Россияда кыргыз жаштары “аябай көп” камалууда

229
0

Россияда кыргыз жаштары “аябай көп” камалууда

 Кабар: 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент комитетинде акыйкатчынын жылдык баяндамасы учурунда Россияда курьер болуп иштеп, узак мөөнөткө камалган кыргызстандык жаштар маселеси көтөрүлдү.

 Омбудсмен Атыр Абдрахматова Россияда 18-25 жаштагы кыргызстандык улан-кыздар “аябай көп камалып жатканын” билдирди.

“Көпчүлүгү баңгизат менен камалууда. Курьерлик кызмат деп онлайн окутушат экен да, жеткирип берген жерден полиция камакка алып жатат “баңгизат саттың” деп”, – деди Абдрахматова.

 Ата-энелер жана жергиликтүү бийлик сыртка жумушка кетип жаткан балдарына ушундай коркунуч бар экенин эскертиши керектигин айткан Жусупбек Коргонбай уулу: “Эч бир тамеки тартпаган кыздар жана балдар түшүнбөстүктүн айынан камалып кетүүдө. Жеткирип берүү кызматына кызыгып, 3-5 миң рубль ала коём деп”, – деди

 Башкы прокуратуранын өкүлү бул маселе соңку эки жылдан бери курч болуп, кыргызстандык жаштар Россияда “чоң-чоң мөөнөткө” кесилип кетип жатканын, көйгөй “абдан чоң” экенин билдирип, ал жактан укуктук жардам берүү мүмкүн эместигин, болгону, Кыргызстанга экстрадициялап, жазасын мекенинде өтөй тургандай кылууга гана көмөк көрсөтө алышарын белгиледи.

 Комментарий: Бийликке келгенге чейин “мамлекеттин экономикасын бир жылда бутка тургузам, Кыргызстанды беш жылдын ичинде карыз алуучу мамлекеттен карыз берүүчү мамлекетке айландырам” деген убадаларды берген Жапаров бийликке келгенден бери бир да убадасын аткарган жок. Тескерисинче, ал бийликке келгенден бери баалар тнымсыз көтөрүлүп, карапайым калктын жашоо деңгээли төмөндөп барууда, жумушсуздук өсүп, экономика сенек абалга келип калды. Жаштар жумуш издеп чет өлкөгө, негизинен, Россияга кетүүгө мажбур болушууда. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирерде чиновниктер аталган уюмга мүчө болсо “төрт эркиндик” –  жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызматтардын эркин аракеттенүү мүмкүнчүлүгү пайда болорун айтканы менен, орус өкмөтү эмгек мигранттары үчүн ар түрдүү тоскоолдук жана кыйынчылыктарды жаратып келди. Россиядагы эмгек мигранттарынын акы-укуктары, жашоо шарты жана башка маселелер жаатында дээрлик өзгөрүү болбоду. Эмгек мигранттары Россияда эң бир корголбой турган катмар болуп калды. Мигранттар полиция жана Федералдык миграция кызматынын (ФМС), улутчул такырбаштардын жеңил олжосуна айланышты. Полиция жасалма жана уюштурулган иштер аркылуу мигранттарды камакка алып жаткан болсо, ФМС болор-болбос себептер менен “кара тизмеге” киргизип коюуда. Такырбаштардын кол салуусу жана жумуш ордунда коопсуздугу камсыздалбаганы себептүү жыл сайын жүздөгөн кыргызстандыктын сөөгү мекенине “жүк 200” менен кайтууда. Мисалы, 2021-жылы чет өлкөдө каза болгон 540 кыргызстандыктын сөөгү келген болсо, анын 489у Россиянын Москва, Екатеринбург, Новосибирск облустарынан келген. Бул 2021-жылы күн сайын кеминде бир кыргызстандык каза болгонун түшүндүрөт. Быйыл январь айында Москванын өзүнөн эле алты кыргызстандыктын сөөгү келген болсо, апрель айында Россиядан 15 “жүк 200” келди…

Ал эми өкмөт менен президент болсо завод-фабрикаларды ачып, жумуш орундарын түзүүнүн ордуна президент үчүн жаңы өкмөт үйүн, “Асман” шаарын, эс алуучу жайларды куруу о.э. кумарканаларды кайрадан ачуу менен убара.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here