Шуттер: Кыргызстан калкынын 70 пайызы жакырчылыкта жашайт

206
0

Шуттер: Кыргызстан калкынын 70 пайызы жакырчылыкта жашайт

 Кабар: Кыргызстанда жакырлардын саны расмий статистикалык маалыматтарда көрсөтүлгөндөн алда канча көп. Бул тууралуу БУУнун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын докладчысы Оливье Де Шуттер билдирди.

 “Кыргызстанда айына миң сомдук киреше менен жашаган калктын катмары 25,3 пайыз деп көрсөтүлгөн, бирок бул так сан эмес. Дүйнөлүк банк бул көрсөткүчтү 35 пайыздан жогору деп билдирген. Акыркы мезгилде мигранттардан келген каражат да азайды. Бир айда жан багууга минималдык акчаны 6 миң сом десек, анда айрыкча 16 жашка чыга элек балдардын көпчүлүгү мындан аз акчага жашап жатат. Биздин анализ Кыргызстандагы калктын 70 пайызы жакыр экенин көрсөттү”, – деген Оливье Де Шуттер.

 Эске сала кетсек, БУУнун жакырчылыктын жеткен чегин изилдеген атайын докладчысы Оливье Де Шуттер Кыргызстанга 23-майда келген. Ал эки апта бою Ош, Нарын, Баткен облустарын кыдырып, аз камсыз болгон калктын катмарына жолукту. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жакырчылыкты жоюу боюнча кеңеш берди. Ал бул сапарынын жыйынтыгын 2023-жылы БУУнун Адам укугу кеңешинде атайын доклад менен сунуштайт.

 Комментарий: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө өкүм сүрүп жаткан экономикалык кризистерге, жакырчылык жана ачарчылыкка үстүбүздө өкүм сүрүп жаткан капитализм түзүмү себепкер. Эл аралык жана аймактык мыйзамдар менен бекемделген бул түзүм байлардын ого бетер байышына жана жакырлардын ого бетер жакырданышына жол ачат. Себеби, бул түзүмдө башка эркиндиктер катарында мүлк эркиндиги да бар. Башкача айтканда, бул эркиндик себептүү ар ким каалагандай жол менен мүлккө ээлик кылууга укуктуу. Капитализм түзүмүнүн жакырчылыкты кандай пайда кылышына келсек, бул түзүм идеясын колонизатордук менен жайылтат. Т.а. ири мамлекеттердин иши – өлкөлөрдү басып алуу, элдерге зулум кылуу, байлык жана ресурстарды талап-тоноп, мамлекет калкын алардан куру калтыруудан турат.

БУУнун бир отчётунда мындай деп айтылат: “Өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин калкы 4.3 миллиард адам. Алардын үч миллиардга жакыны жакырчылык чегинде жашап жатат т.а. алардын ар биринин күнүмдүк каражаты 2 долллар, 1.2 миллиардынын каражаты болсо 1 доллардан азыраак. Ал эми Батыштын статистикалык маалыматтарына ылайык, өнөржайы өнүккөн мамлекеттер дүйнөдөгү артыкчылыктын 97 пайызына, трансулуттук мамлекеттердин компаниялары технология, өндүрүш жана маркетинг абзелдиктеринин 90 пайызына ээ. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги чет өлкөлүк инвестициялар пайдасынын 80 пайыздан ашыгы 20 бай мамлекетке кетип жатат. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде калктын 33.3 пайызы пайдалануу үчүн коопсуз, таза ичүүчү сууга жетпейт, 25 пайызынын жетиштүү турак-жайы жок, 20 пайызы эң эле жөнөкөй медициналык кызматтардан пайдалана алышпайт, жаш балдардын 20 пайызы мектепти бешинчи класска чейин окуйт, мектеп окуучуларынын 20 пайызы тоюп тамактанбайт. Дүйнөдөгү эң бай үч адамдын байлыгы эң жакыр 48 мамлекеттин ИДПсына барабар. Дүйнөдөгү эң бай 200 адамдын байлыгы дүйнө калкынын 42 пайызынын кирешесинен көптүк кылат”.

 Колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн БУУ “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерин колонизаторлор иштеп чыккан эл аралык мыйзам-эрежелерге моюн сунууга мажбурлап келет. Ал мыйзамдар аркылуу “үчүнчү дүйнө” мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон оор өнөржайды өнүктүрүшүнө тыюу салынган. Бул мамлекеттер жетекчи мамлекеттер үчүн сырьё базасы болуп эсептелишет жана айыл-чарба тармагына гана байлап коюлган. Айыл-чарбасы үчүн зарыл болгон техникалар болсо ошол колонизаторлордун колунда. БУУ болсо өнүгүп келе жаткан жана жакыр мамлекеттерде баланча миллион адам ачка, баланча пайыз жакырлар бар, дүйнө калкына ачарчылык коркунуч туудуруп жатат деп жар салуудан чарчабайт…

 Аллахтын уруксаты менен тикеленүүчү Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалик мамлекети жакырчылыкты жана анын себептерин жоёт, адамдарды ач көз капиталисттик түзүмдөн коргоп, бардык адамдардын негизги муктаждыктарын камсыздайт..

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here