Судан өткөөл өкмөтүнүн жетекчилери жана Ибн Алкамийлердин саясаты!

163
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судан өткөөл өкмөтүнүн жетекчилери жана Ибн Алкамийлердин саясаты!

 Устаз Мухаммаджамий Абу Айман

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын

расмий сүйлөөчүсүнүн жардамчысы

Судан финансы министри Жибрил Ибрахим айтат: «Судан келерки жыл үчүн экономикалык өсүү максаттарынан баш тартты жана чектелген тышкы жардамдын туруктуу дооруна даярданууда». Ал «Блумбергге» ушуларды баса белгиледи: «Биз эң жаман сценарийге күбө болуп жатабыз жана ички ресурстарыбыздан пайдаланууну пландаштырып жатабыз…», «Биз мурда пландаштырган өсүүнү эч качан ишке ашыра албайбыз», «Өкмөт бюджетти кыскартуунун алкагында буудай жана электр үчүн субсидияларды азайтууну кароодо жана бул кайра туруксуздукту жаратышы мүмкүн». (https://sudantribune.net, 2021-жыл, 17-декабрь).

Финансы министри ыңкылаптан 3 жыл өтүп, бүгүн өлкөнү колдоп-кубаттоо же проблемаларды чечүү жаатында колонизатор кафирге ишенүү ийгиликсиздик экенин моюнга алып жатат. Негизи, ким кафирлерге жана алардын уюмдарына үмүт артса, ийгиликсиздикке учурабай калбайт. Себеби, аларга үмүт артуу эч качан проблемаларды чечпейт, тескерисинче, дагы да оорлоштурат. Кризистерди да эч качан жойбойт, тескерисинче, кризистерди дагы да күчөтөт, ал тургай, атайылап кайра дагы пайда кылынат!

Өткөөл өкмөт колонизатор мамлекеттерге жол ачуу тынчтык жана береке алып келет, эл аралык коомчулук бардык проблемалардын чечимине ачкыч деген нерсеге Судан калкын ишендирүүгө урунган. Негизи, бул колонизатор мамлекеттер мусулмандарды жаман көрүшү, мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилигине койгон малайлары жарандык жана аскерий башкаруу маскасы артында бири-бири менен бийлик үчүн күрөшүп жатышканы ачык-айкын белгилүү. Мисалы, бүгүнкү күндө Суданда Британия малайлары менен Америка малайлары ушундай күрөштү алоолонтуп, Судан калкына тузак коюшту, өлкөнү бөлүп салышты, уруучулук жана тектик фитналарды чыгарышты, Эл аралык Валюта Фондунун көрсөтмөлөрүн аткаруу менен өлкөнү жакыр абалга алып келишти, көптөгөн шаръий өкүмдөрдү бекер кылып, Исламга каршы күрөштү ж.б.у.с..

Мусулман өлкөлөрүндөгү бийлик тизгини азыркы замандын Ибн Алкамийлеринин колуна өтүшү мусулмандар өз маселесине дин жана акыйда негизинде кароону жоготушкандан кийин гана башталды… Мусулмандардын мамлекети алсырап, акимдери бузулуп, адамдар өз өмүрлөрүн тартип-эрежеге салган мабда жана минхажын унутушу артынан жүз берди.

Ибн Алкамий Аббасийлер халифасы Муътасимдин вазири болгон. Муътасим Биллах ага ишенип, өлкөнүн бардык маселелерин жана жарандын иштерин башкарууну ага тапшырат. Бирок, Ибн Алкамий өз кызматынан пайдаланып, душман менен тил бириктирет. Бул тил бириктирүү үч баскычтан турган:

Биринчиси, Ислам мамлекетинин армиясын алсыратуу баскычы. Ибн Касир «Бидая ва нихая»да мындай дейт: «Вазир Ибн Алкамий кошуундун аталыштарын девандан өчүрүү жана жок кылууга аракет кылган. Муътасимден мурун Мустансир заманында кошуун жүз миңге жакын болгон. Ибн Алкамийдин алардын санын азайтууга катуу аракет кылып, акыбетте алардын саны он миңден ашпаган абалга келди».

Экинчиси, Ислам мамлекетинин душмандары болгон монгол-татарлар менен кат алышуу баскычы. Ибн Касир айтат: «Кийин Ибн Алкамий монгол-татарлар менен кат алышып, алардын өлкөнү ээлөө арзуусун ойготту… Аларга мамлекеттин абалы жөнүндө маалымат берип, жетекчилердин алсыз жагын ачыктады».

Үчүнчүсү, монголдорго каршы согушууну токтотуу о.э. халифа жана калктын рухун басуу баскычы. Ибн Алкамий жана анын тарапкерлери адамдар арасында душман менен келишим түзүү жана келишимден пайдалануу керек деген пикирди кеңири жайылтты. Халифа жана анын жардамчылары арасында монгол-татарлар биз менен жарашмакчы деген пикирди пайда кылды. Ошондо халифа казылар, фикх уламалары, амирлеринен турган жети жүз адамы менен монголдордун алдына барды… Бирок, монголдор алардын баарын кыргын кылышты. Кийин халифанын өлкөсү Багдадга келип, эркектер, аялдар, балдар, карылар, орто жаштагылар, жигиттер, имам-хатибдер жана Куръан хафиздери сыяктуу колунан келген баарын өлтүрүштү… Бир нече ай мечиттерди жаап, жамаат болуп топтолууга тыюу салышты.

Мына ушул үрөй учурган окуяны, үлкөн кыянатты элестеткиле. Деги, бул нерселер азыр да аң-сезимсиздик себептүү ар күнү өлкөбүздө болууда жана бул нерсе эркектердин кайратына сокку берип, аброюн түшүрүп жаткан кырсык болуп калууда!

