Байден Афганистандын тоңдурулган 7 млрд доллары боюнча жарлык чыгарды

260
0

Байден Афганистандын тоңдурулган 7 млрд доллары боюнча жарлык чыгарды

Aфганистандын экономикасын 20 жылдык согушта талкалаган АКШ бийлиги афган калкынын тоңдурулган 7 млрд доллары туралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу Ак үй атайын билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, АКШ президенти Афганистандын тоңдурулган 7 млрд долларынын жарымын Нью-Йорктогу 11-сентябрда курман болгондордун үй-бүлөсүнө бөлүп берүү, жарымын болсо афган калкына гуманитардык жардам катары берүү боюнча жардык чыгарды.

“Кабулду “Талибан” кыймылы басып алган учурда Афганистандын Борбордук банктагы каражаты 9 млрд доллардан ашык болгон. Анын 7 млрд доллары АКШда, калганы Германияда, БАЭде, Швейцарияда сакталган. Афган калкынын муктаждыгына бөлүнө турган каражат Нью-Йорк сотунун чечиминен кийин берилет. Бирок, автоматтык түрдө бардык каражат бөлүнбөйт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кол коюлган келишимдерден баш тартып, айткан сөздөрүнөн кайтып көнүп калган АКШ бийлиги дагы бир жолу чыныгы жүзүн көрсөттү. Американын колонизаторлук саясатынын бир көрүнүшү болгон бул жарлык аркылуу АКШ Афганистандагы 20 жылдык баскынчылыгын улантып жатканын ачыктады. 11-сентябрдагы курмандыктарды эскерип жаткан Ак үй  20 жыл бою ооган калкынын төгүлгөн каны, бомбаланган ооруканалар, медресе-мектептер тууралуу ооз ачкан жок.

Буга чейин гуманитардык жардам маселесине байланыштуу Талибан өкмөтү Батышка сапар кылган. Жогорудагы Ак үйдүн чечими аларды дагы бир тузакка жетелөө үчүн чыгарылганы талашсыз. Талибан АКШ кызыкчылыктарына тескери кадам жасаган учурда Америка аталган каражатты адам укуктары шылтоосу менен кайрадан токтотуп коюусу талашсыз. Андыктан, Талибан сүйлөшүү столдорунан этият болуу менен катар эч бир милдеттеме албоого аракет кылышы керек. Антпесе, ушуга чейинки жеңиштерин Батыштын айла-амалдарына айырбаштап алуусу мүмкүн!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here