ЖККУ Донбасска тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүшү мүмкүн

179
0

ЖККУ Донбасска тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүшү мүмкүн

Кабар: ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась, эгер зарылдык пайда болсо ЖККУ Донбасска тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүшү мүмкүн экендигин билдирди. Башкы катчы бул тууралуу 17-февралда Рейтер агенттигине берген интервьюсунда айткан. Ал муну Москванын НАТОго жообу деп түшүндүргөн.

Буга чейин Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында өздөрүн көзкарандысыз республика катары жарыялаган Донецк жана Луганск жикчилдери Украина аскерлери менен атышуулар башталганын, тургундар Россияга эвакуацияланып жатканын билдирген.

ЖККУ өзүнүн алты мүчөсүнүн т.а. Россия, Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнө таянат. Жалпы активдүү аскерий күчтөрү 900 000 кишиден турган Россия ЖККУнун эң кубаттуу мүчөсү болуп эсептелет жана уюмдун бириккен аскерий штаб-квартирасын россиялык башкарат.

Засьтын айтымында, ЖККУ даяр абалда болгон туруктуу 17 миң аскерден турган кошуунга жана 4 миңдей аскерден турган тынчтык орнотуучу күчтөргө ээ.

 Комментарий: Крымды аннексия кылышынын артынан АКШ башында турган Батыш мамлекеттери Россияга каршы жарыялаган экономикалык санкциялар орус экономикасын оор абалга кептеп койду. Ал санкциялар Россиянын өзүнө эле таасирин тийгизбестен анын жетегиндеги ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге о.э. экономикалык жана саясий жактан ага көзкаранды болгон Борбор Азия республикаларына да терс таасирин тийгизди. 2018-жылы ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: “Санкциялар себептүү импорттун көлөмү азаюуда, себеби, негизги өнөктөшүбүз Россия. Санкциялар РФ экономикасына таасирин тийгизген жана бул нерсе Кыргызстандагы экономикалык абалга да таасирин тийгизүүдө”, – деген эле. О.э. Россия рублинин кунсузданышы региондогу мамлекеттердин ички дүң өнүмүндө салмактуу орун ээлеген эмгек мигранттарынын кирешесине да таасирин тийгизди…

 Бүгүнкү күнгө келип, Россия АКШ жана НАТО менен пайда болгон аскерий тирешүүгө өзүнүн кол алдындагы ЖККУнун мүчөлөрүн да тартууга аракет кылууда. Бул аркылуу батыш мамлекеттерине өзү жалгыз эместигин көрсөтүп коймокчу болууда. Мында ал уюм келишиминин 4-беренесинде белгиленген “мүчөлөрдүн биринин коопсуздугу, туруктуулугу, аймактык бүтүндүгү жана суверенитетине коркунуч туудура турган куралдуу чабуул бардык мүчө мамлекеттерге кол салуу катары кабыл алынат” деген негиз менен ЖККУну тартышы мүмкүн. Негизи, Донецк жана Луганск Россиянын курамында эмес, тескерисинче ал жердеги жикчилдерди аскерий жана материалдык жактан колдоо аркылуу аларды Украинадан бөлүнүп чыгууга үндөгөн дал ушул Россия болду.

Эгер Россия Донецк жана Луганскка “тынчтык орнотуучу күчтөрдү” жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алса, ЖККУга мүчө мамлекеттер эч бир экиленбестен аскерлерин жөнөтүшөт. Себеби, Лукашенко менен Токаевдин бийликтерин сактап калууда жакындан жардам берген Путиндин алдында тилдери кыска болсо, Кыргызстан болсо кудум Казакстанга аскерлерди жөнөткөндөй эле “уюмга мүчө болгонубуздан кийин анын устабына сөзсүз моюн сунушубуз керек” деген шылтоо менен актанат. Себеби, бир күн келип кыргыз бийлиги да өз калкына каршы ЖККУдан жардам сурап калышы мүмкүн. А бирок, ал жакка жөнөтүлө турган аскерлер эми Казакстандагы сыяктуу куралсыз демонстранттарды бастырууга эмес, аскерий аракеттер жүрүп жаткан чекиттерге жайгаштырылат. Ушундай болгон соң уюмга мүчө мамлекеттердин калкы президенттери бийликте узагыраак убакыт отурушу жана Россия алдында “жүздөрү жарык” болушу үчүн балдарын курман кылышы керек болот. Жергиликтүү акимдерибизге балдарыбыз курман болушунун кыпындай да мааниси жок. Алардын бирден-бир дарты, кандай кылып болсо да бийлигин узагыраак убакытка сактап туруу.

  Абдурахман Адилов 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here