Саудия тышкы иштер министри анын мамлекети яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруусу жакындашып жатканын кабарлап жатат

13
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Саудия тышкы иштер министри анын мамлекети яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруусу жакындашып жатканын кабарлап жатат

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Файсал ибн Фархан 2022-жылы 24-май күнү Твиттердеги баракчасында мындай деп жазды: «Фалестин маселеси чечилмейинче нормалдашуу болбойт… Бул маселеде биз түшүнгөндөй бирер өзгөрүү болбоду. Мамилелерди нормалдаштыруу акыркы натыйжа эмес, бирок, аракеттин акыркы натыйжасы. Араб мамлекеттеринин тынчтык демилгесин баштап берген тарап Саудия болуп эсептелет жана бул демилге (израиль) менен регион ортосунда мамилелерди толук нормалдаштырууга алып барат. Эгерде Фалестин маселеси чечилбесе, бул нормалдашууга эч качан жетише албайбыз. Азыркы күн тартибиндеги ишибиз фалестиндиктер менен (израилдиктер) ортосундагы тынчтык жараянын алга жылдыруу жана бул нерсе регионго да, (израилге) да, Фалестинге да пайда алып келет».

Роя:

Сауд Арабиянын тышкы иштер министринин «Фалестин маселеси чечилмейинче нормалдашуу болбойт» деген сөзү нормалдашууга жакын калганын түшүндүрөт. Саудия яхудийлер менен нормалдашуу кыянатына каршы эмес, башка кыянатты т.а. Фалестин маселесин чечүү кыянатын шарттап жатат. Табигый болгондой, Саудия айтып жаткан чечим – бул кожоюну Американын долбоору болгон «эки мамлекет» чечими. Өлкөнүн канзадасы Мухаммад ибн Салман проблемнын чечилишине үмүт артууда. Бирок, ал проблеманын чечилишин шарт деп билбейт, яхудий вужудун душман эмес союздаш деп эсептейт.

Ал 2022-жылы 3-мартта Америкада чыккан «The Atlantic» журналына мындай сөздөрдү айтты: «Саудия (израилди) душман деп карабайт, балким, аны ыктымалдуу союздаш деп эсептейт. Бирок, буга жетишүү үчүн кээ бир маселелер чечилиши керек. Биз (израилдиктер) менен фалестиндиктер ортосундагы проблема чечилишине үмүт артабыз».

2022-жылы 24-майда «Axios» веб-сайтында айтылгандай: «АКШ президенти Байден Саудия менен (израиль) ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу жолундагы биринчи кадамды аяктоо үчүн ортомчулук кылмакчы экенин» билдирди. Июнь айынын акырында Байден регионго сапар кылып, Саудия жана яхудий вужудуна барышы күтүлүүдө. Саудия режими Америкага көз каранды болгондуктан, анын яхудийлер менен нормалдашуусу белгилүү бир түрдө, мисалы, бул режимди ийгиликке жетишкендей кылып жана Фалестин маселесинде бирер нерсенин өтөөсүнөн чыккандай кылып көрсөтө турган түрдө ишке ашырылууда.

 Роя гезити, №393, 2022-жыл, 1-июнь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here