Швецияда исламий мектептерди жабуудан мусулмандардын өздүгү бутага алынган

159
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Швецияда исламий мектептерди жабуудан мусулмандардын өздүгү бутага алынган

Бейшемби күнү басма сөз кабарларында келгендей, Швеция окуу жайлар инспекциясы өлкөдөгү эки менчик исламий мектептин лицензиясын бекер кылды. Бул Швеция коопсуздук кызматынын «окуучулар Ислам экстремизминин коркунучу астында» деген эскертүүсүнөн кийин болду. Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Швеция маалымат бөлүмү өз билдирүүсүндө мындай деди: «Менчик исламий мектептерди жабуу таалимдеги жаман натыйжаларга же кемчиликтерге негизделген чечим эмес. Тескерисинче, ал Исламга карата кара ниет максаттагы саясий чечим. Саясий партиялар жана саясатчылар Исламдын өнүгүүсүнөн коркуп, стресске түшүп жатышат… Бул болсо, аларды жеңилүүгө жетектей турган күрөш алып барууга мажбур кылып жатат… Биз бул интеграция мусулмандардын өздүгүн жок кылуу жана балдарды илманий баалуулуктарга зордоп үйрөтүүгө багытталган курал экенин көп жолу айтканбыз. Эгер, кайсы мусулман Батыш цивилизациясына сиңишпесе, ал “экстремист” эсептелет жана бул эч бир маани-негизи болбогон айыптоо. Ошондуктан, исламий менчик мектептердин жабылышын ушул көз караштан түшүнүү керек. Ислам тынымсыз чабуулдарга, исламий баалулуктары оор проблемаларга учурап жатат. Исламий мектепдерди жабуу, Куръани Каримди өрттөө, мусулман балдарды социалдык тармак тарабынан «уурдоо», булардын ортосунда эч кандай айырма жок, бардыгы ассимиляция саясатынын куралы».

Билдирүүнүн аягында саясий партияларга жана саясатчыларга кайрылуу жасалып мындай делет: «Силер өз түзүмүңөрдүн ойрон болуп жатканын көрүп турасыңар… Биз силердин Исламга каршы күрөштөгү ийгиликсиздигиңерди жана жеңилгениңерди жашырууга урунуп жатканыңарды түшүнүп жатабыз. Бирок, Исламга каршы күрөшүңөр өзүңөрдүн эле кулашыңарга кызмат кылат. Силер Исламды мусулмандар жүрөгүнөн өчүрө албайсыңар. Себеби, биздин баалуулуктар чыныгы болуп, эч качан сатылбайт».

 Роя гезити, №391, 2022-жыл, 18-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here