АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы Бишкекке келди

17
0

АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы Бишкекке келди

 Кабар: Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эл аралык иш сапарынын алкагында Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Майкл Курилланы кабыл алды.

 Анда министр Кулубаев аймактык коопсуздукту жакшыртуу боюнча региондук аракеттерди координациялоонун маанилүү экенин белгиледи.

 Жолугушууда афганистандагы кырдаалдын алкагында чек араларды бекемдөө жана трансулуттук коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.

Комментарий: Россиянын Украина баткагына батып бара жатышынан пайдаланып калууну көздөгөн АКШ Борбор Азия мамлекеттерине расмий адамдарын удаама-удаа жөнөтүп, региондогу мамлекеттер менен мамилени бекемдөөгө, региондогу Россиянын таасирин алсыратууга колунан келишинче аракет кылууда. Россия Украинада баскынчылык согушун баштагандан көп убакыт өтпөй т.а. 28-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушуп Украинадагы согуштун Борбор Азияга таасирин талкуулады. АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Доналд Лу болсо 23-27-май күндөрү региондогу мамлекеттерди айланып чыкты. Ушул жолугушууларда АКШ расмийлери көтөргөн негизги маселе – Афганистан коркунучу жана чек ара маселелери болду. АКШ Афганистан коркунучун көбүртүп көрсөтүү жана чек араларды бекемдөө шылтоосу менен аскерий жардамдарды берүү аркылуу региондогу аскерий таасирин күөтүүнү көздөп жатат. Жолугушууларда аскерий база маселеси да көтөрүлгөн болушу да мүмкүн.

Негизи, АКШ Борбор Азия респубикалары жаатында Россия менен буга чейин эле тымызын күрөшүп келе жаткан. Бирок, экономикалык жана саясий жактан Россияга катуу байланып калгандан тышкары, орустун аскерий кубатынан да корккон региондогу мамлекет башчылары Россия менен ойлонуп мамиле кылышат эле. Ал эми, Россиянын азыркы абалы себептүү АКШнын региондогу мамлекеттерге  ар түрдүү саясий, экономикалык  жана финансылык жардамдарды убада кылышы көбөйүп барууда.  Бул аркылуу Американын региондогу мамлекеттерди өзүнө байлап алуу аракеттери күчөйт. Демек, АКШ менен Россиянын региондогу таасир талашуу күрөшү кызыйт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here