Россия кыргыз-тажик чек арасын жөнгө салууда жардам берүүгө даяр
Кабар: Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара талашын жөнгө салууда өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкого таянып ТАСС агенттиги кабарлады.
Руденко тажик-кыргыз чек арасындагы тынч эмес кырдаал Россияны тынчсыздандырып жатканын айткан.
Анын айтымында, чек арада делимитация жана демаркация маселеси чечилмейинче, кагылуушулар болбойт деген кепилдик жок. “Такталбаган чек аралар мамлекетке экстремисттик топтор кирип алышы мүмкүндүгү менен да кооптуу”, – деген Руденко.
Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко анын өлкөсү Кыргызстан менен Тажикстанга чек аранын орток бөлүгүн делимитациясына жана демаркациясына көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген.
Комментарий: Кудайсыз коммунисттер өкмөтү эзелтеден бир Үммөт өкүлдөрү болгон Түркстан мусулмандарына “улут” деген кооптуу түшүнүктү сиңирип, бир бүтүн Үммөттү беш республикага бөлүп салды. Республикалар ортосуна жасалма чек араларды тартып жаткан убакта болсо алардын ортосунда тынымсыз келишпестик жана жаңжалдарды чыгаруу жана ушул аркылуу өзүнүн таасири алдында кармап туруу жеңил болушу үчүн чек араларды кудум шахмат талаасы сыяктуу белгиледи. Коммунисттердин бул айла-амалы ушул күндөргө чейин “жемишин” берип келет.
СССРдин колонияларын мураска алып калган Россия региондогу мамлекеттерге басым өткөрүүдө жана аларды өзү каалаган жолго салууда дал ушул чек ара көйгөйлөрүнөн курал катары пайдаланып келет. Мисалы, 2014-жылы Кыргызстан бийлиги “Манас” аэропортунан АКШнын аскер базасын чыгарып жибергенге чейин же ЕАЭБге мүчө болууну создуктура баштаган кездерде кыргыз-тажик чек арасында кагышуулар күчөп, бир жылда кыргыз-тажик чек арасында 32 жаңжал катталган эле…Былтыр апрель айынын аягында жүз берген кезектеги чек ара жаңжалында эки тараптан 40тан ашык адам каза болуп, 250дөн ашуун адам жабыр тартты.
Эгер Россиянын ыраазылыгы болбосо региондогу экономикасы эң начар, эң жакыр мамлекеттер болуп эсептелген эки республиканын бири-бирине каршы согушуусу, бири экинчисинин аймагына бастырып кирип, гранатомёт жана пулемёттордон ок жаадырышы мүмкүн эмес. Эми болсо региондогу бардык башаламандыктардын себепкери жана уюштуруучусу Россия чек араларды тактоодо эки мамлекетке жардам берет имиш.
А бирок, чек араларды бекемдөө же эки мамлекет ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо менен эле көйгөй чечилип калбайт.Чек ара көйгөйлөрүн чечүүнүн жолу – бул колонизатор кафирлер ортобузга белгилеп койгон жасалма чек араларды жоюу, ушул чек араларды мыйзамдаштырып берген эл аралык мыйзамдарды четке кагуу о.э. ар түрдүү эл аралык жана аймактык уюмдарга мүчөлүктөн баш тартууда. Ал үчүн болсо, өз акыйдабыздан келип чыгуучу исламий түзүмдү жашоодо колдонуу үчүн о.э. ушул аркылуу эки дүйнө бактылуулугуна жетүү үчүн аракет кылышыбыз керек.
Абдурахман Адилов