Дүйнө мамлекеттеринин союздарга бөлүнүшү жана калыс мусулмандардын аракетке келишинин зарылдыгы

174
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Дүйнө мамлекеттеринин союздарга бөлүнүшү жана калыс мусулмандардын аракетке келишинин зарылдыгы

2022-жылы 25-май күнү Кытай массалык маалымат каражаттары Кытай Элдик армиясы чыгыш талаа командачылыгынын басма сөз катчысынын сөзүн ачыктап, мындай кабар таратты: «Жакында Кытай армиясынын күчтөрү Тайван аралынын жанында деңиз жана аба машыгууларын өткөрдү. Бул аскерий машыгуулар Кошмо Штаттардын Тайван менен тил бириктирип, анын эгемендүүлүк умтулуусун колдоп-кубаттагына жооп катары өткөрүлдү». Басма сөз катчы Американы сындап: «Анын сөздөрү иштерине тескери келүүдө… Биздин Кытай Элдик армиябыздын кошуундары улуттук чегараларыбызды жана өлкөбүздүн кызыкчылыктарын коргоого ар дайым даяр», – деди. Ал бул сөздөрдү АКШ президентинин «Эгер Кытай Тайванга чабуул кылса Америка албетте жооп кайтарат» деген билдирүүсүнө жана Тайвандын бул билдирүүнү алкыштаганына жооп катары айтты.

2022-жылы 24-майда Россия менен Кытай Япония суулары жанында аскерий самолётторду учурушту жана Америка муну эки мамлекеттин ортосундагы чексиз кызматташтыкка далил деди. Кытай коргоо министрлиги 2022-жылы 25-май күнү Moсква менен Пекиндин аскерий кызматташуунун жылдык планына ылайык Япон деңизи, Чыгыш Кытай деңизи жана Тынч океанында биргелешкен стратегиялык аба патруль көзөмөлүн өткөрүшкөнүн баса белгиледи. Россия коргоо министрлиги да Россиянын «Ту-95МС» стратегиялык ракета ташуучу самолёттору менен Кытайдын «Хун-6к» стратегиялык бомбалоочу самолётторунун Япон деңизи, Чыгыш Кытай деңизи жана Тынч океанында биргелешкен патруль көзөмөлү алкагында болжол менен 13 саат абада учушканын билдирди. Япониянын «Kyodo News» маалымат агенттиги Япония коргоо министри Нобуо Кисинин ушул билдирүүсүн таратты: «Россия-Кытай бомбалоочу самолёттору эрте мененден тартып түшкө чейин учушту. Бул Токиодо АКШ президенти менен Япония, Австралия, Индия премьерминистрлери ортосунда болуп өткөн «Quad» тобу жолугушуусуна карата демонстрация операциясы катары ташталган кадам көрүнөт. Россиянын Украинага агрессиясынын тушунда Кытай менен биргеликте аракет кылышы провокация деңгээлин күчөтөт.

Токио саммити артынан АКШ, Япония, Австралия жана Индия биргелешкен билдирүү жарыялашты. Анда «региондо болгон абалды өзгөртүү жана кескиндикти күчөтүүгө каратылган ар кандай зомбулук, провокациялык жана бир тараптуу иш-аракеттерге» кескин каршы экендиктерин билдиришти. АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Нед Прайс: «Жакында Россия менен Кытай өткөргөн аскерий машыгуулар алдын ала пландалган болушу мүмкүн жана мындай машыгуулар Россия-Кытай ортосунда чексиз алакалар бар экенине далалат кылат», – деди.

Роя:

Бул АКШ жетектеген НАТОдон айырмаланып, Россия-Кытай альянсы пайда болуп жатканын көрсөтүүдө. Мына, Америка эми Япония, Австралия, Индия жана он үч кичине мамлекетти өз ичине алуучу кезектеги «Quad» альянсын да түзүп алды. Бул болсо, эки тарап ортосундагы кескиндикти дагы да курчутууда о.э. бүткүл дүйнөнүн кескиндик абалына кирип жатканынан эскертүүдө. Албетте, бул – Умматыбыздын калыс перзенттери алдында ыңгайлуу учур. Алар бул убакытты канимет билип, мусулман өлкөлөрүндөгү малай режимдерди өзгөртүп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелеши керек.

 

Роя гезити, №393, 2022-жыл, 1-июнь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here