Кытай Борбор Азия мамлекеттерине 500 миллион доллар бөлөт
Кытайдын лидери Си Цзинпин Борбор Азия мамлекеттерине алдыңкы үч жылда экономикасын жана коопсуздугун бекемдөө үчүн 500 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу 25-январда Борбор Азиянын беш мамлекети менен Бээжиндин ортосундагы дипломатиялык алакалардын 30 жылдыгына арналган онлайн саммитте билдирди.
Маалыматка ылайык, саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты. Саммиттин жүрүшүндө Кытай лидери быйыл коронавируска каршы 50 миллион доза вакцина берерин убада кылды. Ал Бээжин вакцина өндүрүү технологиясы менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.
Кытай Борбор Азиядагы таасирин күчөтүү үчүн экономикалык, сакофий жана аскерий чабуулдарын күчөтүп барууда. Бул үчүн алгач карыз берүү саясатын алып барды. Учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кытайга карызы миллиарддап саналат. Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстандын карызы 12 млрд доллар, Өзбекстандын карызы 7,8 млрд, Түркмөнстан Галкыныш сыяктуу ири долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Кытайдан 8-10 миллиард доллар карыз алганы айтылат. Ал эми, табигый байлыктары салыштырмалуу чектелүү болгон Кыргызстан менен Тажикстан тышкы карызынын дээрлик жарымына жакынын Кытайдан алган. Кыргызстандыкы 2 млрд, Тажикстандын карызы 1,2 млрд доллар деп эсептелген.
А бирок, Кытай карыздарынын негизги бөлүгүн Кытайдын каржы институттары жана жеке секторлору аркылуу берилгендиктен, мамлекеттер аралык келишимде көрсөтүлгөн эмес. Маселен, AidData эл аралык изилдөө борборунун иликтөөсүнө ылайык, мындай карыздарды кошкондо Казакстандын Кытайга карызы 35 млрд долларга жетет.
Кытай экономикалык таасирин карыз берүү менен эле эмес, берилген каражатты кантип иштетүүнү талап кылуу менен да бекемдейт. Башкача айтканда, Кытай каражаттары кайрадан эле кытай компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн жумшалат. Маселен, Казакстанда 50 кытай заводу мунай-газ секторунда иш алып барат. Алар өндүргөн продукция жалпы өндүрүштүн 20%ын түзөт. Дагы бир мисал, Казакстан 2015 Актогай кенин иштетүү үчүн Кытайдын өнүктүрүү банкынан 500 млрд доллар кредит алды. Натыйжада «Казахмыс» акционердик коому Кытайга жезди базар баасынан арзан түрдө экспорттой баштады. Аталган корпорация дүйнөдөгү алдыңкы 20 жез өндүрүүчү ишканалардын катарына кирет. Анын 80 пайыз продукциясы Кытайга экспорттолот.
Түркмөнстан болсо өлкөдө өндүрүлгөн жаратылыш газынын 90%ын Кытайга экспорттоп жатат. Болгондо да базар баасынан 3 эсе арзан сатылууда. Бул өлкөдөгү маалыматтар ачыкка чыга бербегендиктен, дагы кандай жашыруун келишимдер аркылуу Кытай компаниялары иш алып барып жатканы азырынча беймаалым.
Мындай мисалдар ар бир Кытайдан карыз алган өлкөдө күзөтүлөт. Тажикстанга окшогон алсыз өлкөлөрдө мындан да оор абалды байкоого болот. Маселен, Тажикстандагы алтын өндүргөн компаниялардын 80 пайызы Кытайга тиешелүү. Тажикстан алган карыздарынан улам 2011-жылы 1% жерин Кытайга карматкан. Запасы боюнча дүйнөдөгү 4-ири күмүш кенин иштетүү укугун да Кытайдын С. А. MINERALS компаниясы алган. Тараптардын келишиминдеги деталдар али күнгө чейин коомчулукка ачыкталган эмес. Бул кенди иштетип жаткан компания НДС, пайдадан түшкөн салыктан, бажы пошлинасынан бошотулган. Учурда Тажикстанда 400дөн ашык кытай компаниясы иш алып барат. Алардын бири TBEA компаниясы өлкөдө «Душанбе-2» ЖЭБин жана 5 электр линиясын куруп берген. Мунун акысына Тажикстан Кытайга «Жогорку Кумарг» жана «Чыгыш Дуоба» алтын кендерин берди. Кытай компаниялары, өзгөчө тоо кен жаатындагы компаниялар өзүлөрү менен кошо кытай жумушчуларын кошо алып келишет. Бул жумушчу кытайлар өлкөбүздөгү келечек «чайна таундардын» пайдубалы десек жаңылышпайбыз.
