Американын прокси согуштары

178
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Американын прокси согуштары

 Устаз Хасан Хамдан (Абу Баро)

Прокси согуш – согушуп жаткан күчтөр же дүйнөдөгү биринчи мамлекет согушта өзүнүн ордуна башка тараптардан пайдаланган согуш. Мында ошол башка тараптар биринчи мамлекеттин малайы болушу да, же анын саясаты алкагында аракет кылган болушу да мүмкүн. О.э. анын түздөн-түз эгемендүү болушунун айырмасы жок. Же бул тараптар жалгыз бир мамлекет же аскерий блок болушу да мүмкүн. Прокси согушта дүйнөдөгү биринчи мамлекет саясий стратегияларды (пландарды) түзөт о.э. ролдорду, роль ойноочуларды жана алардын колундагы карталарды белгилеп берет. О.э. ал бардык тараптардын бул план боюнча аракет кылышын камсыздап, белгилүү бир саясий стратегиялык максатты ишке ашыруу үчүн ыкма жана каражаттар боюнча саясий альтернативаларды иштеп чыгат. Көздөлгөн максат эл аралык же регионалдык болушу да, ыктымалдуу коркунучту токтотуп калуу же башкаларды нейтралдаштыруу болушу да мүмкүн.

«Прокси согуш качан бир ири күч башка бир мамлекеттеги согушту колдоп-кубаттоодо жана башкарууда чоң роль ойногон же бул согуштарды козуткан убакта болот. Бирок, бул учурда ал өзү ушул согуштарга катышпайт, катышса да кичине алкакта катышышы мүмкүн. Амалий жактан алганда, прокси согуш көлөкөгө окшойт жана көбүнчө ар кандай күрөштө прокси согуш алып барып жаткан мамлекет менен ага кызмат кылып жаткан мамлекет ортосунда күчтөр тең салмактуулугу өзгөрөт».

Прокси согуш күчтүү саясат жүргүзгөн ар кандай мамлекет үчүн саясий зарылдык жана мыкты стратегия. Аны ал тургай дүйнөдөгү биринчи мамлекеттин шексиз катъий саясаты десе да болот. Биринчи мамлекет башка мамлекеттер менен күрөштө ар дайым көзүр карталарга жана каражаттарга ээ болот. Бул көзүр карталар жана каражаттар түздөн-түз ага таандык болуп, анын аскерий кубатын о.э. техникалык жана технологиялык жактан үстөмдүгүн ачык билдирет. О.э. анын атаандашы же атаандаштары алдында чоң реалдуу айырмага ээ экендигин, экономикасы жана экономикалык каражаттары дүйнөлүк деңгээлде кубаттуу экенин, валютасы күчтүү экенин, экономикалык согуштар делген ири базары күчтүү экенин о.э. кол астындагы эл аралык каражаттары күчтүүлүгүн… да түшүндүрөт. Кол астындагы эл аралык каражаттарга бүгүнкү күндөгү АКШ мамлекет департаментинин кабинети эсептелген Коопсуздук Кеңешин же Эл аралык Валюта Фондун мисал кылса болот. Биринчи мамлекеттин күч-кубаты өтө чоң жана ар түрдүү болот. Антпесе, ал дүйнөдөгү биринчи мамлекет боло албайт.

Түздөн-түз болбогон көзүр карталарга келсек, тарапкер мамлекет болобу, эгемендүү мамлекет болобу, алар өтө көп болот, биринчи мамлекет алардан өзүнүн турмуштук кызыкчылыктарынан келип чыгып пайдаланат. Мисалы, Тынч океанындагы мамлекеттер Кытайдын гегемондугунан коркуп жатышканда Америка бул абалдан ушул мамлекеттерди Кытайдын коркунучун токтотуп калуу үчүн Кытайга каршы тукурууда пайдаланууда. План түзүлгөндөн кийин, борбордун ролу пландын аткарылышын жана каражаттардын ырааттуулугун күзөтүү о.э. эң күчтүү көзүр карталарды ишке салуу болот.

Дүйнөдөгү биринчи мамлекет прокси согушка кудум суу сыяктуу муктаж. Себеби, ал проксисиз-түздөн-түз согушка киришкенде кээ бир нерселерди жоготот, ал тургай, согуштун акырында душманды жеңген учурда да аскерий, экономикалык жана инсаний кубаты зыянга учурайт. Акыбетте, айбатына жана башка мамлекеттердин ага карата көз карашына зыян жетет т.а. ага каршы турган жана андан коркпой турган мамлекет пайда болот. Эң олуттуу коркунуч дүйнөнүн ага болгон ишенимине зыян жетиши.

Мамлекет түздөн-түз согушта уттура турган дагы бир олуттуу нерсе ушул – мындай согушта мамлекет бүткүл этибарын белгилүү душманга каршы аскерий согушка каратып, муну менен алек болгондуктан эл аралык позицияны жана бардык нерсени күзөтө албай калат, акыбетте, иштер көзөмөлү жана тизгини анын колунан чыгып кетет. Эгер, аны бирер мамлекет күзөтүп, аңдып турган болсо, эл аралык абалдан алек болуп калганынан пайдаланып, анын кээ бир маселелерине аралашууга жана кээ бирөөлөрүн өзгөртүп жиберүүгө жетишет. Буга Британиянын эки гигант мамлекет ортосундагы согуштан – алардын ортосунда эл аралык келишим түзүлөрдөн  мурун – пайдаланганы мисал болот. Бул түздөн-түз согуштун акыбеттеринин эң жаман түрү болуп, ал эл аралык абалдын өзгөрүшүн түшүндүрөт. О.э. бул дүйнөнүн биринчи мамлекетке болгон ишенимине сокку жана зыян жетиши болуп гана калбастан, анын эл аралык деңгээлин жоготушуна, эл аралык абал түздөн-түз согуштан мурунку абалдан өзгөрүшүнө алып келет.

Прокси согуш мыкты стратегияга ээ саясий идея болуп, биринчи мамлекет үчүн анын таасири чоң. Мына, Кошмо Штаттар Кытайды тизгиндөө үчүн ага каршы прокси согушка кирип жатат. Муну Индия жана Тынч океанындагы мамлекеттер тобу о.э. таасирдүү эл аралык уюмдар аркылуу ишке ашырууда. Анын бул согушка кирүүдөн максаты – чоң олжону алып, көзүр карталарга – эгер калган болсо – күкүмдөрдү калтыруу. Мындан тышкары көзүр карталар прокси согуштун натыйжасында өз күчтөрүн да жоготушат. Америка ал тургай түздөн-түз согуш менен өз кубатына жана мамлекеттер аралык айбатына зыян жеткирүүнүн ордуна, прокси согуш аркылуу, мисалы, акыркы украиналык, же япониялык, же болбосо индиялык, же австралиялык калганга чейин согушуу аркылуу курал-жарак сатуу, баарына сокку берүү, аларды өзүнүн канатына киргизип, мамлекеттер аралык гегемондугун зордоп өткөрүү сыяктуу башка ири максаттарга да жетишип алат. Демек, прокси согуш дүйнөнүн биринчи мамлекети үчүн турмуштук жана саясий зарылдык болуп эсептелет.

 Роя гезити, №391, 2022-жыл, 18-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here