بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Дарфурдагы кандуу күрөш өкүмдарлардын саткындыгын, жалданма аскер жана куралдуу кыймылдардын коркунучун ачыкка чыгарды
Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) билдирүүдө мындай деди: «Дарфурдагы кандуу күрөш биринчи ирет болуп жаткан жок жана акыркысы эмес көрүнөт. Себеби, мамлекет өз жарандарынын канын коргоо, айрыкча, чар тарапта куралдар көбөйүп кеткен жана мамлекетсиздик абалы пайда болуп, адамдар аскерийлешип кеткен чөйрөдө өзүнүн туруктуулукту камсыздоо милдетине этибар бербей жатат…
Мусулмандар бири-бирин өлтүрүшү – шаръий түрдө харам. Уруучулук негизде согушууну да Ислам харам кылган. Өлкөдө коопсуздук көзөмөлдүн жоктугу колонизатор кафир атайылап жараткан абал болуп, муну анын малай өкүмдарлары менен жалданма аскерлери жана алардын жетекчилери аткарып беришүүдө. Ушул аркылуу жашоону Ислам менен өзгөртүүгө умтулуп жаткан мусулмандарга карата душмандыгын ишке ашырмакчы болуп жатышат».
Устаз Абу Халил сөзүнүн аягында ушуларды баса белгиледи: «Бардык тармактагы абал жана окуялар Ислам негизинде өзгөрүү шарт экенин көрсөтүп турат. Анткени, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети өз жаранын коопсуздук жана жыргал жашоо менен камсыздайт.
«فَالْإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»
«Имам-халифа – камкор жана өз жаранына жоопкер».
Хизб ут-Тахрир–Судан вилаяты Абяз шаарындагы өзүнүн офисинде 2022-жылы 22-апрель күнү Рамазан ифтарлыгын уюштурду. Ифтарлыкка шаардагы белгилүү жана таасирдүү кишилерди, саясий партиялардын төрагаларын жана мүчөлөрүн, адвокаттарды жана башкаларды чакырды. Ифтарлыктан кийин саясий иш-чаралар өткөрүлүп, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) азыркы кризистүү саясий абал жөнүндө сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Умматтын мындай атайылап жаратылган кризистерден чыгуусунун жалгыз жолу Ислам белгилеген башкаруу түзүмүн т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө болуп, бул бүткүл Уммат үчүн фарз экенин баян кылды.
Мындан тышкары, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Рамазандын 22-23-күндөрү делегация түзүп, Абяз шаарындагы бир нече таасирдүү кишилерди зыярат кылды. Зыяраттардан максат: алар менен алакаларды бекемдөө жана Судан жетекчилигине Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылуу жоопкерчилигин жүктөө.
Роя гезити, №389, 2022-жыл, 4-май.
viagra mail order usa – cheap sildenafil pill tadalafil women
buy esomeprazole generic – order nexium 40mg generic sumatriptan order online
buy levofloxacin generic – ranitidine 300mg cost ranitidine 300mg uk
buy mobic cheap – tamsulosin over the counter order generic tamsulosin 0.2mg
buy generic ondansetron 8mg – order aldactone 25mg sale simvastatin drug