Жапаров менен Си Цзинпин темир жол долбоорун талкуулайт

199
0

Жапаров менен Си Цзинпин темир жол долбоорун талкуулайт

Кабар: Президенттик админстрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев Садыр Жапаровдун Кытайга иш сапары жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, Жапаров Пекинде кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Кытайдын төрагасы Си Цзинпин баштаган жетекчилер менен жолугушп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулайт.

 “Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу перспективасы болот. Соода-экономикалык кызматташтыктын алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары, кыргыз делегациясы энергетика, тоо кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр”, – деди Кулубаев.

 Комментарий: Учурдагы бийлик Россиянын таасиринен кутулууда Кытайды нажат катары көрүүдө. Ошол себептен да бийлик акырындап, этияттык менен Россиядан алыстоо жана Кытай менен жакындашуу жолунда аракет кылууда. Жапаровдун Кытайга сапары да өтө маанилүү сапар болуп эсептелет. Себеби, Россия кол алдындагы мамлекеттерге карата “аюуча” саясат алып барып, ар түрдүү жолдор менен басым өткөрүп, экономикалык жактан колдоп-кубаттабай жатат. Себеби, Россиянын учурдагы экономикалык абалы буга жол бербейт. Ошол себептен да кыргыз бийлиги маанилүү долбоорлорду Кытай менен биргеликте ишке ашырмакчы болууда. Ал долбоорлордун катарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулушун баштоо, Нарындагы логистикалык борборду куруу, тоо-кен тармагына кытай инвесторлорун тартуу жөнүндөгү келишимдерге кол коюлушу мүмкүн.

 Туура, темир жол Орто Азия мамлекеттери үчүн аябай пайдалуу. Темир жол жүк ташууда арзандыгы боюнча дүйнөдө суу транспортунан кийинки орунда турган стратегиялык маанилүү багыт болуп эсептелет. А бирок, бул долбоор региондогу мамлекеттерге жана элдерге пайдалуу болушу үчүн аны ушул мамлекеттердин өздөрү курушу керек жана темир жолго бир да колонизатор мамлекеттин финансылык же башка жактан таасир өткөрүшүнө жол берилбеши керек. Себеби, колонизатор мамлекеттер мусулман өлкөлөрдөгү, анын ичинде, биздин өлкөлөрдөгү кызыкчылыктарга колонизатордук көзү менен карайт. Алар кээде бирер тармакта колониясын эптей албай калган күндө да дүйнөлүк таасирге ээ болгон башка колонизаторго колонияларын тапшырышы мүмкүн. Жаңы темир жол долбоору да регионду орустун таасиринен куткарып, мушрик кытайлардын чеңгелине тапшыруу жолундагы кадамдардын бири болуп эсептелет.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here