بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Сирия калкына жардам катары көрсөтүлүп жаткан БУУ жана эл аралык жардамдардын артында кандай максат бар?
Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн өз веб-сайтында жарыяланган түшүндүрмөдө устаз Ибрахим Муаз мындай дейт: «Азап-кыйынчылыктарыбызды кафир Батыш алып келди. Мына, ал дагы кайгыларыбыздан пайдаланмакчы. Ал дагы эле ыплас уу акчаларын сарптоодо, ушул аркылуу козголоңду жолунан адаштырып, аны менен алака кылган согушкер топтордун жетекчилеринен жана функционалдуу өкмөттөрдөн малайларды жалдоону улантып жатат. Окуялардын жана иштер агымынын тизгинин колунда кармап турган жана ролдорун белгилеп берип жаткан Американын сценарийи боюнча багыттоого урунуп жатат… Качкындарга жана көчүрүлгөндөргө – тамчылатып болсо да – жардам таратуу ишин Исламды жана козголоңубузду жек көргөн мамлекеттер башкарууда. Шексиз, мындан максат – турмуштук басым себептүү адамдардын тизгини колдон чыгып кетишин жана кайра жарылуу жүз беришин алдын алуу. Чыныгы жардам алар айтып жаткандай «эки күрөшүүчү тарапка гуманитардык жардам берүү» менен болбойт, жок, малай режимди түп-тамыры менен кулатуу менен болот. Негизи, бул режимдин кылмыштары күн сайын көбөйүүдө, бул нерсеге кафир Батыш дагы эле көп жумууда. Кожоюну Америка режимдин иш-аракеттерин реформалоого жана адам ойлоп тапкан конституциясына кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чакырууда».
Түшүндүрмөдө устаз дагы ушуларды баса белгиледи: «Шам козголоңундагы проблема акчалар же адамдардын таңкыстыгында эмес. Балким, биздин ишибизге ээ болгон жана Умматыбыздын бийлигин басып алган адамдар менен алака кылууда. Эң жаман проблемабыз – бизди өзгөргүс максаттарыбыз, негизинен, кылмышкер режимди кулатып, анын урандылары үстүндө Ислам бийлигин тикелөө максатына жетектеп жаткан калыс саясий жетекчиликке ээрчүүдө жана анын жаркын долбоорун кабыл алууда адамдардын кечигип жатышканы”.
Роя гезити, №392, 2022-жыл, 25-май.