بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Акыйданын козголоңго жана нусратка таасири
Устаз Муръий Абу Хасан
Адам табияты ушундай, ал өзүнүн пайда болушу, ким жаратканы жөнүндөгү суроого жооп издеп жашайт. Жаратылышынан максат эмне, бул турмуштан мурда эмне болгон, кийин эмне болот, турмуштагы ролум кандай деген суроолорго жооп издейт.
Пайда болуу туурасындагы бул суроолор эң чоң түйүн болуп эсептелет. Алардын жообу – адамдын акыйдасы жана турмушка болгон көз карашы. Жооптун түрдүүлүгү менен адамзат акыйдасы да ар түрдүү болот. Ал жооп тапканда турмуш үчүн өзүнчө жол белгилеп алат. Жол ар бир адамдын акыйдасына таандык болот. Себеби, акыйдалардын ар биринде бакыт үчүн өзүнчө маани, амалдар үчүн башкасынан айырмалуу өзгөчө өлчөө о.э. акыйда белгилеп берген жаратылыштан көздөлгөн максатты ишке ашыруучу белгилүү бир түзүмү бар.
Козголоң турмуштун бардык тармагын өз ичине алган түпкү ыңкылабий болгон соң, демек, ал режимдерди өзгөртүү керектигин түшүндүрөт. Себеби, ушул козголоң турмуш иштерин козголоңчулардын акыйдасына ылайык түп-тамырынан тартиптештирет. Алар кабыл алган жаратылуу акыйкатын түшүндүргөн акыйдаларына ылайык келмейинче чыныгы өзгөрүү болбойт. Эгер, акыйдаларына ылайык келбесе, баарын бөлүнүү жана текке кетүү күтөт.
Акыры, козголоңчулар кантип белгилүү бир акыйданы кабыл алып жашоо түзүмүн өзгөртүүгө аракет кылып, кийин бул акыйдадан адынган түзүмдү албашы мүмкүн?!
Бүгүн дүйнөдөгү, мусулман өлкөлөрүндөгү бул түзүмдөрдү дыкат үйрөнө турган болсок, ушуга күбө болобуз – алар динди мамлекеттен жана турмуштан бөлүүгө негизделген илманий жана капиталисттик түзүмдөр болуп, өлчөөлөрү – пайда-кызыкчылык. Алар бакытты рахаттануу деп түшүнүшөт. Максаттары каалолорун кандыруу болуп, бул дүйнө турмушунан ары өтпөйт. Шексиз, бул Исламга тескери. Себеби, Ислам биздин жаратуучу Аллахтын махлуктары катары акыйкатыбызды баян кылган жана бул ааламга келишибизден көздөлгөн максатты белгилеп берген. Бул максат – Аллах Таалага кулдук кылуу:
﴿وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنْسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ﴾
«Мен жин жана инсанды Мага гана ибадат кылуулары үчүн жараттым» [51:56]
О.э. Ислам бизге амалдардын өлчөөсүн т.а. шаръий хукмду берген.
Демек, Ислам акыйдасы бизге мусулман болгонубуз үчүн бул акыйдадан алынган белгилүү бир түзүмгө жана бул түзүм өз ичине алган жана жаратылуубуздан көздөлгөн максатты ишке ашырышыбызга жеткирүүчү мыйзам-эрежелерге амал кылууну буйруду. Башка акыйдадан алынган жана өлчөөлөрү башка өлчөө болгон о.э. бул түзүмүбүзгө тескери келген башка ар кандай түзүм биз иътикад кылган жаратылуу максатын эч качан жүзөгө чыгарбайт.
Ошондуктан, мусулман өлкөлөрүндө козголоң кылган ар бир мусулман капиталисттик түзүмдү жана андан алынган илманий өлчөөлөрдү ойрон кылышы, алардын ордуна Ислам түзүмүн жана өлчөөлөрүн тикелеши керек. Антпесе, ал козголоң кылган түзүмдүн ордуна кайра эле ошол түзүм кайтып келет жана бул түзүмдүн өкүмдарларын өзгөртүү пайда бербейт. Качан түзүмдөр жана өлчөөлөр ушундай өзгөртүлсө гана чыныгы өзгөрүү болот, андан башка өзгөрүү сокур тыйындай кадырсыз жасалма өзгөрүү болот.