Өткөөл өкмөт кафирлер Суданга ээ болушу үстүндө иштеди. Мисалы, Хамдук 2020-жылы 8-февраль күнү Суданды колонизаторлордун көзөмөлүнө киргизүү үчүн БУУдан толук мандат миссиясын талап кылды… БУУ жана ага караштуу уюмдардын кара тарыхына да, аялдар жана балдарга карата кылмыштарына да көз жумду. Хамдук БУУга минтип кайрылды: «Бул миссия укук-бийлиги Судандын бардык аймагын камтышы керек. Конституция иштеп чыгуу, мыйзам жана сот-укук тармагында реформаларды өткөрүү, мамлекеттик кызматты, коопсуздук кызматын жана улуттук полиция күчтөрүн күчөтүү боюнча техникалык жардам көрсөтүү зарыл». (https://www.alquds.co.uk, 2020-жыл, 9-февраль). Коопсуздук Кеңеши бул талаптарды жактырды жана Суданга «UN News» миссиясын жиберүү жөнүндө токтом кабыл алды. Хамдук өкмөтү бул миссия менен алектенген атайын координатор дайындады. (https://sudantribune.net, 2020-жыл, 5-июль).

Бул өкмөт өлкө каражатын сапырып жана колонизаторлорго берип келет. Мисалы, 1998-жылы Кения жана Танзаниядагы Вашингтон элчиликтери үчүн америкалыктарга 335 миллион доллар берди. О.э. «Коул» кемесинин окуясы боюнча да АКШга 70 миллион доллар төлөдү.

Өткөөл өкмөттүн кыянатары өтө көбөйүп, өкмөт 2020-жылы февралда яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууга батынды. Бул ишке Суверендүү кеңеш жетекчиси Бурхан башчылык кылды. Кийин бийлик яхудий вужудун бойкот кылуу боюнча 1958-жылы түзүлгөн мыйзамды бекер кылды. Акыбетте, яхудий жетекчилеринин Хартумга сапарлары көбөйдү жана бул (аскерий жана жарандык башкаруу) өкмөтүнүн жетекчилери менен саткынчыл келишимдер түзүлдү.

Кийин өкмөт Эл аралык Валюта Фондунун кырсыктуу көрсөтмөлөрүн аткара баштады… Т.а. субсидияны бекер кылуу деген маска астында күйүүчү май продукциялары, нан, электр энергиясы жана табигый газ баасын кымбаттатты… Ушул аркылуу бетпактык жана зөөкүрдүк менен адамдарга басым өткөрдү!

Андан соң, бийлик сойкулукка, муртаддыкка, динсиздикке, Аллах Субханахуга куфр келтирүүгө, гомосексуализмге, ичкиликке уруксат берүү жана CEDAW конвенциясын ратификация кылуу үчүн кылмыш кодексиндеги бир катар шаръий өкүмдөрдүү бекер кылды. 2020-жылы 11-июлда адилет миинстри Насриддин Абдулбарий жеке абалдар мыйзамын бекер кылмакчы экенин айтты… Бул кандай бетпактык?! Алар Ибн Алкамий сыяктуу кафирлердин малайлары, аларды Аллах наалаттайт, кандай гана адашууда?!

Аллах Субханаху:

﴿إِنَّ الْكَافِرِينَ كَانُوا لَكُمْ عَدُوًّا مُّبِينًا﴾

«Кафирлер силерге ачык-айкын душмандар»                                                                [4:101]

деп кафирлер мусулмандардын душманы экенин ошондо эле ачыктап койгон. Бирок, аскерий жана жарандык өткөөл өкмөттүн жетекчилери бул шаръий акыйкатты жалганга чыгарышууда. Бул жерди басып алгандар кафирлер экенине о.э. алар фитна козгоо жана кризистерди чыгаруудан тыйылбай жатышканына карабастан, өткөөл өкмөттүн жетекчилери кафирлер өлкөлөрүбүздү өнүктүрүп, проблемаларыбызды чечип беришет, бизге тынчтык жана бейпилдик алып келишет деп алдашууда…

Тарыхтагы Ибн Алкамий менен бүгүнкү өткөөл өкмөттүн жетекчилери жана тарапкерлери ортосунда кафирлерди дос тутууда жана пландарын аткарууда айырма жок. Кооп-коркунуч өткөөл өкмөттүн жетекчилеринде же Ибн Алкамийде гана эмес. Эң жаман коркунуч эки жактан болот, биринчиси, коркунуч колонизатор кафирердин мусулмандардын иштерине аралашышына уруксат берип жаткан жана ыраазы болуп жаткан режимде. Аллах Субханаху:

﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾

«Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт»                                      [4:141]

деп кафирлерди мусулмандарга өкүмдар кылуу арам экенин айткан.

Экинчи коркунуч болсо, кафирлердин тарапкерлери болгон акимдер жана саясатчылардын каалоо-нафсине моюн сунуп, адамдарга аң-сезимсиз мамиледе болууда.

Адамдар кайра дагы Ибн Алкамийдин балээсине кабылбастыгы үчүн бул окуяларга аң-сезимдүү түрдө жандашуусу о.э. ааламдар Роббисинин өкүмдөрүн колдонуучу түзүмдү тикелеши зарыл. Бул түзүм колонизатор кафирлерди кыйратып, күч-кубатты Аллахка, Расулуна жана момундарга берет. Бул үчүн Ислам мамлекетин – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө зарыл.

 

Роя гезити, №374, 2022-жыл, 19-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here