Чыгыш Африка мамлекеттеринде ар бир 48 секундда бир адамдын каза болуп жатканы капиталисттик цивилизация жемиштеринин бири

251
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Чыгыш Африка мамлекеттеринде ар бир 48 секундда бир адамдын каза болуп жатканы капиталисттик цивилизация жемиштеринин бири

Ал-Жазира нет веб-сайты хижрий 1443-жылы 18-шаввал, миладий 2022-жылы 18-майда жарыялаган кабарда мындай делет: ««Oxfam International» жана «Save the Children» гуманитардык жардам уюмдары Чыгыш Африкада ачкалыктан ар бир 48 секундда бир адам каза болуп жатканын баса белгилеп, бул кыйратуучу ачарчылык кризисин жоюу үчүн шашылыш чараларды көрүүгө чакырды.

Уюмдар жарыялаган биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, ачарчылык дүйнө мамлекеттеринин алдын алуу мүмкүн болгон кыйроолорду алдын алууда ийгиликсиздикке учурап жатканын баса белгилөөдө. Эфиопия, Кения жана Сомали дагы кеңири көлөмдө кыйроого туш болуп, миллиондогон адамдар катуу ачарчылыкка туш болушууда.

Уюмдардын айтымында, бул үч мамлекетте катуу ачарчылыктан кыйналып жаткан кишилердин саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн, учурда бул сан 10 миллиондон 23 миллионго жеткен, бул нерсе карыз болуу артынан жүз берүүдө. Учурда алардын карыз деңгээли он жылдан аз убакыт ичинде үч эседен көбүрөөк көбөйгөн, 2012-жылдагы 20,7 миллиард доллар 2020-жылга келип 65,3 миллиард долларга жеткен жана мындай жагдай бул өлкөлөрдөгү мамлекеттик кызматтар жана социалдык коргоо ресурстары жок болушуна алып келген».

 

Роя гезити, №392, 2022-жыл, 25-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here