Дагы 163 миллион адам жакырлардын катарына кошулду

175
0

Дагы 163 миллион адам жакырлардын катарына кошулду

Оксфам эл аралык кайрымдуулук уюму COVID-19 эпидемиясы доорунда дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын жалпы байлыгы эки эсеге көбөйгөнү жана мунун каршысында жакырлардын саны да аябай көбөйгөндүгү тууралуу жаңы отчётун жарыялады. Отчётто келишинче, ачарчылык, саламаттыкты сактоо кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелгендиги о.э. климат өзгөрүшү жана зомбулук  себептүү дүйнөдө ар бир 4 секунд сайын 1 адам өлүп жатат. О.э. дүйнө жүзү боюнча адамдардын кирешеси азайгандыгы себептүү күн сайын эң жакыр адамдар арасынан 21000 адам өлүп жатат.

Оксфамдын Британиядагы жетекчиси Денни Шрискандаражанын айтышынча, COVID-19 учурунда жумуш орундарынын жабылышы себептүү 163 миллион адам жакырчылык чегинде жашаган адамдардын катарына кошулган.

“Жүз берип жаткан окуялардын масштабын элестетүү кыйын. Пандемия себептүү дээрлик күн сайын бир миллиардер пайда болуп жаткан болсо, ошол эле убакта эл аралык соода жана эл аралык туризм азайганы себептүү дүйнө калкынын 99 %ынын абалы начарлап жатат. Натыйжада 160 миллион адам жакырлардын катарына кошулду”, “Биздин экономикалык түзүмүбүздө (капитализмде) кандайдыр бир өтө чоң ката бар”, “Биздин адилетсиз экономикалык түзүмүбүз дүйнөлүк киризис маалында байлардын байлыктары көбөйүшүнө укмуштай салым кошту, а бирок жакырлар менен иши болбоду”, – деди Дэнни Шрискандаража.

Комментарий: Оксфам уюму бул отчёту аркылуу капитализмдин жараксыздыгы себептүү жүз берип жаткан кризисти пандемияга шылтамакчы болууда. Оксфамдын жетекчиси Дэнни Шрискандаража айтып жаткандай, “капитализмдин экономикалык түзүмүндө кандайдыр өтө чоң ката бар” эмес, бул түзүм өзү түп-тамырынан бери ката. Себеби, ал туура эмес негизге курулган.

Туура, пандемия капитализмдин кризисин бир аз тездеткен жана анын жараксыз түзүм экендигин адамдарга бир аз ачыктаган болушу мүмкүн, а бирок капитализм кризисинин негизги себеби өзүнүн табиятынан келип чыгат. Т.а. капитализм түзүмү байлар ого бетер байышына, кембагалдар ого бетер жакыр болушуна жол ачат. Себеби, бул түзүмдө дүйнө жүзүндөгү ресурстарды адамдар арасында туура бөлүштүрүү механизми жок. Дүйнө жүзүндөгү байлыктарды бөлүштүрүү “базар экономикасына” таштап коюлган, мамлекеттин жоопкерчилиги болгону мүлк эркиндигин коргоо. Мындай абалда кеңири мүмкүнчүлүккө ээ болгон аз сандуу адамдар бардык ресурстарды ээлеп, дээрлик 90% калк мындан куру калат.

Жогоруда айтылган “ар бир 4 секунда сайын 1 адам өлүшүнө жана оор экономикалык шартка түшүп бара жаткан адамдар күндөн-күнгө көбөйүшүнө” капитализм жоопкер экендиги айныгыс акыйкат. Адамдар ачкалыктан же саламаттыкты сактоо кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү жоктугунан өлүп жаткан бир учурда дүйнө байлыгын ээлеп алган байлар байлыгын өстүрүү менен убара. Капитализм түзүмү мына ошол аз сандуу капиталисттердин түзүмү болуп эсептелет. Ошондуктан, алар бул түзүмдүн кулашына тиш-тырмагы менен каршы чыгышууда. 

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here