кылынганын түшүнүп турат. Бул шайлоо Пакистандагы проблемалардын эч бирин чече албашы шексиз. Шайлоодон мурун болгондой, шайлоодон кийин да калкты эзүү уланат. Пакистандагы проблемалардын бирден-бир чечими – аң-сезимдүү калыс саясий жетекчилер аркылуу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө. Халифалык бардык исламий өлкөлөрдү бириктирет жана ал жерлердеги экономикалык ресурстарды чогултуп, бүткүл Ислам Умматына жумшайт».

Билдирүүнүн акырында Пакистан Куралдуу Күчтөрүнө кайрылуу жасалды: «Силер Исламдын жана мусулмандардын долбоору болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө долбоорунун артында турушуңар керек. Мына ошондо Роббиңердин ыраазылыгына, бул дүйнө жана Ахырет ниъматына жетишесиңер».

 

Роя гезити, №393, 2022-жыл, 1-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here