Жапаров соодагерлерди ККМ колдонууга чакырды

168
0

Жапаров соодагерлерди ККМ колдонууга чакырды

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош” базарына барып, ишкерлерге контролдук-кассалык аппаратты (ККМ) ишке киргизүү максатын түшүндүрдү. Президент соодагерлердин ККМди киргизүүнү эмне үчүн колдобой жаткандыгы тууралуу пикирлерин угуп, буга түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги себеп болгонун айтты.

Жапаровдун айтымында, акча жүгүртүүсү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей алышат. ККМ ири соода борборлору үчүн милдеттүү болот. Акча жүгүртүүсү 8 млн. сомго чейинки чакан ишканалар салыктын бул түрүнөн бошотулат, алар ККМ колдонуу керек.

Буга чейин “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” өңдүү чоң базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышкан.

Мамлекет башчы 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылганы айтылган.

Мыйзамга ылайык, Бишкек жана Ош шаарындагы ишкерлер 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы стандарттарга жооп берген контролдук кассалык машиналарды орнотууга милдеттендирилген. Ал эми 20 метр чарчыга чейинки аянтты ээлеген соода түйүндөрү 2022-жылдын 1-апрелине дейре кассалык машиналар менен иштеп калышы керек. 2023-жылга чейин Кыргызстандагы болгон соода жайлары кассалык машиналар менен иштөөгө өтөт. Ага макул болбогондор 23 миң сомго чейин айып пулга жыгылат. Жылдык жүгүртүү 30 миллион сомдон ашпаса тандоого укук берилет. Майда күркөлөрдөн башка соода түйүндөр дээрлик КНС төлөшү керек болот. Бул сумма азыр патентке кеткен акчадан алда канча көп. Ошол эле учурда салыктардын бардыгы толук төлөнгөндө товарлар кымбаттайт. Себеби өзүнүн кирешесине 12% кошумча нарк салыгы кошулат. Буга чейин соодагерлер патентке эле төлөп, КНСти төлөбөй келген.

Кошумча нарк салыгы (НДС) – бул өлкө аймагына ташылып келинген, башка аймакка жеткирилген товарларга салынат. Маселен, сиз бир дүкөн ачып, үй буюмдарын сата баштадыңыз. Бир жылдык товар айлантууңуз 30 млн сомдон ашканда мыйзамга ылайык, НДС салыгын төлөөгө милдеттендирилесиз. Натыйжада салык кызматында НДС салыгын төлөөчү болуп катталасыз жана ар бир айдын 15-күнү отчёт берүүгө милдеттендирилесиз. Эгер отчёт берилбесе кийинки айда 23 миң сом айып пул төлөйсүз. Эгер бир жылдын ичинде төлөбөсөңүз кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучу бар. Мындан да кызыгы, ишкер бардык товардын турган баасы үчүн 12% төлөйт. Мисалы, сатылган товардын суммасы 30 млн сомду түзсө, 1 млн 200 миң сом салык төлөйт. Мамлекет бул салыкты сиздин товарыңызды элдин  алуусуна шарт түзүп бергени үчүн гана алат. Натыйжада, сиз товардын өздүк баасына 1,2 млн сом салыгыңызды кошуп коёсуз. Түпкүлүгүндө, бул товардын салыгын эл төлөп калат. НДС салыгынан айрым гана товардын түрлөрү ажыратылбаса, дээрлик баарынан алынат. НДСтен ажыратылган товарларга негизинен, аскердик куралдар, айыл-чарба азыктары, илимий китеп-журналдар кирет. Жалпысынан НДС салыгынан жылына 67,4 млрд сом чогулат. Бул өлкөдөгү салыктардын 48 пайызын түзөт.

Жаңы кодекс боюнча жогорудагы КНС салыгынан башка дагы алты түрү бар. Алар: киреше салыгы, пайда салыгы, акциз салыгы, жер казынасын пайдалануу салыгы, сатуу салыгы. Ал эми жер салыгы мүлк салыгы менен бириктирилди. Мурунку кодекстен айырмасы, салыктарды бириктирип төлөө мүмкүн б.а кагаз иштери жеңилдеди.

Капиталисттик мамлекеттерде бюджет негизинен салыктардын эсебинен толтурулат. АКШда 90%дан ашса, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө -+ 100%га жетет. Ал эми Кыргызстанда салыктар бюджеттин 75%ын түзөт. Калган кирешени, гранттар, чет элдик мамлекет жана уюмдардан алган карыз, кредиттер, дивидендден, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар түзөт.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин тапшырмасы – бюджетти 2022-жылы 400 миллиард, 2023-жылы 500 миллиард сомго жеткирүү экенин айткан. Ал бюджетти толтуруунун негизги булагы катары көмүскө экономикадагы каражатты алып чыгып, бажы менен салыктан көбүрөөк акча чогултууну атаган эле.

Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 130 млрд. сомго жетет.  Бул жалпы салыктардын дээрлик 90 пайызын түзөт. Расмий эмес сандар мындан да жогору экени талашсыз. Эл аралык эсептерге караганда бизде бизнестин 40% көмүскөдө, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 60-70% компаниялар ачык-айкын иштешпейт. Түпкүлүгүндө, мындай ишкерлер өз максатын ишке ашырууда бийлик өкүлдөрү менен чөнтөктөш болушат. Натыйжада, коррупционерлер атайын схемалардын негизинде иш алып барышат.

Ал эми ири мамлекеттерде көмүскө экономиканын ордун монополисттер ээлешет. Алар ири салык төлөөчү катары бийлик менен келишкен абалда майда компанияларды банкротко учуратышат же майда ишканалар банкрот болууга мажбур болот. Монополисттер болсо, бийлик адамдарынын шайлоо чыгымдарын, эс алууларын камсыздап турушат.

Мамлекетке кол астындагы кызматкелердин эсебинен салык төгүп турат. Учурдагы бийлик мына ушул жолго карай багыт алууда. Кыргызстанда ар бир кыбыр эткен иш салыксыз калбашы керек жана ошондой эле аз салык төлөп калбашы керек. Мына ошондуктан да, мурунку патенттик система жоюлууда. Блогерлерге, интернет дүкөндөрүнө, таксисттерге ж.б.у.с. салынчу салык ушуга мисал болот. Булардын баарын ишке ашыруу үчун салык кызматына укук коргоо органдарынын укугу берилүүдө. Б.а. финансылык полиция болууда. О.э. салык кызматы чогултулган салыктын 3%ын алат. Бул дегени салыкчылардын айлыгынын көбөйүшү анын чогулткан салыгына байланыштуу болот дегени. Муну менен салыкчылар каяктан болбосун көп салык чогултууга аракет кылышат. Натыйжада, калктын жашоосу азыркыдан да оорлошот. Баалардын кымбатташы буга кошумча болот.

Мына ушундайча, капитализмдеги бюджет элдин эсебинен толтурулат. Бийлик өкүлдөрү болсо болушунча казынадан уурдап калууга, өзүнүн ишкерлик тармагына көбүрөөк бөлүп алууга жандалбас урат. Ошондой эле, бюджетке жеткирбей, сол чөнтөктөрүн толтурушат.

Мунун каршысында Ислам байлыктын бир ууч капиталисттердин, монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын салык төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту камсыздап берет!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here