Ушул эле көрүнүш Кыргызстанда да кайталанып келгени баарыбызга эле маалым. Бишкектеги ЖЭБдин модернизациясы дал ушул TBEA компаниясы тарабынан жасалган. Датка-Кемин көмөк чордону, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу үчүн да Атамбаевдин учурунда дээрлик миллиард долларлык кредиттер алынган. Бул каражаттар менен аталган долбоорлорду кайрадан эле Кытай компаниялар ишке ашырган. Кыргызстандын тоо-кен тармагында да негизинен кытай компаниялары иш алып барат. Президенттик шайлоонун астында Жапаровдун Жетим-Тоо кенин Кытай карызын төлөө үчүн иштетүү идеясын айткан жайы бар. Ал муну мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мамлекеттик карыз боюнча келишимдер себептүү Кыргызстан көптөгөн объектилеринен ажырап калышы мүмкүндүгү менен байланыштырган.
Кытай аскерий жактан да Борбор Азияда иш алып барууда. Маселен, 2016-жылы Тажикстан менен чек ара бекеттерин жаңылоо жана окутуу борборлорун түзүү боюнча келишим түзүлгөн. 2018-жылы Кытайдын каражатына Тажикстанда терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча борбор ачылды. Washington Post гезити 2019-жылы Тажикстанда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун базасы жайгашып келгенин жазган. Акыркы жылдары 400 тажик офицери кытайдын жогорку аскердик окуу жайларында курстан өтүп келишти.
Албетте адал-арамды ылгабаган, кыймылдаган нерсенин баарын жеген кытайды, анын саясатын элибиз жек көрөрү анык. Ошондуктан Кытай бул «мүчүлүштүктү» жоюу үчүн сакафий жаатта иш-аракеттерди күчөттү. Мисалы элдик, коомдук каналдарда Кытай көрсөтүүлөрү, фильмдери берилиши ырбады. Андан тышкары, Си Цзиньпиндин мамлекеттик башкаруу жөнүндөгү китебин жана башка китептерди которуу, ар кандай илимий конференциялар, тарыхый изилдөөлөр шылтоосу астында Борбор Азия менен кызматташтыгын күчөтүп жатат. Мунун аркасында Орто Азия Кытайга таандык болгон деген пикирди жайылткысы келет. Албетте бул пикир расмий айтылбаса да жеке медиа булактары аркылуу байма-бай жарыяланууда.
Ошондуктан, Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, аскерий баскынчылыгына каршы туруубуз керек, бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл.
Тарыхта мусулмандар биригишип, Таластагы Атлас аймагында кытайлар менен салгылашып, аларды кууп чыкканы белгилүү. Ошондон тарта кытайлар миң жылдай Орто Азияга кадам шилтешпеген. Бүгүн да мусулмандар биригип бул душманга каршы турушпаса, өз-өзүнчө болууну токтотушпаса, Кытайдын мизин кайтаруу мүмкүн эмес. Бирок мусулмандарды эмне бириктирет, эмне эриш-аркак кылат? Демократиябы, мекенчилдикпи, улутчулдукпу? Бул идеялардын баары мусулмандарды бириктирүүгө эмес, тескерисинче ыдыратууга, бузууга кызмат кылбадыбы?! Демек, бизди бир гана Ислам бириктирет!!!
Мумтаз Маверанахрий