Басма сөз баянаты
Бириккен Улуттар Уюму гуманитардык жардамды шылтоолоп афган калкына саясий жана психологиялык оюн кылууда
БУУнун башкы катчысынын маалымт өкүлү афган калкынын абалын жакшыртуу үчүн 1.5 миллиард доллар чогулганын жарыялады жана ызгаардуу кыш афгандардын жашоосун оорлоштуруп жатканын кошумчалады.
Талибан кыймылы Афганистанды көзөмөлгө алгандан бери «Афганистандагы гуманитардык кризис» туурасындагы сөздөр Батыш уюмдарынын оозунан түшпөй калды. Адамдардын муктаждыгын камсыздандырууда эч кандай мааниге ээ болбогон көрсөткүчтөрдү жарыялоо аркылуу жасалма гуманитардык жардам жөнүндө бат-бат сүйлөп, жалгандан көз жаш төгүшүүдө. Акыйкатта болсо, көрсөткүчтөр менен муктаждарды тойдуруп болбойт. Түпкүлүгүндө, БУУ жана Батыш уюмдары «гуманитардык жардамдар» деген аталышта афган калкына саясий жана психологиялык оюн кылууда.
БУУ айтып жаткан убада кылынган жардамдардын чоң бөлүгү саясий шарттарды өз ичине алган кыялдагы жардамдар болуп эсептелет. Түпкүлүгүндө, алар гуманитардык жардамды шылтоолоп, өздөрүнүн саясий жана коопсуздук пландарын азыркы афган жетекчилерине зордоп тыгыштырууда. Исламий түзүм курулушу, акыбетте шарият колдонулушун алдын алуу о.э. Исламий даъват Афганистан жеринен сыртка чыкпашы үчүн мына ушул «гуманитардык жардам» деген нерседен пайдаланышууда.
Чет элдик гуманитардык жардамдардын тарыхына карай турган болсок, түпкүлүгүндө бул сыяктуу жардамдар өлкөнүн экономикасын өнүгүүгө эч качан алып барбаган, тескерисинче, колонизатор мамлекеттерге көз каранды болууну жана төмөндүккө түшүүнү гана күчөткөнү көрүнөт.
Ислам кафир мамлекеттерден жана колонизатор уюмдардан финансылык жардам да, карыз да алууга уруксат бербейт. Себеби, бул финансылык жардам жана карыздардын артында белгилүү бир саясий, экономикалык жана аскерий максаттар турат, бул максаттар кафирлерди мусулмандарга өкүмдар кылып, таасирин өткөрүүлөрүнө жол ачат. Ошондуктан, Батыш өкмөттөрү жана эл аралык уюмдар менен ар кандай келишим түзүү, алардан финансылык жана гуманитардык жардамдарды суроо аларды өкүмдар кылып, таасирин кеңейтүүгө алып барат о.э. мусулмандардын саясий эркин кафирлердин колуна тапшырууга себеп болот… бул болсо арам.
﴿وَلَن يَجْعَلَ اللهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾
«Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт» [4:141]
Ушул себептен улам, азыркы экономикалык проблемадан чыгуунун жалгыз жолу Орто Азия менен Азияны Ислам байрагы астында бириктирүү жана Афганистанды Ислам мамлекетинин башталгыч чекитине айлантуу. Мусулмандар жыш жашаган бул эки регион экономикалык, саясий жана аскерий мүмкүнчүлүктөргө гана ээ эмес, аларда ири державага айлануу жөндөмү да бар. Эгер, бул өлкөлөрүбүздү бир Ислам көлөкөсүндө бириктире алсак, албетте регион мусулмандары кризистен чыгып, мол табигый ресурстарынан, өзгөчө стратегиялык ордунан акылдуулук менен пайдалануу менен көз карандысыз экономикага ээ болушат. Демек, Ислам башкаруусу астында жакшы жашоого карай биргеликте кадам шилтөө аркылуу чегараларды ойрон кылышыбыздын жана тилемчилик саясатынан баш тартышыбыздын убагы келди.
Хизб-ут-Тахрирдин
Афганистандагы маалымат бөлүмү