Ошондуктан, козголоңдун нусратка жетиши акыйдабыздын түшүнүгүнө ылайык кайра мамлекет тикелөөдөн жана турмуш түзүмдөрүн өзгөртүүдөн турат. Мамлекеттин дастуру да, түзүмү да Ислам акыйдасы негизинде курулат. Себеби, биз ушул түзүм менен гана жашоого келишибизден көздөлгөн максатты жүзөгө чыгаруу жолунда жүрүүбүз мүмкүн, билип койгула, бул шериги жок, жалгыз Аллах Таалага кулдук кылуу максаты. Ал эми, демократиялык түзүмдөр бизди жашоого келүүбүздөн көздөлгөн максатка тескери жолдон жүргүзүүдө. Бизди Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн Анын өкүмдөрүн колдонуудан буруп, адамдын мыйзамдарына моюн сунууга жана кафир мамлекеттерге кызмат кылууга үндөдү. Демек, демократия да Аллах жана Расулунун сызыгынан чыккан түзүм болуп, Аллахка моюн сунуубузга тоскоолдук кылууда же тыюуда о.э. күнөөкөрлүккө шарт жаратып берүүдө. Акыбетте, Расул акрам ﷺ айткандай, жашообуз өтө кайгылуу жашоого айланды:
«يَأْتِي عَلَى النَّاسِ زَمَانٌ الصَّابِرُ فِيهِمْ عَلَى دِينِهِ كَالْقَابِضِ عَلَى الْجَمْرِ»
«Ушундай заман келет, анда дин жолунда сабыр кылган киши колунда чокту кармап тургандай болот». (Тирмизий сахихи).
Козголоң жана нусратты качан гана мына ушундай түшүнүлсөк жолду аягына чейин улантуу зарыл болот. Бул бүгүнкү түзүм-режимди конституциялары жана бардык түркүк-жүздөрү менен кошо кулатып, Ислам башкаруусун тикелөө жолу. О.э. бул жолдо эл аралык коомчулук, негизинен Америка жана анын тарапкерлери бизге сунуштап жаткан саясий чечимдерди четке кагуу зарыл. Себеби, алар берип жаткан чечимдер учурдагы режимдерди коргоочу жана кулашын алдын алуучу, колонизатор кафир Батышка көз карандылыктан кутулууга тоскоолдук кылуучу чечимдер. Тунис жана Мисирде дал ушундай болду. Шам козголоңунда да ушундай аракет жасалып жатат. Алгач Аллах Тааланын мээрими-жардамы, калыс аң-сезимдүү пенделеринин аракети менен, алар бизди өздөрүнүн мындай саясий тузактарына түшүрүүгө же малай режимдерин кайра тикелөөгө эч качан жетише алышпайт.
Түшүнүшүбүз керек, жарым жартылай козголоңдор козголоңчуларды өлтүрөт. Нусрат маанисин андай ката түшүнө турган болсок, душмандарыбыздын үстүбүздөн жетишкен жеңиштерин өзүбүз алкыштай турган болобуз, калкыбызды өзүбүз козголоң кылган режимдин чеңгелине өзүбүз түшүрүп беребиз жана мурун Роббибизди каарын келтигенибиздей, дагы каарына калабыз… Бирок, инша Аллах, бул сапар андай болбойт.
Тыянактап айтканда, козголоң кылган мусулмандар бир гана Ислам акыйдасын түшүнүп өзгөрүү жасашсын, малай режимдерге о.э. аларды пайда кылган жана артында туруп, коргоп жаткан мамлекеттерге каршы күрөшсүн. Эгер, бул режимдер жана Батыш мамлекеттери бизге каршы өздөрүнүн курал-жарак жана каражаттары жардамында күрөшүп жатышкан болушса, биз аларга каршы колубуздан келгенче болгон маддий күчүбүз менен күрөшөбүз жана Аллах Тааладан башкага ишенбейбиз да, таянбайбыз дагы. Анткени, ушул аяттарда кабар берген Аллах Тааланын убадасы нусратка болгон ишенимибизге пайдубал болот:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾
«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылгандарга, кудум мурунку өткөн (итикаддууларды) халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар» [24:55]
﴿إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ﴾
«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган Күндө (кыяматта) да нусрат беребиз» [40:51]
Аллахка дуа кылып, бизге Шам жеринде күч-кубат, нусрат жана үстөмдүк беришин сурайбыз. Негизи, бул жерде бир миллиондон ашык адам курман болду жана мынча курмандык Ислам башкаруусуна татыктуу. Бул башкаруу Расулуллах ﷺ бизге:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«… Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот» деп башарат кылган Ислам мамлекети т.а. экинчи рошид Халифалык мамлекети аркылуу болот. Хизб-ут-Тахрир түзүлгөндөн бери, канча деген кыйынчылыктар, тоскоолдуктар, кайгылар жана курмандыктарга карабастан, өзүн мына ушул максат-идеяга арнады. Аллахтын уруксаты менен бул мамлекетти тикелөөнүн убагы келди, негизи, буга жетиштирүү Аллахка жеңил.
Роя гезити, №391, 2022-жыл, 18-май.