БУУ: Кыргызстандагы калктын 70 пайызы жакыр
Кыргызстанда жакыр жашаган адамдар калктын 70 пайызын түзөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын докладчысы Оливье Де Шуттерге таянып, «Азаттык» жазды.
Анын айтымында, расмий статистика чындыкка дал келбейт. Кыргызстанда айына миң сомдук киреше менен жашаган калктын катмары 25,3% деп көрсөтүлгөн, бирок бул так сан эмес. Дүйнөлүк банк бул көрсөткүчтү 35% жогору деп билдирген. Акыркы мезгилде мигранттардан келген каражат да азайды. Бир айда жан багууга минималдык акчаны 6 миң сом десек, анда айрыкча 16 жашка чыга элек балдардын көпчүлүгү мындан аз акчага жашап жатат. Анализдер Кыргызстандагы калктын 70%ы жакыр экенин көрсөткөн.
Де Шуттер эки апта бою Ош, Нарын, Баткен облустарын кыдырып, аз камсыз болгон калктын катмарына жолукканын кошумчалады. Ал бул сапарынын жыйынтыгын 2023-жылы БУУнун Адам укугу кеңешинде атайын доклад менен сунуштамакчы.
Учурда Кыргызстанда да капиталисттик система колдонулуп жаткандыктан, капиталисттер кризистик абалдан мүмкүн болушунча көбүрөөк киреше алууга аракет кылышууда. Белгилүү болгондой, өлкөбүздөгү бай капиталисттердин баары эле бийлик менен байланышкан. Соода-сатык сыяктуу кирешелүү тармактар аткаминерлерге тиешелүү, же алардын туугандарына, же жакын адамдарына таандык. Алар бул бизнестерин бийликтеги таасири менен калкалап келишет. Ошондуктан, азык-түлүктүн ар тармагы ар капиталисттин колунда, башкача айтканда, монополия десек болот. Алар бааларды каалагандай коюшуп, абал курчуганда көбүрөөк киреше алуу үчүн бааларды дагы да жогорулатышат. Натыйжада, капитализм табиятына ылайык жакыр катмардын катары калыңдап, байлардын байлыгы өсүп жатат.
Демек, дүйнө жүзү Кыргызстан сыяктуу мына ушул капитализмдин адилетсиздигинен запкы тартып жатат. Адамзатты мындай зулумдан адамдардын жаратуучусу Аллах тартуулаган Ислам түзүмү гана чыгарат. Анткени, адамдардын акы-укуктарын Аллах Таала гана туура белгилейт жана ал укуктар Анын шарияты менен корголот. Шарият адамга адам деп карайт – ага капитализмдегидей “салык төлөөчү”, “шайлоочу” же “жумушчу күчү” деп карабайт. Ал эми Ислам көз карашында ар бир тирүү жан азиз. Анын тирүү жана бакубат жашашын камсыздоо мамлекеттин негизги милдети болуп эсептелет. Ошондой эле, Ислам мүлк жана ресурстар коомдун ар бир жаранына бөлүштүрүлбөгөнүн проблема деп билет. Т.а. проблема мамлекеттин жакырдыгы эмес, адамдардын жакырчылыгы. Жакыр, мискин жана мусапыр туурасында келген аят жана хадистер бир далай. Аларда мына ушул нерсе проблема катары көрсөтүлүп, ал шексиз чечилиши шарт деп каралат. Аллах Таала айтат: «Кылган ар бир жакшылыгыңар силерге зулум кылынбаган абалда өзүңөргө толугу менен кайтарылат. (Кайыр-садакалар) Аллах жолунда тосулган жакырларга берилет». [2:272-273]
Хадистерге келсек, Расулуллах ﷺ бул жөнүндө мындай дейт: «Арасында ачка киши болуп туруп, ток абалда таң аттырган турактын ээлеринен Аллахтын коргоосу көтөрүлгөн болот».
Ошондуктан, Халифалык мамлекетинин бүткүл тарыхында, ал тургай, оор доорлордо да көчөлөрдө тилемчилик кылган тилемчилер болбогонун, мамлекет өз жарандарын азык-оокат, кийим-кече, үй-жай, таалим, дарылануу жана коопсуздук сыяктуу бардык негизги муктаждыктарын камсыздап койгонуна күбө болобуз. Бул абал Уммат салыккор мамлекет эмес, камкор Халифалык көлөкөсүндө жашаган замандарда болгон. Бүгүн бүткүл дүйнө салыккор эмес, камкор мамлекетке муктаж. Тынч, кадыржам, бейпил жана көңүл ток жашоо берген мамлекетке муктаж. Бул болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети колдонгон Ислам түзүмүндө гана болот.
Мумтаз Маверанахрий