АКШ элчиси Иорданияда кудум мамлекеттин кожоюну сыяктуу шүмшүңдөп жүрөт!

183
0

Басма сөз баянаты

АКШ элчиси Иорданияда кудум мамлекеттин кожоюну сыяктуу шүмшүңдөп жүрөт!

АКШнын Иорданиядагы элчиси Генри Т. Вустер телевидение аркылуу жаңы жыл менен куттуктап, өлкөнүн түндүгүндөгү Ирбидден тартып түштүктөгү Акабага чейин көптөгөн жолугушууларды өткөргөнүн билдирди. Америкача колонизаторлук мааниде айтканда, өкүмдарлык кылуу, экономикалык, коопсуздук жана саясий таасирди бекемдөө менен алектенгенин айтып: «Мен үчүн өтүп бара жаткан жыл Ирбидден Заркага чейин, ал жерден Акабага чейин, мамлекеттин бардык регионунда иорданиялыктар менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү эң маанилүү окуялардын бири болуп калды».

Ал АКШ-Иордания кызматташтыгын улантуу жана материалдык, экономикалык, саясий, саламаттыкты сактоо, аскерий тармактарда жардам көрсөтүү жөнүндө сүйлөдү. О.э. ал Ак үйгө Байден доорунда чакырылган эң биринчи адам Иордания королу болгонуна көңүл буруп, АКШ администрациясынын Иордания менен болгон дипломатиялык мамилелери маанилүү экенин баса белгиледи. О.э. АКШ бул шериктештикти келерки жылы да улантышына, ал тургай, келерки жүз жылдыкта да Иорданиянын жанында турушуна убада берем деди.

Бул сыяктуу сапарлар АКШ элчисине эле чектелип калбай жатат. Балким, ири мамлекеттердин элчилери Иорданияда каалагандай басып, министрлер, депутаттар, фракциялар, партия жана уюмдар менен жолугушууда. Бул жөнүндө тергеп-тескөөчү да, тыйып коюучу да жок. Режимдин коопсуздук кызматынан бир да адам бул чет элдик расмийлердин аралашып, «мамлекеттин суверендигин» бузууларына каршы чыгып жаткан жок. Мына, өз кезегинде, Британия элчиси Бриджит Бринд өткөн жылы Мафрак шаарына барып, өнүгүү министри менен жолугушту жана улуттук жардам фондун колдоп-кубаттады… Инвестициялар уюмуна келип, адилет министри менен жолугушту. Аны коррупцияга каршы күрөш, санарип экономика жана ички иштер министрлерин кабыл алды. Элчи Буко районуна барды жана өлкөнүн коопсуздук кызматынын директору менен жолугушуп, эки мамлекет ортосунда коопсуздук кызматташтыгынын жолдорун талкуулады. Жаштар иштери боюнча министр менен жолугушуп, аны менен Мадаба шаарына жаштар борборун ачты жана Америка элчисинин иш-чараларынан кем эмес башка иш-чаралар жөнүндө сүйлөштү.

Режим пайда болгондон бери кожоюну болуп келе жаткан Британия жана режимдин стратегиялык шериктешимин деп жаткан, экономикалык жардамдар, биргелешкен коргонуу келишими аркылуу өлкөдө колу узарган Америка сыяктуу колонизатор кафир мамлкеттер өлкөнү тебелеп-тепсешүүдө. Муну Иордания режими коопсуздук жана аскерий кызматтары менен көрүп-угуп гана калбастан, колонизатор Батыш менен – анын кызыкчылыктарын ишке ашырууда жана анын союздашы яхудий вужудуна мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда – кызматташып жатат. Ал тургай, режим анын иштерине жана башкаруусуна кафирлердин ачыктан-ачык мурдун тыгууларына жардам берип жатат… Режим бул жардамды кафирлердин каалоо жана ач көздүгүн жүзөгө чыгара турган ыкмада көрсөтүп жатат. Алар режимден мамлекеттин байлыктары талап-тонолушун, жарандарды кул кылышын жана Фалестин маселесинин чечимине аларды моюн сундуруп, Ислам жана баалуулуктарына каршы күрөштө кафирлер менен кызматташуусун каалашат.

