Түркия режими шерменделик жолун карманып, болбогур жооп менен чектелүүдө!

55
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркия режими шерменделик жолун карманып, болбогур жооп менен чектелүүдө!

«Syria.tv» хижрий 1443-жылы 12-шаввал, миладий 2022-жылы 12-май күнү ушул кабарды жарыялады: «Бейшемби күнү Түркия тышкы иштер министрлиги берген билдирүүгө ылайык, Сириянын түндүгүндө жайгашкан «Сирия демократиялык күчтөрүнө» (SDF) карата ок атылышы натыйжасында Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп районунда бир нече адам жаракат алган. Бул күчтөр Халабдын Айнул-Араб районунда жайгашып, Tүркия армиясынын Газиантеп районундагы Каракамыш районунун чегара постун ракета жана миномёддор аткылашкан… акыбетте аскер жана катардагы жарандардан турган төрт киши жараланып, ооруканага жаткырылган. Түркия армиясы «өзүн коргоо укугу алкагында» объекттерге ракета соккусун урду, акыбетте SDF күчтөрүнүн алтоосу жок кылынды».

Роя:

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы устаз Ахмад Абдулваххаб бул жөнүндө ушуларды баса белгиледи: «Түркия режими жаш балдардай саясат кылып жатат. Ал кудум согушкер уюм сыяктуу жооп кайтарып, болгону бир нече километр алыстыкта турган SDF күчтөрү менен аткылашууда үстөмдүктү көрсөтө албай жатат».

Устаз Абдулваххаб: «Армияларыбыз качанга чейин мусулмандардын өмүрүнө жана намысына кол салып жаткандарга сабак бере албай, казармаларда кол-буттары кишенделип тура берет», – деп суроо салып, сөзүн Аллах Тааланын ушул аяттары менен бүтүрдү:

﴿وَمَنْ يُهِنِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِن مُّكْرِمٍ إِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يَشَاء﴾

«Кимди Аллах кор кылса, анда, аны (эч ким) азиз кыла албайт, албетте, Аллах Өзү каалаган нерсени кылат»                                                                                                          [22:18]”.

 Роя гезити, №391, 2022-жыл, 18-май.

                                                                                                                     

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here