Кыргызстан өзүн-өзү үч азык менен гана камсыздай алат
Кабар: Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат. Картошка менен 123%, сүт менен 132% жана жашылча менен. Бул тууралуу 7-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот.
“Өлкөгө азыктык буудай 45%, кумшекер 50% жетпей калды. Биз өзүбүз 20%га жетпеген гана көлөмдө өсүмдүк майын, 55% жумуртканы өндүрөбүз. 2024-жылдары биз кумшекер жана азыктык буудай менен камсыздайбыз”, -деди Жаныбеков.
Комментарий: Кыргызстан “үчүнчү дүйнө” мамлекеттеринин бири болгондуктан БУУнун талаптарына ылайык агрардык саясат жүргүзүшү керек. 2019-жылы айыл чарбачылыгы Ички дүң өнүмдүн 11,7%ын түзгөн. Бирок, бул көрсөткүч жылдан-жылга төмөндөп барууда. Мисалы, 2013-жылга карата 2,9% төмөндөгөн. Белгилүү болгондой, башка тармактар сыяктуу эле айыл чарба тармагы да оор өнөржайсыз өнүгүшү мүмкүн эмес. Бул нерсе, оор өнөржайы өнүккөн мамлекеттер айыл чарба тармагында да алдыда экендигинен көрүнүп турат. Ал мамлекеттер курал-жарак жана оор техникаларды чыгаруу менен бир катарда айыл чарбасы үчүн зарыл болгон комбайн, трактор сыяктуу заманбап техникаларды да чыгарышат. Натыйжада андай мамлекеттер айыл чарба продукцияларын экспорт кылуу боюнча да алдыда турат.
“Үчүнчү дүйнө” мамлекеттери айыл чарбасы үчүн зарыл болгон станок жана техникаларды чыгара албаганы себептүү айыл чарбасында да артта калышкан. Ал тургай, Кыргызстанга окшопөз жарандарын негизги азык-түлүк менен камсыздай албай турган абалга түшүп калышкан. Мындан тышкары, оор өнөржайга негизделген мамлекеттер өздөрүнүн айыл чарба тармагына жыл сайын миллиарддаган доллардык субсидияларды ажыратышат. Үчүнчү дүйнө мамлекеттерине импорттук товарлар кирип турушу үчүн Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) тарабынан субсидияларды бөлүүгө чектөө киргизилген о.э. азык-түлүк продукциялары үчүн бажы төлөмдөрү азайтылышы жана чектөөлөр алып салынышы шарт. Кыргызстан сыяктуу коррупцияга баткан өкмөттөр бул талаптарды ашыгы менен аткарышат. Мисалы, ДСУнун талаптарына ылайык айыл чарба продукцияларынын ставкасы 12,2% болушу керек эле, а бирок, Кыргызстан бул ставканы 8,1%га чейин түшүрүп берди. Натыйжада айыл чарба продукцияларын импорт кылуу жылдан-жылга өсүп жатат. 2020-жылы Кыргызстан 228 534,751 тонна айыл чарба продукцияларын импорт кылган. Бул болсо, бир жыл мурунку импортттон 50 157,751 тоннага көптүк кылат. Бул абал азык-түлүк коопсуздугуна зыян жеткирет жана импортко көзкаранды болуп калууга алып барат. Айыл чарба продукциялары таңкыстыгы жүз берген убакта проблеманы жөнгө салуу кыйын болуп, баалар асманга көтөрүлөт. ДСУ башка эл аралык уюмдар кредит же грант берип жаткан убакта да ушундай талаптарды коёт. О.э. колонизатордук саясат себептүү бүгүнкү күндө биз Россиянын таасири алдындабыз.Экономикалык жана саясий чечимдерибиз Россияга көзкаранды. Россия болсо бизди ар түрдүү саясий, экономикалык жана коопсуздук тармактарындагы уюмдар аркылуу кишендеп алган. Ушул колонизатордук себептүү, ал тургай, жакын кошунабыз болгон мусулман өлкөлөр менен да ачык жана эркин мамиле кыла албайбыз. Азык-түлүк таңкыстыгына же баалар көтөрүлүшүнө – колонизатордук саясат жана аларга кызмат кылуучу жергиликтүү чиновниктер менен капиталисттер себепкер.
Туркистон