Түпкүлүгүндө, элчинин милдети – кабар жеткирүү. Өз мамлекетинин каттарын алып келет жана кайтып кетет. Эгер, жашоого уруксат берилсе, анын милдети өлкөсүнүн ошол мамлекетке каттарын алып келип берип туруудан ары өтпөйт. Ал үчүн жолугушуу уруксат берилген белгилүү бир тарап менен гана алака кылат, андан башка тараптар менен алака кылышы жаиз эмес. Анткени, өзүн урматтаган ар кандай мамлекет элчилерге мамлекеттин жарандары жана жетекчилери менен жолугушуусуна жол бербейт, өзүнүн гана ишине тиешелүү белгилүү адамдар менен жолугушуусуна уруксат берет. Эгер, андай кылбаса, бул элчиликтер бүгүнкү абалга жетип келет о.э. тыңчылык жана кыйратуу, саткындарды сатып алуу иштери жасалган уяларга айланат. Инша Аллах, келе жаткан Ислам мамлекети иш жүзүндө согуш абалында болгон колонизатор мамлекеттердин элчиликтери болушуна эч качан жол бербейт.

Британия парламентинин төмөнкү палатасынын архивинде көрсөтүлгөндөй, 1792-жылы Россия Крымды басып алган соң Усманий Халифалык мамлекети менен Россия мамлекетинин ортосунда кризис жүзөгө келгенде Британиянын Стамбулдагы элчиси Роберт Эйнсли анын мамлекети бул кризисте Халифалык мамлекетине жардам көрсөтмөкчү экенин айтат. Ошондо Халифалык мамлекетинин улуу вазири Эйнслиге мындай деп жооп жазат: «Султаныбыздын сиздин мекемеңиз менен эч кандай расмий байланышы жок, бирөөсү менен да жолугушууну каалабайт, кызыгуусу да жок. Эгер, бул жерде резидент катары же өлкөңүздүн элчиси катары калууну кааласаңыз, анда, башка христиан мамлекеттердеги кесиптештериңиз катары маданияттуу жана жакшы мамиледе болуп моюн сунуп жашайсыз. Бирок, биз силердин, кургактыктагы да, деңиздеги да жардамыңарды каалабайбыз, ортомчулугуңарга да муктаж эмеспиз.

Сунушуңуз үчүн рахмат айтууну каалабайм. Себеби, Султандын мекемеси бул сунушту бетпактык жана жеңил ойлуулук деп билет. Деңиз күчтөрүңүз менен жардам берүү жөнүндөгү сунушуңуз үчүн да ыраазычылык билдирмекчи эмесмин. Себеби, биздин Баби Алийдин фикирине биринчи келген нерсе ушул – демек сууларыбызда таасирге ээ болушуңарга уруксат беришибиз керек экен.

Силер Россия менен эмне кылмакчы экениңерди да билбейбиз жана буга көңүл да бурбайбыз. Биздин Россия менен болгон ишибизди өзүбүзгө ылайык түрдө жана мамлекетибиздин өзгөргүс негиз жана саясатына ылайык өзүбүз чечип алабыз». (Цитата бүттү). Ушул нурдуу тарых барактары Ислам мамлекетинин элчилер менен – айрыкча, өз миссиясынан чектен чыкканда – кандай мамиле кылганын ачыктап берүүдө.

Мусулман өлкөлөрүндөгү режим тыңчы элчилердин мамлекетибиз менен ойношуна жана өлкөнүн иштерине мурдун салуусуна уруксат берип жатышат. Бирок, өтө жакында алар ар бир исламий өлкөдө мусулмандардын каршылыгына учурашат. Ислам мамлекети тикеленген соң, Уммат алардын өлкөлөрүбүзгө кадам басышына жол бербейт жана аларды өлкөлөрүбүздөн кууп чыгарат. Аларга ушундай бир кайрылуу жолдойт, алар үчүн шайтандын азгырыгына түшүүдөн жана чөгөлөп моюн сунуудан башка жол калбайт.

 

Хизб-ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here