Европада мусулман үй-бүлөлөрдүн балдары педофилдерге тапшырылууда

467
0

Европада мусулман үй-бүлөлөрдүн балдары педофилдерге тапшырылууда

Швециянын Стокгольм шаарында мусулман үй-бүлөлөр балдары тартып алынгандан кийин педофил бузукуларга тапшырылып жатканын айтып чыгышты. Бул тууралуу «Йени Шафак» басылмасы жазды.

Митингге чыккандар балдары педофил үй-бүлөлөргө берилип, жылаңач сүрөттөрү интернетке жарыяланганын, балдарын куру дегенде мусулман үй-бүлөлөргө берилишин талап кылышууда. Алар “Балдарыбызды кайтарып бергиле”, “Адилеттик каалайбыз” деген плакаттар менен чыгышкан.

Балдардын укугун коргоочу Камил Алтайдын айтымында, Германияда өткөн жылы 52 миң бала ата-энесинен тартып алынган. Алардын 28 миңи качкын үй-бүлөлөрдүн балдары болгон. Алынган балдар консулдуктарга билдирилбеген жана жакын туугандарына да берилбеген.

Европа тажрыйбасында жыгылып же кырсыктан улам ооруканага түшкөн балдар да тартып алынган учурлар катталат. Маселен, Германиянын Дормаген шаарында жашаган мусулман үй-бүлөнүн 1,5 жана 4 жаштагы эки баласы зулумдук көргөн деген шылтоо менен тартып алынган. Дагы бир үй-бүлөнүн 1,5 жаштагы бөбөгү үйдөгү эмеректен жыгылып ооруканага алып барган жерден тартып алынган.

Жогорудагылардан маалым болгондой, Европа өзүнүн ыплас саясатын негизинен мусулман үй-бүлөлөргө каратууда. Мындай абал алардын текчилдигин жана мусулмандарга карата душмандык маанайын ачыктап турат. Ал эми, балдар укугу, гумандуулук ураандары өз саясатын жүргүзүү үчүн жасалган куралдан башка нерсе эмес!

Мындай ыплас саясаттын негизин бардык тармакка эркиндик берген  демократиянын акыйдасына байланыштуу. Анын акыбети кыйроо болору анык, муну Батыштагы адамдар өзүлөрү да сезип жатышат. Демократия турмушубузга, үй-бүлөбүзгө, адеп-ахлагыбызга, экономикабызга аралашып кеткендиктен бардык тармакты бузукулук каптоодо. Анткени, инсан өзүнүн кемчиликтүү акылы менен турмушту толук камтуучу жана бакыт алып келчү түзүмдү түзүүгө жараксыз. Андыктан, демократиянын ар кандай көрүнүшүнө каршы туруп, өз Исламыбызды бекем кармообуз керек. Мына ушул нерсе бир гана мусулмандарды эмес, бүткүл адамзатты куткарат!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here