Түркия Россиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жапты
Түркия Монтро келишимине ылайык Россиянын жарандык жана аскерий учактары үчүн аба мейкиндигин жапты. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу билдирди. Анын айтымында, Анкара бул маселеде Москва менен диалог механизминин алкагынан чыкпаган абалда аракет кылууга көңүл бурган.
“Россиянын аскерий жана жарандык учактары үчүн аба мейкиндикти жаптык. Биз 3 айга уруксат бергенбиз. Анын мөөнөтү апрелге чейин болчу. Президентибиз Режеп Тайып Эрдоган да бул тууралуу Владимир Путинге маалымдады. Андан кийин учуп-конуулар токтоду. Башкача айтканда, биз Монтро келишиминде да, башка маселелерде да, бул жараянды диалог аркылуу алып баруудабыз”, – деди Чавушоглу.
Комментарий: Түркиянын аба мейкиндиги Россиянын аскерий учактары үчүн ушул кезге чейин ачык эле. Россиянын кыргын салуучу учактары 2015-жылдан бери кеңири учуп өтүп, Сирия калкын кыргын кылып жатканда ачык турган аба мейкиндигин Түркия эмне үчүн бүгүнкү күндө жаап койду? Эгер адамдык туйгудан келип чыгып, Украинада бейкүнөө адамдар өлтүрүлүшүнүн алдын алуу үчүн ушундай кылган болсо, анда Сириядагы кыргындарга көз жумуп коюшунун себеби эмнеде болчу?!
Башар Асаддын атасы Хафиз Асад ишке ашырган Хама кыргынына ишара кылган Режеп Таййип Эрдоган “Экинчи Хама кыргыны болушуна эч качан жол бербейбиз” деп сөз берген эле. Ал эми Россия Хамада эле эмес, Сириянын бардык жерлеринде жырткычтык кыргындарды ишке ашырды. Жай тургундардын үстүнө бомбаларды жаадырып, жер менен жексен кылды. Ал тургай аялдар, жаш балдар жана карылар жан сактап жатканы анык болгон качкындар лагеринин да күлүн көккө сапырды. Ал жерде энелер жана балдардын отто күйүп, куйкаланып калган сөөктөрүн дүйнө жүзү көрдү. Эң өкүнүчтүүсү Россиянын кыргын салуучу учактары ошол кыргындарын мына ушул Түркия аба мейкиндигинен пайдалануу менен ишке ашырды. Бул да жетишпегендей, Сирия калкын кыргын кылуу үчүн колдонулуучу аскерий жабдыктар жүктөлгөн кемелер ары-бери катташы үчүн кысыктар ачып коюлду.
Түркия өкмөтү “Экинчи Хама кыргыны болушуна эч качан жол бербейбиз” деген сөзүндө туруп мусулмандарды коргомок тургай, Россия учактары үчүн аба мейкиндигин жабуу жөнүндө бир да сөз айткан эмес. Эмне үчүн? Себеби, Түркия өкмөтү Аллахка эмес, АКШга ишенимдүү кул. Америка сызган сызыктан бир кадам да тышкарыга чыкпайт. Түркия аба мейкиндиги ушул кезге чейин Россия учактары үчүн ачык турушу да, Түркия өкмөтүнүн Россия жана Иран менен Астанада сүйлөшүү столуна отурушу да, Халабдан (Алеппо) өзүнө баш ийген мужахиддерди чыгарып алып, аны Асад күчтөрү басып алышына жол ачып бериши да, бүгүнкү күнгө келип Россия учактары үчүн аба мейкиндигин жаап коюшу да, кыскасы тышкы саясаттагы ар бир аракети АКШнын калоосуна ылайык ишке ашып жатат.
А бирок, бул Түркия эч качан АКШ сызган сызыктан бир кадам да тышкарыга чыга албайт дегени эмес, Түркия өкмөтү өз мабдасынан баш тартып т.а. Аллахтын өкүмдөрүн бир четке сүрүп коюп, Батыштын “динди мамлекеттен ажыратуу” түшүнүгү негизине курулган капиталисттик мабдасын кармап алганы себептүү ошол мабда ээлеринин артынан жалтактап жүрүүгө мажбур болууда. Эгер Жалгыз Аллахка таянуу менен Ислам мабдасын бекем кармаганда, анын артында түрк калкы эле эмес, бүтүндөй Ислам үммөтү сап тартып турганына күбө болмок. Себеби, Эрдоган Түркиядан башка Ислам өлкөлөрүнө сапар кылганда мусулмандар аны канчалык колдошун көрсөтүп жатышат. Айрыкча Пакистан жана Судан сыяктуу калкы Исламга көбүрөөк ыктаган өлкөлөрдө бул нерсе даана көрүнүп турат. Эрдоган жума намаздарын мечиттерде окуганы, кээ бир жерлерде Куръан кыраат кылганы, иш жүзүндө тескериси болсо да, сөздө яҳудий вужудуна каршы билдирүүлөрд бергени үчүн гана үммөт аны ушунчалык колдоп жатат. Эгер Эрдоган Аллахтын шариятын колдонорун ачык айтып, Расулуллах ﷺдын байрагын көтөрүп чыкса, абал кандай болорун өзүңүз элестетип көрүңүз.
Киямуддин Шариф