Пенсияны пенсионерлердин акысынан көтөрүү айласы

172
0

Пенсияны пенсионерлердин акысынан көтөрүү айласы

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 21-февралдагы жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорду экинчи окууда карады. Анда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматева документти кароону кийинкиге калтыруу тууралуу өтүнүч келтирди жана муну пенсиялык саясатты өзгөртүүнүн жол-жобосу даярдалып жатканы менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, Социалдык фонд бардык пенсионерлердин стажына, кошкон салымына жараша пенсиялык саясат жүргүзөт. Учурда механизмдери иштелип жатат.

Буга чейин Жуматаева Кыргызстанда пенсияга жеңилдетилген шартта эрте чыгуу укугун алып салуу караштырылып жатканын, Соцфонд мындай популярдуу эмес чарага барууга аргасыз экенин билдирген. Анда ушул тушта пенсионерлердин 40% жеңилдетилген шартта ардактуу эс алууга чыккандар экенин, арасында 13 жыл, 8 жыл эрте пенсияга чыгып алгандар бар экенин белгилеген. “Жеңилдик менен пенсияга чыгуучулардын мөөнөтүн жок дегенде этап-этабы менен алты айдан болсо да жогорулатуу керек. Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу дегенди да таптакыр жок кылалы деп жатабыз – аялдарга 58, эркектерге 63 жаш”, – деген Жуматаева.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда азыр 714 миңден ашуун пенсионер бар. Алардын 51% (365 миң 966 адам) жашоо минимумунан жогору өлчөмдө, ал эми 49% (348 миң 623 адам) бул көрсөткүчтөн төмөн пенсия алат. Жашоо минимуму 5800 сом деп белгиленген.

Муну менен өкмөттүн пенсияны көтөрүү аракеттери экинчи тараптын чөнтөгүнөн алынары ачыкталып калды. Башкача айтканда, бийик тоолуу аймакта жашаган же эмгек стажына байланыштуу пенсияга эрте чыккан жарандардын пенсиясы жокко чыгып, алардын бир бөлүгү жаш курагы жетип чыккандардын пенсиясына бөлүштүрүлмөкчү, а калганы болсо бюджетте калмакчы.

Буга кошумча, Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 70,9 жашты түзөт. Ал эми, пенсияга эркектер 63, аялдар 58 жашта чыгат. Демек, кырк жылдап төккөн салыкты пенсия катары 8-12 жыл гана алуу укугу бар. Ал эми, калган каражат мамлекеттин бюджетин жамаганга же коррупцияга баткан бийликтин сол чөнтөгүнө кетмекчи.

Демек, бийликтин пенсияны көтөрүү урааны популизмден же алдоодон башка нерсе эмес! Кыргызстан калкы мындай алдоо жолу менен пенсия же айлык акылардын көтөрүлүшүнөн тажап бүттү. Пенсия курагынын көтөрүлүшү же жогорудагыдай жашы жете электердин пенсиясын кыскартуу түпкүлүгүндө эл аралык уюмдардын талабы астында жүргүзүлөт

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here