Песков: Путин Россиянын коопсуздук кепилдиктери боюнча жоопту макулдады

334
0

Песков: Путин Россиянын коопсуздук кепилдиктери боюнча жоопту макулдады

 Кабар: Президент Владимир Путин Россиянын коопсуздук кепилдиктери боюнча жооп долбоорун макулдады, – деп кабарлады РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Бүгүн Сергей Лавров президент менен жолугушууда Россиянын АКШ жана НАТОго жообу даярдалганы тууралуу маалымат берди. Документ 10 барактан турат.

 “Президент тышкы иштер министри Лавров сунуштаган концептуалдык долбоорду макулдады. Азыр дипломаттар тексти даярдоонун үстүндө иштеп жатышат, кийинчерээк ал даректерге жиберилет”, – деди Песков.

 Комментарий: Россия эгер Америка жана анын союздаштары Москвага коопсуздук кепилдиктерин берүүнү олуттуу карап чыгышпаса, Батыш менен кескин карама-каршылыкка туш болушу мүмкүндүгүн эскертип, Европада ракеталык кризис жүз бериши мүмкүндүгүнө ишара кылган эле.

Украина кризиси өтө татаал, ал Россия-АКШ-Европа ортосундагы күрөшкө байланыштуу. Бул кризис Россия үчүн негизги жана кооптуу стратегиялык маселе болуп эсептелет. Кооптуу жана маанилүү болгондуктан да Россия аскерин даярдап жатат жана ушул аркылуу өзүнө туура келе турган дипломатиялык чечимге жетишмекчи болууда. Башкача айтканда, мындай аскерий даярдык чындап согушуу үчүн болуп жаткан жок. Андай болгондо, Путин күтүп отурбастан алда качан эле согушту баштамак. Путин ушундай аскерий даярдыкты шылтоолоп, саясий максаттарын ишке ашырмакчы болууда.

Россиянын ишке ашырмакчы болуп жаткан максаттарынын негизгиси,Украина НАТОго мүчө болушуна жол бербөө. Украинанын НАТОго кошулушу Россия үчүн кызыл сызык болуп эсептелет, себеби аны Россия улуттук коопсуздугунун бир бөлүгү катары карайт. Ал тургай, Украинаны орус калкынын жалпы этникалык, тарыхий жана маданий туулган жери деп билет. Чындыгында, Путин Украинанын НАТОго мүчө болуу каалоосун реалдуу коркунуч эсептей турганын бир нече жолу кайталаган. Ал АКШ менен Европанын бул маселедеги басымдарынан соң эми чегинүүгө эч кандай негиз көрбөй жатат. 

 Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here